– Окууга өткөнүн го өттү, кызыбыз. Эми шаарда кимдикинде жашайт?
– Койчу, кемпир, кайра баштадыңбы баягыңды? Кызым мени тарткан, көрдүңбү, район боюнча эң жогорку балл менен окууга өтүп кетти. А сен болсо кантип жашайт деп жүрөсүң. Шаардагы квартиранттарды кууп чыгам да, кызымды киргизем. Өзүбүздүн үй го акыры.
– Бир нерсе болсо эле ошол эки бөлмөлүү үйүңө жабышасың. Менин бөлөм жашап турса эмне болот эле? Убагында анын жардамын көп эле көргөнбүз. Тар үйгө тамаша болуп кызың да барып алса болбойт, жатаканадан орун таап берем.
– Ээ, билгениңди кылчы. Өзүмдүкүнө өзүм ээ боло албайм...
Атам менен апам окууга өткөнүмө бир кубанса, «Эми кайда жашайт?» деп бири-бири менен тил табыша албай убара тартып калышты. Талашып-тартышып отуруп ЖОЖго барчу күнүм да жакындап калды. Таякем келип «үй өзүңөрдүкү, азыр эки небере менен жеңең экөөбүз элебиз, бир бөлмөнү Кундузга бошотуп даярдап койдук» деп мени алып кетти. Ошентип, апамдын агасы менен чогуу жашап калдым.
Таажеңем таякемдин экинчи жубайы, биринчи аялы оорудан каза болуп калган. Көп жылдан кийин балдары «ушул эже бизге апа болот» деп Райхан жеңебизди алып беришкен. Жеңебиз чын эле жакшы чыкты, таякеме күйүмдүү, анын төрт баласына да мээрим төгүп мамиле жасайт. Өзүнүн бир уул, бир кызы бар экен, биринчи күйөөсү каза болуп калыптыр жол кырсыгынан. Мен окуудан келгиче үйдү зымылдатып коёт, тамак даяр, үй жыйналуу. Өзүмдүн бөлмөмө кирем да, сабак даярдап отура берем. Дем алыш күндөрү кол кабыш кылып, кээде неберелерин бакчадан алышып турам. Ошентсе да таякем «Кундузга жумуш жасатпа, окуусун биринчи орунга койсун» деп турар эле. Жеңем экөөбүз кээде сырдашып калабыз, «сендей келиним болсо кана» деп айтып ийди бир күнү. «Мен жашмын, коюңузчу» деп кутулуп кеттим.
Ошентип, 1-курсту да бүтүп калдым, 2-курста кайра камыр-жумур болуп баягы эле үйдө жашай баштадым. Бир күнү сабактан келсем, кире бериште чоочун бут кийим турат. Конок келген го деп ойлодум.
«Мен келдим, ким бар?» десем ичкериден жооп болбоду. Ашканага кирдим, эч ким жок. Өзүмдүн бөлмөмө кирдим, менин диванымда бирөө жатат, жеңем окшойт, кээде ушинтип жатып алчу чүмкөнүп, таякеме таарынганда.
Жаңы эле ашканадан оозума конфет салып алган элем, кыңылдап ырдап жатып чакап кеттим. Күзгүдөн мени карап турган баланы көрүп бакырып алдым, жүрөгүм түшүп калды.
– Аа-аа!
– Коркпо, сен кимсиң?
– Сен кимсиң деп коёт! Сен кимсиң?
Калтырап турган мени көрүп каткырып алды.
– Кечир, карындаш, катуу чочутуп алдым окшойт.
– Каяктан кирип алдың? Ууру дейин десем окшошпой турасың...
– Ууру? Ха-ха, Райхан эженин баласымын.
– Кайсы Райхан?
– Сага ким болот, жеңең болобу, ошонун баласымын. Таякең болом!
– Менинби?
– И да...
Менин таңыркаганым дале калбады. Эркин менен ушинтип тааныштым. Дароо эле тил табышып кеттик. Бир убакта жеңем келди күйпөлөктөп, «Ай, курсагыңар кантти,
тааныштыңарбы?» деп. Айтып берсек күлүп эле калышты кыраан каткы түшүп. Эки жыл жашап бир да жолу жеңемдин баласын көргөн эмес экенмин, бир убакта эле пайда боло калганы мага табышмак эле. Эки жумага келгенин айтты, себебин сураган деле жокмун.
– Эй, колунан китеп түшүрбөйт экен да. Сейилдеп мээңди сергитпейсиңби?
Жеңем тамак жасап, мен китеп кармап отургам, Эркин кирип келип мага тийишип калды.
– Сен менин китеп окуганыма эмес, жеңемдин жанында болгонума ичиң тарып жатат!
– Кайдан билдиң?
Эркин күлүп жиберди, ошол замат мен жеңемди кучактап алдым.
– Бул аял меники, экинчи апам! А сен...
– Э, э, тарт колуңду апамдан, меники!
Экөөбүздүн тартышыбызды жеңем жеңип кетти.
– Мен экөөңдүн тең энеңермин!
Эркин абдан шайыр бала экен, ашыкча бир сөз айтсам эле көтөрүп алат да, «азыр ыргытып жиберем» деп коркутат. Ошентип кызыктуу күндөр өтө берди, бир тууган байкем жок болгондуктан, менден бир жаш улуу болгонуна карап байке деп алдым. Чын эле мен аны агамдай көрчүмүн. Эки жумасы да бүтүп, бүгүн кетмек. «Брат, жакшы бар» деп СМС жазып ийсем кайра жооп келди, «кетпейм, карындаш, дагы бир жума жиниңе тием» деген.
Баары ошол СМСтен башталды, ойноп ар кайсыны жазышып отуруп эле бир убакта «Жеңеңди кайненеге айланталыбы?» деген билдирүүсү мени таң калтырды. Эмне деп жооп береримди билбей калдым, жоопсуз калтырдым, ал да үн катпады. Үйгө келдим, бири-бирибизди тиктей албайбыз. Бөлмөмдөн чыкпай отурам, ушул эки жума убакытта эле кантип жакын болуп кеттик? Мен агамдай көрүп баштаганда арзуусун айтып жибербедиби, эми кантем?..
Дагы үч күнгө созулду жеңемдин баласынын биздин үйдө жүрүшү. Мурдагыдай тамашалашпай калдым, тамак ичип отурганда курч каректери менен тиктеп отура берет, кээде какап-чакап кетем, кээде мен да тике карайм көзүнө. Эч сүйлөшпөй калдык, көзү менен гана бир нерселерди түшүндүрөт, мен текеберленем, карагым келбейт. Жаныбыздагылар бизди байкабады, балким, байкаса да эмне кылмак? Үйдөгү кичинекей кыздан конфет бердирди, «жебейм» дедим дароо эле.
– Эркин байкем жесин деди, сыртын ачсын деди эле.
– Э, өзүң жей берчи, жебейм,- десем кичинекей да, томсоро түштү сиңдим. Алдым, «Чупа-Чупсту» эч жегим келбейт, жанымдагы кичинекейдин чогуу жейбиз деп турганын көрүп айла жок жеп отурабыз. Телефондо СМС. «Таарынба мага, кичинекейим, бала мүнөздүүм менин, сага азырынча момпосуй гана жарашат, убакыт келет, шакекке айланат» деп жазып ийиптир. Тимеле мунун мужественныйлыгын карасаң!..
Анткен менен менде деле ага болгон жактыруу сезими пайда болуптур. Аны жашырбайм, ал азыр башка өлкөдө иштеп жүрөт, экөөбүз интернеттен жазышып турабыз. «Жакында барам» деген сайын жүрөк дүкүлдөп жатат...
Кундуз
Жаңыл Калыкова