1999-жылдын август айында Баткен облусуна согушчандар кирип, алар Кыргызстан менен Өзбекстандын Куралдуу күчтөрү менен куралдуу тирешүүгө барышкан. Мына ошол кагылышууда каза тапкан кыргыз аскеринин энеси Дүйшөмбүбү апанын арыз-арманына ортоктош болуп калдым.
Каарманыбыз уулун 19 жашында аскерге жөнөтүп, жыл айланбаган мезгил аралыгында босогосунан жаркылдап кирип келе турган баласын эмес, анын сөөгүн тосуп алган. Андан бери 13 жылдын жүзү болсо да, убакыт дарылабай, күйүт артка чегинүүнүн ордуна Дүйшөмбүбү апаны дарт таякка сүйөптүр. Башында көрүүсү начарлап, кийин жүрөгү ооруп, инсультту башынан өткөрүп, андан ары басыгы да оорлоп калган. Каарманыбызды бейтапканага барып калган күндөрүмдүн биринде жолуктурдум. – Улан балдарымдын эң сүймөнчүгү эле, жаныбыз бөтөнчө жакын болчу. Кичинесинен «аскерге барам» деп өстү. 1998-жылы аскерге чакырылып, чымыр денелүү жана бойлуу болгондугу үчүн «Скорпион» өзгөчө отрядына кабыл алынды. Аскерге кетип жатканда жүрөгүм жамандыкты сездиби, мен «барбайсың» деп чыктым. Уулум болсо жөнөп берди.
Бир жылдан кийин Баткен согушу башталып калганын угуп, ооруканада жатканыма карабай балама жолугушууга бардым. Ага «командириңе кирейин, сени Баткенге алып кетишпесин» десем, ал адатынча көнбөй койду. Кийин билдим, ошол күндүн эртеси эле Баткенге алып кетишиптир. Күн-түн дебей уулумдун аман-эсен келишин тилейм, жаңылыктарга кулак салам. Бир ай өтпөй уулумдун сөөгүн үйгө алып киришти.
Аскар Акаевдин президенттигинде Баткен окуясында курман болгондордун жакындарынын башын бириктирип, түрдүү иш-чараларга чакырышып, алкыш айтып турушчу. Курманбек Бакиев башкарып турганда да анча-мынча эскерүүлөр өткөрүлүп жатты. Бирок акыркы жылдарда «баткенчилер» таптакыр эле унутта калышты. «Балам мекенин коргойм деп каза тапты эле, эми өкмөт бизге акча берсин» дебейм, антип кимдир бирөөгө деле кайрылган эмесмин, бирок жыл сайын эскерүү иштерин уюштурушуп, ысымдарын атай жүрүшсө, биздин жүрөгүбүз жылып калат беле деген ой... Мага мамлекет берчү эки тыйын уулумдун өлүмүнүн жанында эмнеге арзысын?!
Уланымдын артында туяк калбагандыгы үчүн эл эскере жүрсүн деп, жергиликтүү бийликтен өзү өсүп-чоңойгон көчөсүнө ысымын ыйгарууну сурандым. Чуркап жүрүп, араң дегенде макулдук алдык. Бизге ар бир үйгө уулумдун аты-жөнү жазылчу көчөнүн аталышы менен тамдын номери үчүн тактайча жасаткыла дешти. Иштеп турган муздаткычыбызды буздуруп, жука темирге айтылган тактайчаларды даярдадык. Көчөдө канча үй болсо, ошонун баарына жараша көп жасап алыптырбыз, анткени кийин чечимди чыгарып берген бөлүм «уулуңар 20 эле жашта экен, 20 гана үйгө илгиле» дебеспи. Мунусу бир жөн, көчө кыдырып, үйлөрдүн ар бирине илип чыккандан кийин айрымдары каршы чыгышты. «Көчө эски аталышында калсын» дешип. Кээ бири мээнет кетирип жасаткан тактайчаларды ыргытып да салышты. Элге аябай таарындым.
Кийин уулум окуган мектепке бурч ачтырып, мемориалдык такта жасатууга облус башчысы каражат бөлүп берди. Жыл сайын баламдын туулган күнүндө аз камсыз болгон жана жакшы окугандарга чогулткан пенсиямдан стипендия берем.
«Нарын облустук Баткен согушунун ветерандар союзу» коомдук уюмунун төрагасы КАЛЫГУЛ ЖАКЫПОВ буларды кошумчалады:– Мен да Баткен согушунун катышуучусумун. Мекенди коргойбуз деп барган жоокерлердин элесин унута албагандар катышуучулар жана алардын ата-энеси менен жакын туугандары гана болуп калды. Азыр «революция жасадык, мамлекетти үй-бүлөлүк башкаруу тузагынан бошоттук» деп же Ак үйдүн тосмосунан аттагандар баатыр болуп чыга келип жатышпайбы. А сырткы душмандар менен салгылашып, өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылган бир кездеги Баткен согушунун катышуучуларын азыр эч ким эстебейт. Алар колуна курал алып согушуп, барымтадагы айылдарды бошотушкан. Баатыр деп ушундай жерлерде кан кечкендерди айтууга болот.
Азыр согуштун катышуучулары жана каза болгондордун туугандары башыбызды бириктирип бир күндү белгилеп, расмий түрдө эскерүү өткөрбөйбүз. 2000-жылы 26-октябрда Баткен операциясы аяктаган деп Бишкекте парад болгон. Ошол күндү азыр ар бир аймак өз алдынча эскерүү күнү кылып, айына бир берилчү 1000 сомдон карматып коюшат. Календардык күндү бекитип бергиле деп бийликке кайрылып эле жатабыз, бирок жооп жок.
Тиешелүү жетекчиликтер бул маселеге көңүл буруп, эске түйүп алар деп үмүт кылабыз.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg