25-июль күнү болжол менен түнкү саат 00:30 чамасында Бишкектеги Эркиндик гүлбагындагы М.В.Фрунзенин айкелинин жанынан катуу сабоодон улам эс-учун жоготкон азиат түспөлүндөгү белгисиз адам табылган. Сабалган адам Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, бирок эсине келбей каза тапкан. Көп өтпөй маркум борбор калаабыздагы көз айнек сатуучу «Фуджин» дүкөндөрүнүн кожоюну, 44 жаштагы кытай жараны Гуан Жу Чан экендиги такталган. Бул өлүмдүн артынан көптөгөн чуулар чубала баштады.
«КҮЙӨӨМ СВЕРДЛОВ РИИБИНЕ КЕТКЕН БОЮНЧА КАЙТКАН ЖОК»
Бул окуядан көп өтпөй маркумдун аялы ВАН ХУН ИН күйөөсүн «милиция кызматкерлери сабап өлтүрдү» деп айтып, коомчулукта уу-дуу жаратты. Ал массалык маалымат каражаттарына төмөнкүдөй билдирүүлөрдү таратты:
– Күйөөм бизнесин өзү жасачу. Мен 4 балабызды карап үйдө отурчумун. Бирок каргашалуу окуядан бир нече жума мурда аны Свердлов
РИИБинин кызматкерлери чакырып жатышкандарын айткан. Ал жумуштарынан бошобой бара албай жүргөн. Үстүбүздөгү жылдын 24-июль күнү милиция кызматкерлери дагы телефон чалышканын айтты. Ошентип, ошол күнү болжол менен саат 18:10 чамасында өз дүкөндөрүнүн биринен чыгып, автоунаасын айдап Свердлов
РИИБине кеткен. Жанында көп суммадагы акча, кредиттик карталар жана кымбат баалуу уюлдук телефону бар болчу.
Саат 18:40та телефон чалсам, Свердлов РИИБинин имаратында отургандыгын айтты. Санаам тынчыбай 18:50дө кайра чалсам, трубканы алган жок. Ошол бойдон кайтпай калды. Ал түн мен үчүн оор түндөрдүн бири болду. Ордумда тура албай тынчсызданып, тааныштарымдын баарына телефон чалып чыктым. Качан жолдошум келбей турганына көзүм жеткенде гана милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылдым.
«МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЖАСАЛМА КӨРСӨТМӨ БЕРҮҮМДҮ АЙТЫП КОРКУТУШТУ»
– Эртеси, 25-июль күнү жолдошумдун ооруканада жаткандыгын кабарлашты. Күйөөмдү дароо тааный албадым. Бети-башы көк ала, шишиген, кызыл-жаян кан. Жанындагы баалуу буюмдары, автоунаасы дайынсыз экен. Ал күнү күйөөмдүн мээсине операция жасашты. Доктур мага кыжалат болбой эле коюумду, күйөөмдүн абалы оор, ошентсе да туруктуу экендигин айткан болчу. Ооруканадан чыгып, Свердлов РИИБинин имаратына барып сураштырсам, милиция кызматкерлери күйөөм ал күнү Свердлов РИИБине болгону 10 мүнөткө гана келип кеткендигин айтышты. 24-июль күндөгү саат 18:00дөн 19:00гө чейинки видеобайкоочу камерага тартылган тасманы сурасам, көрсөтүшкөн жок. Себебин «так ошол күнү видеобайкоочу камера иштебей калган болчу» деп түшүндүрүштү.
Тилекке каршы, 27-июлдан 28-июлга караган түнү күйөөм өзүнө келбей көз жумду. Өлүкканага барып, анын сөөгүн көрүп нес болдум. Аны кимдер сабаса да адам эмеc. Денеси баштан-аяк көк ала. Муунткан окшойт, мойнунда тактар бар экен. Так айта албайм, менимче, кишендин тагы. Андан тышкары кабыргасы сыныптыр. 28-июль күнү биз өлүкканада жүргөндө бир милиция кызматкери Москва-Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөнгө келип, сатуучу кызга (кытай улутундагы) өзүн толук тааныштырбастан дүкөндүн ичин тинтип, андан соң видеобайкоочу камера туташкан компьютерде бир аз отуруп кеткен экен. Ал кеткен соң эле дүкөндөгү видеобайкоочу камерага тартылган тасмалардын архиви жоголуп кетиптир.
29-июль күнү саат 18:00дө Свердлов РИИБине күйөөмдүн сөөгүн өлүкканадан алып чыгууга аныктама кагазын алуу үчүн баргам. Бирок алар мага аныктама беришкен жок. Кайра «күйөөм 24-июль күнү үйгө кызуу болуп келген. Экөөбүз уруша кеттик, анан ал мени сабап, андан соң үйдөн чыгып кетип, ошол бойдон кайтып келген жок» деп көрсөтмө жазып беришимди талап кылышты. Мени коркутушуп, бир канча жолу сурансам да ажатканага жиберишкен жок. Телефон да чалдырбай жатышып, араң түн ортосунда бошотушту...
Жогорудагы маалыматтардын чын-төгүнүн тактоо үчүн биз «Фуджин» дүкөнүнө барып, маркумдун аялы Ван Хун Инге жолуктук. Ал ыйлагандан башка бир да сөз айтууга жараган жок. Жанындагы сатуучу кыз «Ван Хун Ин кожоюнубуз каза болгондон бери өзүнө келе албай, оор акыбалда жүрөт. «Бизди да өлтүрүп кетиши ыктымал» деп коркуп күн өткөрүүдө. Кожоюнубуздун атасы каргашалуу окуядан соң бул жакка келген» деп билдирди.
«ИЛИКТӨӨ ИШИ ЖАШЫРУУН ЖҮРҮП ЖАТАТ»
Андан соң биз жогорудагы факт тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын инспектору КАРИМА АМАНКУЛОВАга кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Иликтөө азырынча жашыруун жүрүп жатат. Колдо бар маалыматтарды айта турган болсок, маркумдун номериндеги телефон чалуулар кайсы даректерден чалынганын аныктаганда 24-июль күнү ал болжол менен саат 18:30 чамасында Свердлов РИИБинин легалсыз жана коомдук миграция бөлүмүнө келгендиги такталды. Маркумдун Кытайда да соода иштери бар болгондуктан, ал мурдатан эле соода иштерине байланыштуу Свердлов РИИБине көп келип турчу экен. Андан соң ал болжол менен 18:35тер чамасында Свердлов РИИБинен чыгып кеткен. Көп өтпөй, тагыраак айтканда, Горький жана Совет көчөлөрү тарапка жеткенде, болжол менен саат 18:44 чамасында да аялы менен телефондон сүйлөшкөн. Бирок аялынын айтымында, маркум ага негедир «Свердлов РИИБинин имаратында жүрөм» деп жалган айтып койгон экен.
Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө. 25-июль күнү болжол менен саат 20:00 чамасында Сүйүмбаев көчөсүнөн маркумга тиешелүү автоунаа табылган. Автоунаа маркумдун аялынын катышуусу менен текшерүүдөн өтүп, андагы манжа издери табылып, алар кимге тиешелүү экенин тактоо үчүн экспертизага жөнөтүлдү. 31-июлдан тарта бул кылмыш иши Бишкек
ШИИББине өткөрүлүп, Мелис Турганбаевдин жеке көзөмөлүнө алынган. Жогорудагы факт боюнча атайын ыкчам иликтөө тобу түзүлдү. Азыркы тапта бул кылмышты ачыш үчүн жашыруун иликтөө иш-аракеттери жүрүүдө. Ошондуктан биз толук маалыматты качан гана кылмыш ишинин бети ачылган соң атайын жыйын өткөрүп, далилдери менен айтабыз.
Маалымат булактарына таянсак, маркум Гуан Жу Чан Бишкек шаарына 1994-жылы келген. Ал Кыргызстанда ишмердүүлүгүн алгач майда соодадан, тагыраак айтканда, күндөн коргонуучу көз айнектерди сатуу менен баштаган. Андан берки 19 жыл аралыгында кытай ишкери жергиликтүү тургундар арасында популярдуу «Фуджин» дүкөндөр түйүнүн ачканга жетишкен. Бишкекте аялы жана балдары менен чогуу жашачу.
Ал эми гезит басууга кетер алдында жогорудагы кылмыш ишине шектүү 2 жаран кармалганы маалым болду. ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Жоробай Абдраимовдун айтымында, шектүүлөрдүн бирөө мурунку милиция кызматкери. «Ал 2011-жылы кызматтан бошотулган. Учурда бул кылмышка дагы башкалардын катыштыгы бар экендиги тууралуу маалыматтар такталып, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Негизинен, кылмыш ишинин бети ачылды»,- деп билдирди. Кылмышка шектүүлөр кытайлык ишкерден акча талап кылып сабашкан.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg