ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (5-августтан 11-августка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Акыркы убакта жашооңузга өзгөртүү киргизүүнү ойлонуп жүрөсүзбү? Ишенип коюңуз, баарын бир мезгилде өзгөртүүгө мүмкүн эмес. Көп санаа чекпей, убакыттын агымы менен боло туруңуз. Иште чечкиндүүлүгүңүз менен бирге иштегендерди таң калтырасыз. Каржы жааты кубандырып, самаганыңызды сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Шаршембиде шашылыш кабар менен жолго чыгууга, бейшембиде юридикалык маселеге аралашууга туура келет.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Тагдырдан өзгөчө бир нерсени күтө бербеңиз. Ойлогон нерселердин көбү ишке аша бербейт. Антсе да эс алууга убакыт табылат. Эмнени жасоону каалап жүрсөңүз, ошого киришиңиз. Кече же тойго каалагандай кийинип бара албооңуз мүмкүн, антсе да сиздин табышмактуулугуңуз элди тартып, тааныштарды табасыз. Апта ортосунда балдардын маселеси убакытты алат.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Көп ишке бир убакта киришпеңиз. Андан көрө бир-экөөнү гана сапаттуу бүтүрүү керек. Аптада акча талап кылуучу иш-чара чыгып, катышууга туура келет. Жеке жашоодо бойдоктордо жакында башталган романдар уланат. Баш кошууну пландагандар алдыга коюлган маселелерди чечүү менен алектенишет. Шейшембиде үй-жайды кеңейтүү жаатында үй-бүлө мүчөлөрү менен акылдашуу күтсө, жума күнү күтүүсүз жолугушуу кечеге айланат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Буга чейин маанилүү делген нерселер маанисин жоготот. Бул сиздин тилектердин ишке ашпай, депрессияга кабылууңуздан улам болушу мүмкүн. Планда жок иштер чыгып, көп убакыт менен күчүңүздү сарптайсыз. Капаланбаңыз, муну менен кошумча акча таба аласыз. Шаршембиде ишкер жолугушууга барып, жекшембиде достор менен эс аласыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Сүйүү жаңыча түргө өтүп, жаңыча мамиле жаралат. Жумушта кызыктай абалга кабыласыз: акчаны же уятты тандоо керек болот. Бирөөлөрдүн кысымына баш ийип чечим кабыл албаңыз. Аптада философиялык идеялар, башка элдердин маданиятына кызыгуулар жаралат. Бирөөлөргө берген убаданы аткаруу үчүн да чуркоо талап кылынат. Апта аягында сизди шоппинг күтөт, анткени акчалуу болосуз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Сизге кол сунган адамга бар же жок дегенден мурда кайсынысы туура болорун терең ойлонуңуз. Жеке жашооңузду жолго салбай туруп чоң иштерди бүтүрө албайсыз. Диета, пикникке чыгуу, сулуулук салонуна баш багууну пландоо ашыкча болбойт. Шейшембиде жетекчилик бир маселени кабыргасынан коёт, жай отуруп ачык сүйлөшүү кажет. Ишембиде алыстагы туугандар конокко келишет.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Өзүңүздөн да, үйдөгүлөрдөн да көптү талап кылбай туруңуз. Эс алуу көздөн учуп, ишке анча көңүл чаппай турганда жыйынтык ойдогудай болбойт. Досуңуздун таарынуусунун себебин дароо таба албайсыз. Акыркы күндөрү ал бардык нерсени жактырбай жүрөт. Жайына коюңуз, бир күнү өзү сыр төгөт. Апта акырында жагымдуу жолугушууга барууңуз, үйүңүздү оңдоп-жасооңуз күтүлүүдө.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Сүйүктүүңүздүн ички дартын, оюн угуп көрүңүз. Бул анын жан дүйнөсүн түшүнүп, мамилелердин ширелишине жол ачат. Кыска мезгилде арыктоону максат кылгандар оюнан кайтканы туура. Анткени организмге аптапта ансыз деле күч келип жатканын эске алыңыз. Убакыт таап, концертке же көргөзмөлөргө барыңыз. Шаршембиде күтүлбөгөн жаңылык кейитет.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада көрө албастар алдоого тырышышат, сак болуңуз. Үй-бүлөлүк бюджетти үнөмдөбөсөңүз, зарыл болгондо акча издеп каласыз. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн да керектөөлөрү көп чыгат. Дүйшөмбүдө эски тааныштар пайдалуу сунуш айтышат, ойлонуп көрүңүз. Бейшембиде стоматологго жазылууңуз мүмкүн. Жекшембиде көлмөдө же токойдо эс алууңуз ыктымал.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Каржы жааты кубандырып, баары ойдогудай болот. Жеке маселелер жана пландалбаган иштер чыгып, бир аз кейитиши мүмкүн. Чогуу иштегендер менен саякатка чыгууну пландооңуздар ыктымал. Апта карьерадан өсүүгө, жаңы билимдерди алууга ылайыктуу. Бир көрүп сүйүп калууга ишенбесеңиз, жашоо өзү апта ортосунда кездештирет. Апта акырында жакындарыңыздын бирине белек тартуулайсыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Акыркы убакта өзүңүз менен өзүңүз болуп, эки жакка чыкпай калдыңызбы? Баары өз колуңузда экенин эске алып, элге аралашып, туугандардыкына барыңыз. Сиз менен убакытты бирге өткөзсөм деген адамдын ою менен болгон деле дурус. Шаршембиде олжо күтө берсеңиз болот. Бейшембиде кол эмгеги менен бир нерселерди жасап, андан рахат аласыз. Жекшембиде кандайдыр бир иш-чарага барууга туура келет.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Достор кеңеш жана жардам сурашат. Кол сунуңуз. Табият коюнуна чыгып, шишкебек жасап бериңиз. Машина айдоого кызыгып жүргөндөргө курска тапшырууга ылайыктуу мезгил. Жакшы көргөн адамыңыз сиз күтпөгөн жорук жасап, бир аз иренжитиши мүмкүн. Шейшемби – жол жүрүүгө кооптуу күн, абайлаңыз. Жума күнү күтүүсүз жагымдуу окуя шаштыңызды алат. Ишембиде документ иштерин бүтүрүү үчүн бирөөлөрдү ортого саласыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 561, 2-август-8-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан