БАЛА БАЛАЛЫК ДООРУН СҮРҮШ КЕРЕК

Окуучу кезде жыл сайын жайкы эс алуудан келгенде кыргыз адабиятынан сабак берген эжекебиз “эс алууну ким кайдан, кандай өткөрдү?” деген темада дилбаян жаздырчу. Анда классташтарымдын бири таене, таятасыныкына барып ысык нан менен каймак жеп, кымыз ичип күч топтоп келгенин жазса, дагы бирөөлөр жайкы лагерге барып жаңы курбу-курдаштуу болуп келгенин айтышчу. А азыркы балдарчы? Алар жайкы каникулду кандай өткөрүп жатышат?

Балдардын баары базарда

Ушул суроону көкүрөккө түйүп, баш калааны аралап, эл көп жүр­гөн жайлардан сураштырып көрсөк мектеп окуучулардын көпчүлүгү эс албай эле иштеп жаткан болуп чыкты.
Мисалы, биздин каарман, 16 жаштагы Абдылаев Руслан Бишкекке күзгү кийимине акча табыш үчүн алыскы Баткен облусуна караштуу Самаркандек айылынан келиптир. Ал учурда жүк ташуучу болуп иштейт. Бир күндө иш болбой калды дегенде 250 сом табат. Өзүн улуу кишидей салабаттуу кармаган бул балакай: “Окуу жылы башталгыча иштеп, акча топтоп албасам, айылдан мындай жумуш таппайм. Ал эми жайкы эс алууда эс албай, иштеп жүрөм деп капа деле болгонум жок”,- дейт. Дагы бир топ кызыктарды айтып берер беле, бирок, кардар келип калып “болду, мен бош эмесмин” деп басып кете берди.
Учурда базар араласаң, Русланга окшош балдардын бир тобуна жолугасың. Руслан да чоңураак класстын окуучусу. Ал эми “Ош” базарынын жол боюнда бир бала арабасына косметиканын түрүн тизип сатып отурган экен. Жанына басып барып атын сурасам, Адилет деп жооп берди. Ал баш калаабыздагы орто мектептердин биринде 7-классты аяктаган экен. Жайкысын апасына жардам берип кичинекей арабасына ар түрдүү товар салып алып сүйрөп сатып жүрөт. Тапкан акчасын күндө апасына санап берет.
Кадыралы болсо күндө агасы менен Ново-Павловка айылынан “Ош” базарына келип ыйман китебин сатышат. Ал: “Иштеп тапкан акчам кудайга шүгүр, орто эсеп менен 500 сомго чейин барат”,- дейт. Кадыралы жайкы эс алууда эмгектенип чогулткан акчасына үйүндөгү кичинекей карындаштарына да мектеп куралдарын сатып берерин билдирди. Быйыл ал 6-класска барат. Базарды кыдырсаң мындай балдарга көп кезигесиң. Жанына басып барып кепке тартсаң баары эле качып: “Мени газетага чыгарбаңыз, классташтарыма иштегенимди көргөзгүм келбейт”,-деп жатышты.

Эс алууну эңсешет, бирок...

Базар кыдырып жүрүп тырмактай бир кызды көрүп жүрөгүм ооруду. Кичинекей кыз мурдун шуулдата кайра-кайра тартып коюп бут кийим тазалап жатты. Такыр эле болбогон соң колу менен аарчып, мурдунун учун кара май кылып алды. Акырын басып келип жанына отуруп сүйлөшүп калсам, аты Айнура, 2-классты бүтүрүп жайкы эс алууда иштеп жаткан экен. Апасы айтымында ичет экен. Ал атасынын дайынын, бар-жогун билбейт көрүнөт. Ал: ”Мектепте жакшы окуйм. Жайкы эс алууда бир аз акча чогултуп кооз дептер, калем сап, анан кийим сатып алам”,- дейт. Окуусуна болсо таежелери жардам берип турарын да айтты. Кичинекей бул кызда кадимки теңтуштарындай эс алуу оюнда да жок экенин уктум. Кыздын кебинен улам “балдарга тиешелүү балалыкты тартуулай албагандан кийин эмне үчүн бул жарыктыкка алып келишет?” деген ойго аргасыз жетелендим.
Аталган мектеп окуучулары бул үймөктүн бир чети. Мындай балдар бир гана базарларда эмес, айыл жергесиндеги талааларда иштеп жүрүшөт. Албетте, алар деле эс алууну эңсешет, бирок көр тиричилик аларды эс алдырбайт көрүнөт. Бели ката элек балдардын эрте күндө майыша көр тириликтин арабасын тартканына ким күнөлүү? Заманбы, ата-энелерби же өлкөбүзбү?

Мыйзамда мындай дейт...

Мындай көрүнүшкө күбө болгон соң Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде 18 жашка толо элек балдардын эмгеги тууралуу эмнелер жазылганын билгим келди. Менин суроомо Социалдык коргоо министрлигинин Эмгек жана социалдык өнөктөштүктү башкаруу бөлүмүнүн башчысы Адилбеков Дауд Алимович жооп берди.
Негизи балдарды иштетүүгө болот. Бирок мыйзам ченеминде. Мисалы, 14 жашка толгон окуучулар ата-энесинин жазуу түрүндө берген уруксаты менен окуудан бош убактысында, ден соолугуна зыян келтирбөөчү жеңил жумуштарды аткарууга болот. Ошол эле учурда атайы түзүлгөн норма бар. Мыйзам түрүндө ал норма бузулбашы керек. Мисалы, бир жерден экинчи жерге кол менен көтөрүп алып баруучу жүктүн салмагы 14 жаштагы уландар үчүн 3 килограммдан ашпоо зарыл. Ал эми кыздар 2 килограммдан ашык көтөрбөшү керек. 16 жаштагылар көтөргөн жүк 3-4 килограммдан ашпашы шарт.
Муну укканда дароо көз алдыма 50 килограммдай жүктү майыша көтөрүп бараткан Руслан келди. “Төрт килограммдан ашык көтөрбөө керек” дегенди укса мыйыгынан жылмаяр беле?

Эс алууга ким шарт түзүп бериши керек?

Ошол эле учурда балдарын бапестеп баккан ата-энелер да көп. Мисалы, иштеп тапканын балдарынын эс алуусуна жумшаган Халимова Бану кесиби боюнча мугалим. Ал: “Маянам аз болсо да жайында кызымды лагерге жөнөтүп турам. Кызым Дарияна жаңы эле эс алуудан келди. Ага 10 күнгө 5 500 сомго Ысык-Көлгө жолдомо сатып берген элем. Менин оюмча, биз, ата-энелер, балдарга татыктуу балалык өткөрүүгө шарт түзүп берүүгө милдеттүүбүз. Алар убактылуу иштеп тапкан тыйынга кызыкпай, билим, таалим-тарбия алуусуна көмөктөшсөк, алардын жаркын келечегине кошкон салымыбыз болот”-деген оюн билдирди.

Балдарды иштетпей, алаканга салып бөпөлөп багуу да туура эмес болсо керек. Ылайыгы келгенде үй жумушун үйрөтүп жашоо-шартка ыңгайлаштыруу, эмгекке бышыруу зарыл экени талашсыз. Ошентсе да бала өзүнө тиешелүү балалык доорун сүрүшү керек.

Бактыгүл Сокушова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 353, 7-13-август, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан