Жаш, жумушуна так «тамашоучу», алпаруучу Нурсултан Майназаров бүгүн өзү жөнүндө кеп салмакчы.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 29-октябрь
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – Ататүрк Ала-Тоо университетинин инженер-менеджер адистигин аяктаган
Бою – 170 сантиметр
Салмагы – 65 килограмм
Хоббиси – сууда сүзүү
Учурда – радио-телеалпаруучу, «Тамашоудогу» «Тамадалар» командасынын оюнчусу
«ҮЙ-БҮЛӨМ...»
– Атам Ажыбек Майназаров грек-рим күрөшү боюнча СССРдин чемпиону. Апам Бактыгүл үй кожойкеси. Экөө тең менин тандоомду сыйлаган адамдар. Спорт менен машыккангабы, балалыгымда бир аз тентегирээк, кээде мушташып коймой жайым бар эле. Үй-бүлөдө 5 баланын улуусумун. Менден кийин Сабыр, Кенжетай, Иса, Муса деген инилерим бар. Ата-энемдин акылдашкан адамы, инилеримдин насаатчысымын. Кандай маселе болбосун мага келип айтышат, менин ой жүгүртүүмдү, адамга адеп-ахлак жөнүндө терең түшүндүрүүмдү үйдөгүлөр аябай баалашат. Ошондуктан жакындарымдын арасында сыйлуу адаммын десем болот.
«ДОСТУККА БЕКЕМ ЭРКЕКМИН»
– Досторум көп. Алардын арасында аябай шайырмын. Кадамжайдагы кыргыз-түрк лицейин аяктагам. Бирге окуган классташтарым мен үчүн эң жакын адамдар. Биз бир бүтүндөйбүз, андан сырткары «Тамашоудогу» жигиттер менен мыкты достордонбуз. Адамдын жакшы мамилесин сыйлаган, достукка бекем эркекмин.
«МЕНИН СҮЙҮҮМ...»
– Көп убакыттан бери сүйлөшүп жүргөн кызым бар. Ал менин биринчи жана акыркы тандоом. Акылдуу, ыймандуу, тил десе тилди билген, үй жумушун мыкты аткарган кыз. Буюрса, 2 жылдан кийин жакындарыбыздын уруксатын алып баш кошобуз. Кыз баланын адептүү болгону мен үчүн чоң мааниге ээ. Менде бардык сапаттар бар, кызуу кандуулук да, иш билгилик да, кыялкечтик да. Бирок ачылып-чачылып эле жүрө бербей, керектүү жерде бул сапаттарымды аз-маз колдонуп коём.
«МАГА ЖАККАН КЫЗДАР...»
– Жүрүш-турушу талапка ылайык, аң-сезими бийик, алдыга койгон максаты меники менен дал келген кыздар жагат. Аялзатына ашыкча сулуулуктун кереги жок. Себеби аялзатынын турган турпатынын өзү сулуу. Мен кыздар менен сүйлөшүп, бат-баттан аларды алмаштырган балдардан эмесмин. Татыктуу, ыймандуусун таптымбы, болду.
«ЖУМУШТА...»
– Убакытка так, дайыма жаңы нерсени үйрөнүүгө даяр турган кызматкермин. Мага аткарып жаткан жумушум укмуштуудай рахат алып келет деп айта албайм. Бирок алпаруучулуктан инсан катары калыптанам деген ойдомун. Бул жумушту аркалап калышыма көп адамдар жардам берген. Алардын алгачкысы Нурзат Токтосунова. Ал менин алгачкы устатым. 3-курста окуп жүргөндө Нурзат эжеге жолугуп, теле тармагында иштегим келерин айтсам, ал мени «Достук көпүрөсү» телеберүүсүнө чакырган. Ошентип көгүлтүр экрандан чыга баштагам. Ушуга чейин жалаң түз эфирде иштедим. Бул менин жетишкендигим десем болот. Мындан сырткары шербет чыгарган ишканада сатуу тармагынын жетекчиси болуп эмгектенем. Бул алган билимиме тиешелүү тармак. Ал жерде адамдар менен тил табыша билген, токтоо, жоопкерчиликтүү жигитмин.
«КЕЛЕЧЕКТЕ...»
– Келечекке койгон максаттарым аябай көп. Алардын бири – миллионер болуу. Заңгыраган үй салып, элде жок машина айдаш үчүн эмес. Менин акчага умтулганымдын бир гана себеби бар. Ал студенттердин ой жүгүртүүсүн, билимин өстүрүү. Буюрса, тапкан акчамдын дээрлик бардыгын ошого жумшайм. «Мамлекеттин келечегин көргүң келсе, анын жаш муунуна көз чаптыр» дейт эмеспи. Биздин азыркы муун анчейин чоң үмүттөрдү жаратчудай эмес. Албетте, арасында билим менен адепти тең алып жүргөн мыкты жаштар да бар. Кыскасы, Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн болгон күчүмдү жумшоого даярмын. Мекенимден эч жакка кетпейм. Алган билимимдин, тажрыйбамдын пайдасы ата журтума гана тийсе дейм.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg