Ыйык Куранда миң айдан жакшы деп айтылган Кадыр түндү ар ким ар кандай өткөрүп келет. Мухаммед пайгамбар «ким Кадыр түндүн сообуна ишенүү менен чын ниеттен өткөрсө мурунку күнөөлөрү кечирилет» деген. Бул сөз сыналгы көрүп же башка нерсе менен алек болуп эмес, Кадыр түндү Жаратканга ибадат кылып, кечирим суроо менен өткөрүү деген маанини билдирет.
КАНДАЙ ТИЛЕК МЕНЕН ТОСУУ КЕРЕК?
Кадыр түндө Жараткандан бүткүл мусулмандардын күнөөлөрүнүн кечирилишин тилешибиз керек. Бул түндүн жакшылыктарга себепкер болуусун, достук, бир туугандык, биримдик ымаласынын күчөшүн, мусулман дүйнөсүнүн ынтымагына жана бүткүл адамзаттын түрдүү балээ-кырсыктардан алыс болуусу үчүн дуба-тилек кылуу менен өткөрүү зарыл.
ЭМНЕ ҮЧҮН БЕРИЛГЕН?
Мухаммед пайгамбарга өзүнөн мурда жашап өткөн адамдардын өмүрү узак болгондугу көрсөтүлгөн эле. «Узак жашаган мурдагы үммөттөрдүн жасаган жакшы иштерин кыска өмүрлүү менин үммөттөрүм кантип жасаганга үлгүрөт?» деп пайгамбарыбыздын көңүлү жай алган эмес. Ошол кезде Алла пайгамбарыбызга жана үммөттөрүнө миң айдан да жакшы, сооптуу болгон Кадыр түндү белек кылган.
ОРОЗОНУН 27-КҮНҮ ТОСУЛАТ
Мухаммед пайгамбардын көрсөткөнү боюнча, Рамазан айынын жыйырмасынан кийинки так түндөрүнөн (21,23,25,27,29-түндөрү) Кадыр түндү издөө зарыл. Ошентсе да кылымдардан бери келе жаткан исламдык каада катары, көп учурда мусулмандар Рамазан айынын жыйырма жетинчи түнүн Кадыр түн иретинде тосуп келишет. Бул жөнүндө пайгамбарыбыздын «араңардагы кээ бирөөңөрдүн түшүндө Кадыр түн алгачкы жетиде көрсөтүлдү, кээ бирөөңөргө акыркы жетиде көрсөтүлдү. Силер аны акыркы ондон издегиле» деп айткан.
Айбала Эргешов
koom@super.kg