МАРАДОНА ТОПТУ ЭМЕС, КИШИНИ ТАБАРСЫККА ТЭЭП...

Марадона жүргөн жерде чырды жолуктуруу кадимки көрүнүш болуп калганын журналисттер жакшы билет. Санап өтсөк, 1994-жылы футболчу өз ишин аткарып жүргөн журналисттерди курал менен коркутуп, бул тентектиги үчүн 2 жылга шарттуу түрдө кесилген. 2010-жылы унаа менен журналисттин бутун тебелетип кетсе, үстүбүздөгү жылдын май айында аны аңдып жүргөн папараццичилерге таш менен чабуул койгон. Быйыл 28-июлда болсо Энрике Медина аттуу сүрөтчү полицияга Марадонанын үстүнөн арыз жазды. Себеби легендарлуу экс-футболчу жана машыктыруучу аны табарсыкка тээп салган. Окуя Марадонанын атасынын үйүнүн жанында, Буэнос-Айресте катталган. Сүрөтчүнүн айтымында, Марадона айып сокку тепчүдөй болуп топко чуркап келип, аны табарсыкка тепкен. 29-июлда Марадонанын жактоочусу жабырлануучуга чалып, жолугуп сүйлөшүүнү сунуштаган. Эмне дейбиз, дон Диего? Бул кадамдарыңыз сизге абийир алып келбейт го...

Айбала Эргешов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
talas-1985
2013-08-05 10:21:24
финт кылам десе керек да,,
+1
Boru87
2013-08-05 10:49:10
Анан тиги сүрөтчү арыз жазбай эле кызыл карточка көтөрүп койсо болмок экен хехехе))
+1
bekbolot-NOOKAT
2013-08-06 06:34:40
Атын чыкпаса жер ортто деген болуптур да ээ.. бирок Макени баары тааныйт))го
+1
ya_samat
2013-08-08 21:07:19
ошончо аты чыккандан кийин болду кылсада болмок,фотографтын табарсыгын жон эле койбоптур.баарынан кызыгы суротго алып жетишти бекен а,топ озуно келгенче
0
omurbek9393
2013-08-12 06:56:35
Бир себеп болсо керек бирок жаш баланын ишине окшоп калыптыр.
0
aigerimarslan
2013-08-17 18:39:39
Марадонна озуно ылайык топ табыптырда болгондода жубу м-н хаха.
0
№ 561, 2-август-8-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан