Валериянын жолдошу Иосив Пригожин өзүнүн сүйүктүү жубайына эң оригиналдуу белек жасады. Орустардын биринчи каналындагы «Старые песни о главном» аттуу телепрограммага ырчы жолдошу белек кылган 10 миң евро турган өтүгүн кийип чыкты. Пригожин хрусталга окшогон өтүктү жубайына билгизбестен заказ кылган. Кооз таштары жалтыраган өтүктү продюсер каталогдон көрүп, жактырып калган да, баасынан чочулабастан Валерияга белек кылууну чечкен. Жолдошунун мындай белегин ырчы кубануу менен кабыл алды. Анын бутундагы өтүгүнө бирге иштешкендери да көздөрүнүн кыйыгы менен карашып, баа берип жатканы байкалды.
ЕСЕНИНДИН ЭСТЕЛИГИНЕ СЕРГЕЙ БЕЗРУКОВ
200 МИҢ РУБЛЬ ЖУМШАДЫ
Сергей Безруков Россиянын Воронеж шаарына шаардын мэринин чакыруусу менен барды. Актёр Воронежден жазуучунун эстелигин орнотконго орун тандайт. Есениндин эстелиги аталган шаарда тургузулуп жатканы көпчүлүктүн кызыгуусун жаратууда. Анткени, жазуучунун турмушунун бул шаар менен эч кандай байланышы жок. Ошентсе да Есениндин Воронежде музейи бар. Жергиликтүү телевидениенин режиссёру Владимир Паршиков жазуучу тууралуу кино тарткандан кийин музейдин директору Егор Иванов экөө акындын эстелигин орнотууну чечишкен. Бул чечимди «Есенин» фильминдеги Есениндин ролун аткарган Безруков менен шаардын мэри колдогон.
Сергей өзүнүн чөнтөгүнөн эстеликти кооздогонго 200 миң рубль чыгымдаган. Эстелик бүткөндөн кийин ал жерди «Есениндин аллеясы»деп атоону суранган. Мындан тышкары Сергей Безруковдун алдыдагы максаты Пушкиндин ролун жаратуу экени көпчүлүккө маалым болду.
ПЬЕР РИШАР «УМАТУРМАН» МЕНЕН ИШТЕШЕБИ?
Октябрдын ортосунда «Уматурман» тобунун солисттери Франциянын борбору Парижге жөнөшөт. Ал жактан «Париж» аттуу ырына клип тарттырышат. Видеоклиптин режиссёру «Такси» деген Франциянын популярдуу киносунун автору Жерар Кравзик. Топтун солисттери бул режиссёр менен буга чейин иштешкен. Тактап айтканда, жакында алар француздардын көп сериялуу киносуна тартылышкан. Киного тартылуу учурунда алар белгилүү француз актёру Пьер Ришар менен таанышууга жетишишкен. Музыканттарга комедия жылдызы абдан жаккандыктан, алар француз актёрун клипке тартылуусун суранышкан. Пьер ойлонбостон макулдугун берген. Россиядагы белгилүү топтордун бири «Уматурмандын» клибине тартылууга Пьер Ришар бир нече күнгө Москвага келет. Анткени, клиптин сценарийи боюнча актёр шаардын көчөлөрүндө сейилдеп жүргөн болот.
СЕРГЕЙ ЖИГУНОВ АЖЫРАШУУГА КАМДАНУУДА
Белгилүү актёр, продюсер Сергей Жигунов жубайы Клара Новикова менен ажырашканы турат. Мындай кадамга Жигунов «Менин сүйүктүү бала багуучум» деген сериалга бирге тартылган Анастасия Заворотнюкка ашык болуп калганынан барып жатканы анык. Сергей менен Кларанын бирге түтүн булатып келатканына 20 жыл болгон. Экөөнүн ортосунда Мария аттуу кызы бар. Жакында берген интервьюсунда Клара Сергей менен ажырашканга макул эместигин жана бул убактылуу нерсе экенин айтып, үйбүлөсүн сактап калганга аракеттенээрин баса көрсөткөн. Ал эми Анастасия Заворотнюк жакында өмүрлүк жолдошу, режиссёр Дмитрий Стюрков менен ажырашканы тууралуу маалымат бар. Дмитрий менен Анастасиянын ортосунда 9 жаштагы Анна аттуу кызы жана 5 жаштагы Майкл аттуу уулу бар. Учурда Анна менен Майкл апасынын иштен колу бошобогондуктан, таенесинин колунда тарбияланышууда.
НЕЛЛИ УВАРОВА ТУУЛГАН ЖЕРИН
УНУТПАГАНЫН ДАЛИЛДЕДИ
«Не родись красивой» аттуу учурдун популярдуу телесериалында башкы ролду аткарган Нелли Уварованын канында кавказ каны бар экени көпчүлүккө маалым эмес. Анткени, апасынын канында грузин каны да бар. Актриса Грузиянын Тбилиси шаарында төрөлгөн. Нелли өзүнүн туулган жерин унутпастан, октябрь айынын ортосунда мекенине барууну пландаштырууда. Ал эми актрисанын популярдуулугун билген жердештери аны чыдамсыздык менен күтүшүүдө. Неллини көпчүлүккө таанымал кылган «Не родись красивой» аттуу сериал Грузияда көрсөтүлгөн эмес. Антсе да көпчүлүк жердештери анын ийгилигинен кабардар. Нелли 14 жашка чейин Тбилиси шаарында жашап кеткен. Белгилүү актриса бала кезинде отургузган дарак учурда шаардын көркүн ачкан дарактардын бири болуп эсептелет.
Даярдаган Жаркынай Нусубалиева