2013-2014-жаңы окуу жылына карата Кадамжай районундагы мектептерди оңдоп-түзөө иштери билим берүү мекемелери тарабынан текшерилди. Жыйынтыгында жаңы окуу жылына эң жакшы даярдык көргөн 19 мектеп аныкталды. Эске салсак, аталган райондо учурда 81 жалпы билим берүүчү мектеп бар. Анын ичинен 72 орто, 6 толук эмес орто, 3 башталгыч мектеп. Алардын арасынан 29 типтүү, 5 типтүү эмес, 47 ыңгайлаштырылган имараттарда жайгашкан мектептер. Мектептерди оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн республикалык бюджеттен 3 621 622 сом бөлүнгөн.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg