КИМ КАЙДА ЭС АЛДЫ?

Жайында чемодандар жыйналып, айрымдар Көлдү карай жөнөшсө, кээ бири чет өлкөгө сапар тартышат. Кызык, быйыл эл көзүндөгү адамдар кайда эс алышты экен?

Айя Садырова, ырчы:«ЫСЫК-КӨЛГӨ БАЙМА-БАЙ КАТТАП ЖАТАМ»
– Менин чыдамым жок. Кышында «Качан жай келет, күн качан ысыйт?» дей берем. Себеби Ысык-Көлдү аябай сагынып кетем. Быйыл июнь айында эле үй-бүлөм менен Көлдү көздөй сызгам. Биздин үй-бүлөдө адат болуп калган, бошодук дегиче ошол жакты көздөй жөнөйбүз. Түйүнчөктөрүбүз дайыма түйүлүү турат. Тааныштарыбыз «силер Көлгө шаардын четиндеги дачага баргандай эле байма-бай каттайсыңар» деп күлүп калышат. Көлдөгү эс алуумдан сырткары 6 жолу Алматы шаарына барып, Медео тоосуна чыгып көңүлдөгүдөй эс алып кайттык. Албетте, бул чек эмес, себеби жай бүтө элек да.

Турсунбай Бакир уулу, ЖКнын депутаты:«ЭС АЛУУГА КЫРГЫЗСТАНДАН ӨТӨРҮ ЖОК»
– Акчаны үнөмдөп чогултуп, 3-4 жылда бир үй-бүлөм менен чет жерде эс алып келем. Тилекке каршы, быйыл үй-бүлөм менен чет жерге чыга албадым. Өзүм жумуштар менен Стамбулга барып келдим. Эс алганга да жетиштим. Ал жактан келгенден кийин украиналык досумдун үй-бүлөсү менен Суусамыр, Чычканга барып, таза абадан кере-кере жутуп эс алып кайттык. Чынында, Кыргызстанда эс алганга эч нерсе жетпейт экен. Керемет тоолор, таза аба дегендей. Ал эми чет өлкөгө чыкканымда архитектурасы эскиче жасалган көчөлөрдү жөө кыдырганды жактырам.

Руслан Сыдыков, футболчу:«ЧЕТ ЖЕРГЕ ЧЫГУУ БОЮНЧА РЕКОРД КОЙДУМ ОКШОЙТ»
– Эл эс алууну жай мезгилинде баштаса, мен жазында эле баштап алгам. Менимче, быйыл чет жакка чыгуу боюнча рекорд койдум окшойт.Быйылкы жер кыдыруум Филиппин аралдарынан башталды. Ал жактын ашканасы мага өзгөчө жакты. Тоок этинен ар кандай даамдарды жасашат экен. Анан да андагы жаныбарлар эсимде калды. Ушу кезге чейин акула, дельфиндерди жакындан көрө элек болчумун, көрдүм.
Спорттун арты менен Эстония, Молдова өлкөлөрүнө, Анталия шаарына, Бахрейн падышалыгына бардым. Албетте, ар жердин өзүнүн артыкчылыктары бар. Мага баарынан да ар элдин ашканасынан даам сызуу жагат.


Залина Касымова, кыл кыякчы:«ТҮРКИЯДАН САМООР АЛА КАЙТТЫМ»
– Быйыл эс алууга өзгөчө көңүл бурдум. Жаз алды менен кызым экөөбүз жайлоого барып эс алып, саамал ичип, энергия топтоп келдик. Кызыма аябай жакты, козулар менен ойноп жыргап эле калды. Жайлоодон келгенден кийин Түркияга барып концерт берип, аны менен катар эс алууга да жетиштим. Кызыктуу жайларды, базарларды кыдырдык. Базар аралап жүрүп өзгөчө жасалган самоорго көзүм түшүп, айланчыктап турсам, бизди чакырган кыргыздар «жагып калса алгыла» деп барган 10 кишинин баарына бирден самоор алып беришти.
Келип эле Көл тарапка аттангам. Өчөшкөндөй аба ырайы бузулуп туруп алды. Айла жок, 3-4 күн эс алып, борборго келдик. Кээде жалгыз, кээде кызым менен эс алдым. Жолдошум Аскаттын (Аскат Мусабеков) колу такыр бошобой, быйылкы эс алуудан куру калууда.


Нурмат Садыров, ырчы:«ЭС АЛУУДА КЫЗДАР МЕНЕН ТААНЫШТЫМ»
– Иш менен эс алууну чогуу алып кетип жатам. Жакында Павлодар шаарына 1 күндүк концерт менен барган элек. Ал жерде кадыр-барктуу Куба деген кыргыз байке бар экен. Кайтабыз дегенибизге болбой алып калып, бир жума коноктоп, жайкы эс алуубузга сонун шарт түзүп берди. Эс алуубуз кызыктуу окуялар менен коштолду. Сөздөн сөз чыгып, тиги байке «Кан алмаштырышыңар керек. Илгери кыргыздар балдары сулуу болуш үчүн Нарындан келип Чүйдүн кызын алышкан. Силер деле орус, казактар менен кан алмаштырсаңар болот» деп кыздарды сунуштап кирсе болобу! Ошентип кыздар менен да таанышканга жетиштик. Комуз менен ырдап, кыстырмайдан 1000 доллардай иштеп келдик.

Бектемир Мамаюсупов, актёр:«ЭС АЛУУНУ ОШ ШААРЫНАН БАШТАДЫМ»
– АКШдан келгенден бери эле эс алуудамын десем болот. Эс алуумду Ош шаарынан баштагам. Достор менен чайканага кирип, тоого чыгып дегендей. Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдү да таарынтпай, ал жакка эки жолу барып, эс алып кайттым. Анан Баткенге барып, карындашымдын, күйөө баламдын ал-абалын сурап, анын шылтоосу менен жер кыдырып келдим. Баарынан да Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш аймагында жайгашкан Шаймерден анклавындагы көлдүн кооздугу мени өзгөчө таң калтырды. Көпкөк, тегереги тоолор менен курчалган...
Учурда шаардамын. Кээде гана шаардын ызы-чуусунан тажаганымда велосипед менен Ала-Арчага барганым болбосо.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
AFRODITA-89
2013-08-12 17:55:20
Мен да жылда ар кайсы жерлерге жана казахстандын шаарларына барчуумунтилеке каршы быйыл турмуш жолунда болгондуктан жолдошум менен орусиядабыз кез кези менен эс алууга чыкканым менен жылдагыдай Арсланбап, Сары челек, Падыша ата, Ыссык кол деген жерлерди коруу насип кылбай жатат чындыгында биздин жерлерге эч кайсы мамлекет жетпестир айрыкча тоолорубузга. Кыргызстаным менин сагындымгооо...
+2
Clara_Zh
2013-08-13 01:30:36
Биз болсо жоро жолдоштор бала-чакаларыбыз менен озубуздун Ысык-Колубузго эле барып келдик. Колдун салкын нымдуу абасына коно тушуптурбуз, Бишкекке келгенде Африкага келишибиз менен деп каткырдык.
0
IZUMRUD
2013-08-14 22:38:27
Эс алганга убакыт жок болуп атат.
0
ilgiz-kg01
2013-08-16 13:10:41
Мен москвага бардым и Питердин эн кооз жери петерговго бардым!
0
nurik9090
2013-08-17 12:55:56
ес алмак турсун чачымы тырмаганга убакыт жок.
0
№ 562, 9-август-15-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан