МӨМӨ-ЖЕМИШ БАКТАРЫНА КАМ КӨРҮҮ

Август – мөмө-жемиш бактары менен бадалдарды кышка камдоого аракет көрүлүүчү ай. Себеби кийинки жылдын түшүмү быйыл жасалган иштен көз каранды.

КЫШКА ДАЯРДЫКТЫ АВГУСТТАН БАШТАҢЫЗ

  • Августтун биринчи жарымында абдан кургакчылык болсо, анда мөмө-жемиш бактарын кандыра сугаруу зарыл. Эгер бактардын түбү ным болсо, сугарбоо керек. Анткени бул айда мөмө-жемиш дарактары өсүүсүн токтотуп, мөмөлөрүнүн бышып жетилүүсүн камсыздайт.
  • Шагы ийилген бутактардын алдына бутак сынып кетпеш үчүн тирөөчтөрдү коюу кажет. Бутакка зыян келбеш үчүн бутак менен тирөөчтүн ортосуна жумшак материал салуу сунушталат.
  • Жерге түшкөн мөмөлөр жана жалбырактар чирип, ар кандай оорулардын жайылышына жол ачат. Ошондуктан түшкөн мөмөлөр менен жалбырактарды убагында чогултуп, чыгарып, бактын тегерегинде чирүүсүнө жол бербөө керек.
  • Эрте бышуучу мөмө-жемиш бактарынын түшүмү жыйналып бүткөндөн эки апта өткөндөн кийин бактын өсүүсү жанданат. Ушул учурда бактын түбүн жумшартып казып, органикалык жер семирткичтер (өсүмдүктүн чириндилери жана кык) менен азыктандырса, бактын жашарышына жакшы шарт түзүлөт. 1 чарчы метр жерге 4-5 килограмм өлчөмүндө кык же чиринди жетиштүү.
  • Августтун соңунда мөмө-бактарды фосфор жана калий менен азыктандыруу алардын кыштын суугунан жапа чекпей чыгуусуна жардам берет. Бул үчүн бир түпкө 20 грамм суперфосфат менен 5 грамм калийдин тузун 10 литр сууга аралаштырып сугаруу туура.

КАРАГАТ, МАЛИНА ЖАНА КУЛПУНАЙ...

  • Августта карагат менен малинаны жыйноо иштери улантылат. Ушул учурда сугарууну токтотуу зарыл. Бул алардын мөмөлөрүнүн кургак жана таттуу болушун камсыздайт.
  • Карагаттын мөмөлөрүн чогултуп алгандан кийин дароо кыркуу иштерин жүргүзүүгө болот. 4-5 жылдык карыган бутактарын кесип, күзгү жаңы бутактардын өсүүсүнө мүмкүндүк берүү керек. Минтүү менен кийинки жылы мол түшүм алууга болот.
  • Малинаны негизги бутактарынын капталындагы бутактары кыркылат. Мөмө-жемиштин ар кандай ооруларын бадал жугузуп албоосу үчүн кыркылган жериндеги көбүктөрдү тазалап коюу керек.
  • Андан соң мөмө-жемиш бактары сыяктуу эле топурагын жумшартып, фарфор жана калий жер семирткичтери менен азыктандырып, сугарып кышка даярдоо шарт. Жер семирткичти мөмө-жемиш бактарына бергендеги өлчөмдө берсе болот.
  • Августтун экинчи жарымынан тартып сентябрдын соңуна чейинки убакыт кулпунайды отургузууга эң ыңгайлуу маал. Бул убакыт аралыгында отургузулган кулпунайдын көчөтү тамыр алып, кыштын суугуна чыдамдуу болот. Отургузуу үчүн алгач топуракты сугарып, жумшартып жана органикалык жер семирткич менен азыктандыруу керек. Бир аптадан кийин отургузууга киришсе болот.

Эскертүү: Август айында эң негизги иштердин бири – огороддон жыйналган түшүмдү кышка сактоо үчүн ороону даярдоо иштерине киришиңиз. Анын ичин тазалап, оозун ачып кургатууну унутпаңыз.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 561, 2-август-8-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан