Интернет акыркы кезде аябай өнүгүп, алысты жакындатып, көп маселени жеңилдетип калбадыбы. «Медалдын эки жагы бар» дегендей, андан жапа чеккендер да кездешет. Мисалы, мурдагы «тамашоучу» Зияш жакында Ош шаарындагы интернет клубдардын биринде отуруп унутуп электрондук почтасын жаппай кетип калган. Ошондон бери анын атынан бирөө кирип, интернеттеги досторуна бирдик салдырып, ар кандай уят сөздөр менен сөгүп жатыптыр. Капа болгон Зияш «эгер кимде ким менин атымдан сизден бирдик салып берүүнү өтүнүп жатса, ишенбей, жолуна салгыла» деп эскертет.