Жеңүүчү аталып,
кышында экзотикалык өлкөгө барып, эс алып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуңуз!
Ошентип, кыска убакыттык тыныгуудан кийин “Супердин” сулуусу” сынагы кайрадан старт алды. Баарына белгилүү болуп калгандай, сынактын жеңүүчүсү деп табылган бактылуу пери кыштын ызгардуу чилдесинде жылуу, экзотикалык өлкөгө барып, күндүн табына кактанып, ой-да бир жыргап эс алып келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Кыскасы, баары жөнөкөй жана баары мурдагыдай. Урматтуу сулуулар, баары өз колуңуздарда! Келиңиз, катышыңыз. Мүмкүн, дал сизди окурмандарыбыз “Супердин” сулуусу – 2009” наамына татыктуу деп табышаттыр.
Добуш берүүнүн шарты жөпжөнөкөй
Добуш берүү үчүн өзүңүзгө жаккан сулуунун номерин терип, 1050 кыска номерине SMS-билдирүү жөнөтүңүз. Добуштар сулуулар гезит бетине чыккан жума күнү саат 9.00дөн тартып, кийинки жуманын бейшемби күнү саат 10:00гө чейин кабыл алынат. Кийинки добуш берүүлөр да ушундай тартипте улана берет. Ошондой эле сынакка катышкан сулуулардын рейтингин INFO сөзүн 1050 номерине SMS-билдирүү жөнөтүп, билип алсаңыздар болот.
Сынактын шарттары
Сынакка 17ден 25 жашка чейинки, бою 165 сантиметрден жогору жана өзүн сулуумун деп эсептеген кыздар катыша алышат. Жаңы жылга чейин ар аптада 2ден катышуучунун сүрөттөрү сунушталып, элдин сыноосуна коюлат. Жума сайын эки сулуунун ичинен бирөөсүн биздин окурмандар 1050 кыска номерине SMS-добуш берүү аркылуу тандап алышат. Сынак 2 турдан туруп, финалга жолдомо алган катышуучулардын сүрөттөрү кайрадан гезит бетине жарыяланат. Бул жолу окурмандар финалга чыккан кыздардын купальникчен түшкөн сүрөттөрүнүн негизинде www.super.kg расмий сайтында добуш берүү аркылуу жеңүүчүнү аныкташат.
44
Айнура, 21 жашта.
Параметри – 87-67-98
Бою – 173 см
Таланты – акындык жайы бар. Спортко да кызыгып, баскетболду катырат.
Кыялы – келечекте Саламаттыкты сактоо министри болгусу келет.
55
Айсалкын, 17 жашта.
Параметри – 87-66-92
Бою – 182 см
Таланты – мыкты ырдай алат, сүрөтчүлүк өнөрү да бар.
Кыялы – келечекте моделдик агенттик ачып, жетектегиси келет.
Эскертүү:
Кызмат
Мегаком, Билайн, Фонекс,
Кател, Некси
уюлдук операторлорунун
абоненттери үчүн жарамдуу.
SMS баасы – 0,36 $.