5-октябрда аншлаг менен өтөрү күтүлүп жаткан Кличко-Поветкин беттешине атаандаштар кандай даярдык көрүп жатышат? Орусиялык Александр Поветкин Кыргызстанда тынч машыгуу сборунда жүрсө, украиналык Владимир Кличко Испанияда чырга аралашты. Тактап айтсак, Испанияда түнкү клубдардын биринде британиялык мушкер Дерек Чисора менен мушташып кетип, клубдун күзөтчүлөрү ажыратып калышкан. Мушташ Чисоранын Владимирдин бетине суу бүрккөнүнөн улам келип чыккан. Европалык басылмаларда көрсөтүлгөндөй, мушкерлердин ортосундагы чырдын түйүнү 2013-жылдын февраль айына барып такалат. Эске салсак, 18-февралда Дерек Чисора Кличколордун улуусу Виталий менен беттешер алдындагы жолугушууда аны жаакка чаап, Владимирдин бетине суу бүрккөн. Бул кылыгы үчүн жаза катары бокс уюмдары Чисораны боксчу лицензиясынан ажыратышкан. Бул маалыматты Владимир Кличко четке кагып: «Мен профессионал боксчу катары рингден сырткары бирөөгө муш көтөрбөйм. Чисоранын «психикалык оорусу» жөнүндө эч нерсе айта албайм»,- деген.Бокс дүйнөсүндө дагы бир чыр орусиялык Денис Лебедев менен панамалык Гильерме Жонстун ортосунда башталат өңдүү. Эсиңизде болсо, 17-майда бул мушкерлердин беттеши 11 раундга созулуп, орусиялык мушкердин көзү көрбөй калганы үчүн беттеш токтотулган. 41 жаштагы Гильерме Жонстун Денистин бир канча таамай соккуларына туруштук бергени «ал допинг колдонушу мүмкүн» деп шек жараткан. Орусиялык тараптын үмүтү акталып, панамалыктын канынан колдонууга тыюу салынган фуросемид заты табылган. Эгер 5-августка чейин Гильерме Жонс допинг текшерүүдөн өтпөсө, чемпиондук курдан кол жууп калат.
Айбала Эргешов
sport@super.kg