ӨКҮЛ АТА ӨЗ АТА, ӨЛҮП КЕТСИН КАЙНАТА...

Кыргызда кызды күйөөгө узатып жатканда өкүл ата, өкүл апа шайлап берүү салты бар эмеспи. Бул салттан биздин шоу-бизнес жаатындагы белгилүү адамдарыбыз сыртта калышкан эмес. Ким кимдин өкүл баласы же өкүл атасы экенин төмөндөн билип алсаңыз болот.

Айбекти өкүл ата кылсаң, арманда калбайсың

Айбек Карымовдун өкүл атасы белгилүү жазуучу, “Министрдин кызынын махабаты” чыгармасынын автору ыраматылык – Бекмырза Рахман уулу. Ал эми Айбек 5 үйбүлөгө өкүл ата болуп, аталык милдетин аткарууда. Бул үйбүлөлөрдүн арасында “Жийде” тобунун ырчылары, жубайлар Нурмат менен Гүлбарчын бар. Айбек мырза бардык өкүл балдары менен жакшылык-жамандыкта катышып, колунан келген жардамын берип турат. Ырчы үчүн балдардын баары бирдей. Өкүл балдарын чогултуп, бири-бири менен тааныштырып да койгон. Бир гана өкүл баласы менен жакындан тааныша элек, себеби ал Таласта жашайт.


Өкүл балдарынан башы айланган Ибрагим

ЖКнын депутаты жана ырчы Ибрагим Жунусов бүгүнкү күндө 24 бүлөнүн өкүл атасы. Депутат акебиздин өкүл балдарынын арасында кыргызга төбөсү көрүнүп калгандары – Эмил Балтагулов, Майрамбек Осмонов, Эрнист Кыязов. Калган өкүл балдары деле жеке ишкер, мамлекеттик ишмер, карапайым дыйкан, мугалим, кыскасы, ар кайсы кесиптин ээлери.
Депутат балдарынын көптүгүнөн башы айланат. Кээде өкүл балдары “ата, мен өкүл балаңызмын, бизде бир маселе болуп жатат, жардамдашып коюңузчу” деп телефон чалышат. Анда өкүл ата “сенин атың ким эле, кайсыл жактагы баламсың?” деп сурап, өкүл балдарын таарынтып алган учурлар да болгон. Ошентсе да депутат «өкүл балдарыма татыктуу ата болгонго аракет кыламын» дейт. Анткени алар балалуу болушса кубанып, жубайы экөө төрөт үйүнө чейин чуркап барышат. Учурда “баатыр” өкүл ата “сизге өкүл бала болоюнчу” деген сунуштардан качып жүргөн чагы.


Урмат Өкүл ата болууга дайым даяр

Кош жылдыз Урмат Усенов менен Нелянын өкүл атасы “Кайып булак”, “Достор” тасмаларынын продюсери жана режиссёру – Рысбек Жабиров. Рысбек менен бал шириндер “Кайып булак” тасмасына тартылуу кезинде таанышышкан. Ошондо Урмат режиссёрдун адамгерчилигин, өз жумушуна так болгон сапатын жактырып, «үйлөнсөм, ушул кишини өкүл ата кылам» деп ичинен тилек кылып койгон. Ошентип, Урмат үйлөнүп, баягы тилек кылган өкүл атасын шайлап алды.
Учурда бул эки үйбүлө аябай катышып жаткан кези. Урматка караганда өкүл ата, өкүл апасы Неляга жакыныраак. Анткени учурда өкүл кыз кош бойлуу болгондуктан, бат-баттан кабар алып, Нелянын ден соолугун сурап, кеп-кеңешин берип жатышат. Урмат менен Неля Рысбектин үчүнчү өкүл баласы болсо, өздөрү да үч өкүл балалуу болгонго жетишкен. Эгерде Урмат Усеновду «өкүл ата кылам» десеңиз, эч каршылыгы жок. Болгону, чегине жеткенде өкүл ата болууну токтотот.


Бекке жаксаңыз, өкүл бала кылып алат

Обончуларга биринчилик орунун бербеген Бек Борбиевдин өкүл атасы токтогулдук кошунасы – Болот аттуу аксакал. Ырчы өкүл атасынын дайыма ал-акыбалын сурап, кабар алып турат. Ал эми өзүнүн өкүл балдары бешөө. Алардын ичинде элге белгилүүсү – куудул Санжар Бердибеков. Санжар баласынын атын Берадор деп, өкүл атасынан атынан коюп, өкүл атасы 100 долларлык коляска белекке берген. Бек мырза “өкүл ата болуу үчүн чоң жоопкерчилик талап кылынгандыктан, кийинки «өкүл бала болом» дегендерге ойлонуп көрүп, анан макулдугумду берем” дейт. Демек, ырчы менен ма­милеңиз кели­шип, ага жак­са­ңыз, анда Бек мырзанын өкүл баласы боло аласыз.


Бактыярды өкүл апасы жактырып...

“Биз” тобунун жетекчиси Бактыяр Токторовдун өкүл апасы – Күлүйпа Керимбаева. Ырчы айым «Бактыяр, үйлөнгөндө менин өкүл балам болбойсуңбу?» деп өзү сунуштаган.
Бактыяр аябай бактылуу өкүл бала экен. Анткени ал кыздуу болгондо өкүл апасы кызына ат коюп, белекке үй берген.
Бактыярдан «өкүл бал­да­ры­ңыз барбы?» деген биздин сурообузга “Лейлекте өкүл ата, өкүл бала деген түшүнүк жок. Күлүйпа эже мени жакшы көрүп эле өкүл бала кылып алган. Мен да тарбиялап жаткан балдарымды өкүл бала кылып алам го” деген жооп алдык.


Кимде канча өкүл ата бар?

Камчы Сарыбаевдин өкүл атасы “Өмүр” тобунун жетекчиси – Камчы Жунушов.
Максат Бегалиевдин өкүл атасы экс-президенттин уулу –Айдар Акаев.
Ортодо калган өкүл ата
Клара Алибекова менен Байыш Момуновдор баш кошуп, элге дүркүрөтө той бергенде Расул Маматкуловду өкүл ата кылып шайлашкан эле. Буга сүйүнгөн Расул агабызды «аларга үй алып, дүкөн ачып бериптир» деген сөздөр тараган. Андан көп өтпөй эле эки жылдыз эки тарапты карап кетишти да, ортодо өкүл ата баласыз калып калды.

Кимде канча өкүл бала бар?

Жеңишгүл Өзүбекованын 15;
Бактыбек Мамытовдун 5;
Асылбек Өзүбековдун 3;
Съездбек Искеналиевдин 4 өкүл баласы бар.

Өкүл атадан да, баладан да куру калгандар

Каныкей Эралиевада бир да өкүл бала жок.
Керим Тураповдун өкүл баласы да, өкүл атасы да жок.
Айчүрөк Иманалиева менен Жылдыз Тутуева­ да өкүл атадан куру калган.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aiklaus
2009-08-13 18:53:48
Bisde emne al tuugan isdemei anan kolunda bar,shakshy ishi bar kerektuu adamdar gana okul ata okul apa bolot da.Paidasy shokzordu ech kim okul ata ene kylbait.Ha ha ha
+1
№ 353, 7-13-август, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан