Бермет Курманбек кызы:«АКЫНДЫК ТАГДЫРЫМА НААЛЫП КЕТЕМ»

Адатта, кээ бир чыгармачыл адамдар үй-бүлөсүн тандап, чыгармачылыгынан таптакыр баш тартып коюшат эмеспи. Бүгүнкү биздин каарманыбыздын тагдыры тескерисинче. Ал үй-бүлөсүн, жадакалса балдарын да өнөр жолунда курмандык кылган. Ошого себепкер өнөр таржымалы, арман-өкүнүчү, тагдыр баяны каарманыбыздын маегинде.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, күнү – 1958-жыл, 2-январь
Туулган жери – Ош облусуна (азыркы Жалал-Абад) караштуу, Катыраңкы айылы
Билими ЖАМУнун кыргыз филология жана адабият бөлүмүн аяктаган
Учурда – Жазуучулар союзунун мүчөсү

«ТАЛААДА ИНИЛЕРИМДИ ТИЗИП МОНОЛОГ АЙТЧУМУН»
– Жаштык кезде мен башка балдардай болуп ойноп-күлгөн деле жокмун. Күнүм китеп окуу менен гана өтчү. Кыргыз тили жан адабияты сабагы болот дегиче түнү менен толкунданып уктабай чыгар элем. Мектепте окуп жүргөндө ыр жазуу менен катар актриса болгум келчү. Талаага барып инилеримди, кошуна теңтуштарымды тизип алып чыгармада окуган монологдорду, кинодон көргөн-билген сөздөрдү жаттап айтып берген адатым эле. Мен чоңойгон айыл кооз жер болгондуктан, киного тартылсам деген кыялдарым ошол талааларда калды.

«ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ДЕП КҮЙӨӨМДӨН КОЛ ЖУУДУМ»
– Мектепти аяктап окууга тапшыра албай калдым. Ошондо деле актриса болом деген тилегим күч болчу. Айылдаш бир бала «сени актрисалыкка окутам, мага турмушка чык» десе дароо макул боло калыпмын (күлүп). Кайдан, турмуш курган соң баягы убада унутулуп, 7 баланы төрөп-өстүрүп үйдө отуруп калдым. Бирок чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсү түшүнүксүз келет экен, көөдөнүм толбой, суусап туруп алды. Айылда бардык нерсе жетиштүү болчу, үй-жай, баары бар. Бирок мага бир нерсе жетишпегендей. Жолдошум бир күнү чыгармачылык деген каалоосунан кайтар деп жашай бердиби, айтор, 15 жыл чогуу өмүр сүрдүк. Акыры ал мени түшүндү окшойт, шаарга окууга жөнөттү. Улуу кызым курактуу студенттер менен ЖАМУнун филология факультетине тапшырдым. Бирок мен тандаган чыгармачылыктын жолу жолдошум экөөбүздүн арабызды суутту. Эки ажырымга түшүп, кенже уулумдан башкасы атасынын колунда калышты. Мен болсо чыгармачылык деп жүрүп балдарыма татыктуу эне боло албадым. Окуп жүрүп көп жеке кечелеримди өткөрүүгө жетиштим, бирок эне кайырчы болсо да, дербиш болсо да баары бир эне экен.

«Мойтоң басып китеп
кабын асынып,
Уулум күндө мектебине ашыгат.
Ак жол каалап узатамын делбиреп,
Каректерим бир бактылуу чачырап.
Караанына да барамын миң ирет,
Өстүрүп жатам,
тилеп бак тилеп.
Бала деген чегиле элек жумуртка,
Же шумкарбы, же бүркүтпү
ким билет?

Жазуучулар союзуна мүчө кылууга ушул «Уулума» деген ырым себеп болду. Ага чейин облустук басма сөздөрдөн ырларым байма-бай кетип турчу.

«ТЕАТРДА ЖАЛАҢ ЭПИЗОДДУК РОЛДОР ТИЙЧҮ»
– 1994-жылы көркөм ке­ңеш­тин сынынан өтүп, Барпы Алыкулов атындагы театрга кабыл алындым. Ошондогу менин кубанганым ай! Дубалда мыкты актрисалардын катарында сүрөтүм илингенин көрүп бактылуу болгонумчу?! Бирок анда да актрисалык жүзүмдү ача албай, эпизоддук ролдорду гана ойноп жүрдүм. Бир бутум окууда, бир бутум театрда болуп жатып, ал жактан кетирип салышты. Буга атайын дипломумдун жоктугу да себеп болду көрүнөт. Театрда мени менен кошо режиссёр Рысбек Жабиров иштечү. Ал «Күзгү, балким, баяндар» аттуу ырымды угуп «кандай гана талант жатат бул эжеде. Көрөсүңөр, бул эжеке тарыхта калат» деп айтканы эсимден кетпейт.

«ЭНЕЛИК МЭЭРИМИМДИ ТӨГӨ АЛБАГАНЫМА ӨКҮНӨМ»
– Учурда бактылуу, эрке жубаймын. Азыркы жолдошум өнөр ээси, экөөбүз бири-бирибизди жакшы түшүнүшөбүз. Бирок кантсе да убагында чыгармачылык менен болуп, балдарыма энелик мээримимди төкпөгөнүмө өкүнөм.Кыздарым кайын журту менен түшүнбөстүктөргө учураганда акындык тагдырыма да наалып кетем. "Балдарым, кечиргиле, садагалар" аттуу ырымды да ошол өкүнүүдөн улам жазгам.

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Nur_meerim
2013-08-05 23:04:39
7 баланы торогон сон тентибейле остуруп отура бербептир..
0
altinim
2013-08-05 23:29:34
Nur_meerim, ))) чоон эле аял болгон сонбу
0
Kg.lady
2013-08-06 01:10:38
Кейиштуу экен(((
0
№ 561, 2-август-8-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан