ХЭМИЛЬТОНДУН АЛГАЧКЫ ЖЕҢИШИ

28-июлда автожарыштардын Формула-1 классы боюнча Дүйнө чемпиондугунун кезектеги жарышы – Венгриянын баш байгеси болуп өттү. Сезондогу 19 жарыштын 10-жарышында британиялык Льюис Хэмильтон («Мерседес» командасы) жеңишке жетти. Бул британиялыктын сезондогу алгачкы жеңиши. Мара сызыгына экинчи болуп австралиялык Кими Райкконен («Лотус») келсе, үчүнчүлүк германиялык Себастьян Феттелге («Ред Булл») буюрду. 10-жарыш автожарышчылардын жеке көрсөткүчтөрү боюнча ээлеген ордуларын дээрлик өзгөрткөн жок. Сезондо топтогон упайлардын саны боюнча негизги бештик төмөнкүчө:
1. Себастьян Феттель (172 упай, «Ред Булл»)
2. Кими Райкконен (134, «Лотус»)
3. Фернандо Алонсо (133, «Феррари»)
4. Льюис Хэмильтон (124, «Мерседес»)
5.Марк Уэббер (105, «Ред Булл»)

Айбала Эргешов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 561, 2-август-8-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан