ОРУСИЯДА ИШТЕГЕН КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ АЙЫЛДАШТАРЫН ТАЗА СУУ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛДЫ

Жалал-Абад шаарына караштуу Тайгараев аймактык башкармалыгындагы Кызыл-Суу айылына суу чыгарылып, 100дөй үй-бүлө ичүүчү таза суу менен камсыз болду. Бул тууралуу аталган айылдын тургуну Мейилкан Касымбекова билдирди. Айтымында, Кызыл-Суу айылынын тургуну Талант Баев демилге көтөрүп, өз чөнтөгүнөн айыл тургундарына таза суу чыгарып берди. «Талант менин уулум, учурда Орусияда эмгек мигранты болуп, үй-бүлөсү менен иштөөдө. Анын Кыргызстандан кеткенине 7-8 жылдын жүзү болду, жогорку билимдүү, юрист. Бирок кесиби боюнча иштей элек. Мамлекетте жашоо оорлой баштаганда эмгек мигранты болуп кетип, Кудайга шүгүр, минтип айылдаштарына жардам берүүдө»,- дейт Касымбекова.

Кенже Тынымбек кызы
jalalabad@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (41)
AnarRazakovich
2013-08-07 22:09:13
Азамат! Элдин уулу деген ушул.
0
shirin27
2013-08-07 22:38:01
maashallah, birok aytayin degenim urmaattuuu atakesi on kolun mn bergen sadakani sol kolun korbosun degen hadiske tayansaniz jakshiraak bolor ele. elge ozunuz chigip aytpay, oshondo ALLAHTAN soobun andan da koop soop alat eleniz, Oshentse da jakshi ish kiliptir bir gana ALLAH uchun jasagandan bolsun bul jakshilikti.
0
nurik9090
2013-08-08 09:59:01
азамат екен бул мактоого татыктуу бизге да жуксун биз да суу чыгарайлы айлыбызда таза суу жок.
0
jibeka09
2013-08-08 12:31:18
Аллах ыраазы болсун!
0
010288
2013-08-08 15:29:49
Биздин чиновниктерге сабак болосун деген ниеттебиз.Урматтуу чиновниктер кыргызстанды онуктуробуз деп калп эле кокурок кага бербей кыймылдасанар боло.Эгерде чындап эле мекенибизди онуктургунор келсе креслосу жок эле ушундай жакшылык иштерди кылса болот.
0
joni8102
2013-08-08 21:41:30
Тайгараев
-1
shairbek
2013-08-10 05:41:14
joni8102, Кызыл суу
0
alas
2013-08-09 01:20:32
алахым суудай сообоп берсин
0
alas
2013-08-09 01:22:17
эми омур бою элдердин оозун журоо турган собобоп иш кылыпсыз
0
baktiyar_st
2013-08-09 06:09:58
машаАллах
+1
aidai88
2013-08-09 20:16:45
Ишиниз илгерилей берсин...
0
chefull
2013-08-09 22:18:14
Кыргыздын патриоттору бар болунуздар!
0
abaychik
2013-08-10 13:45:39
Суудай омурун узун болсун.
0
ziada
2013-08-10 18:49:09
Кыргыздын силерге окшогон жигиттери кобойо берсин,чын ден соолук каалайм
0
Marjan.Murok
2013-08-10 20:30:25
aaiii azamat kim degen uwintet. allax yraazy bolsun
0
asa
2013-08-11 17:17:09
Ишинизге ийгилик ..... сообун корунуз кылган иштериниздин
0
№ 561, 2-август-8-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан