АКЫЛДУУ ЭШЕК

Илгери-илгери бир дыйкан жашаптыр. Анын такай кезинен баккан жалгыз эшеги болот. Бир күнү короодо ары-бери чуркап жүргөн эшек капысынан кудукка түшүп кетет. Чакырык салып, ээсин жардамга чакырат. Жетип келген дыйкан:
– Ой, эшегим, ай, эшегим! Картайып өлөрүңдө оюн салбасаң эмне?! Эми сени мындай тереңдиктен кантип алып чыкмак элем? Өсөрүң эмес, өлөрүң калган. Ансыз да сени картайып калды деп коделек сатып алайын деген жүргөм. Кудук да суусу азайып, соолуй баштаган. Башкасын казып алармын,- деп кол шилтеп басып кетет.
Эртеси эле дыйкан жаңы кудук каздыруу үчүн кошуналарын чакырып:
– Мындан чыккан топуракты эски кудукка ыргыта бергиле. Бир ишти эки кылбай, эшегимди да көмүп салалы, баары бир өлөт да,- дейт.
Ошентип, кошуналары жаңы кудук казып, топурагын эскисине ыргыта башташат. Эшек болсо окуянын жаман жакка бурулганын сезип, бир айкырып алат да, үстүнө түшкөн топуракты улам силкип, буту менен таптап баса берет.
Дыйкан «аңгырабай калды, эшегим өлсө керек» деп кудукту караганы барат. Карап өз көзүнө ишенбейт. Өлдү деп ойлогон эшеги сыртка жакындап калыптыр. Кожоюнун көрүп кубанган эшек катуу кыйкырып кудуктан секирип чыгат. Ошентип, акылдуулугу менен бир өлүмдөн калып, кожоюнуна дагы көп жылдар бою кызмат кылыптыр.
Мына, балдар, жашоодо ар кандай тоскоолдуктар, бут тосуулар жаралат. Алардын баарын акылдуулук жана сабырдуулук менен жеңүүгө болорун эске алгыла.

Дамира Арстанова
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aigulai
2013-08-12 10:04:46
Биздин саясатчыларга жакшы кенеш беруучу жомок экен. Бирине бири ор казган ошолордо коп го
0
№ 562, 9-август-15-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан