23-июль күнү ачык турган асманды кара булут каптап, чагылган чагылып, жамгыр төгүп өттү. Ысыкта жаандын жаашы жакшы, бирок дал ошол чагылгандуу жамгыр Жайыл районунун Алексеевка айылындагы Айсабек Бөкөбаев менен кызы Айдайды азапка салды.
КАРГАШАЛУУ КҮН
Болуп өткөн окуя тууралуу угуп, Айсабек мырза дарыланып жаткан ооруканага баш бактык. Бирок ал операциядан чыгып, палатага которулуп, өзүнө келе элек экен. Жанында карап жаткан жубайы БУРУЛЧА ОСМОНОВА окуяны мындайча баяндады:– 23-июль күнү жамгыр жаай баштаганынан жолдошум оттоп жүргөн уйду айдап келүүгө кеткен. Анын артынан 11 жаштагы кызым да ээрчип алды. Бир аздан кийин эле нөшөрлөп жамгыр төгүп кирди. Мен тигилерди карайын деп сыртка чыгып, дарбазанын эшигин ачканымда чагылгандын «тарс» деген үнү угулуп, жер солк дей түштү.
Үйүбүз айылдык мектепке жакын. Уй ошол мектептин тегерегинде оттоп жүргөн. Карасам, күйөөм менен кызым жок. Уй турат. Аңгыча мектептин жанындагы көп кабаттуу үйдөгү кошуналар кол булгалап чакырып калышты. Барсам, кызым менен жолдошум эс-учун билбей, кыймылсыз жерде жатышыптыр. Көздөрүнүн ичи кызарып, денелери кара-көк тартып кетиптир. Башка кошуналар да чуркап келип калышты. Алар күйөөм менен кызымдын жүрөгүнө массаж жасап, биринчи жардам көрсөтүштү. Ошондо бир аз өздөрүнө келип, жандана түшүштү. «Тез жардам» чакырсак кечиккенинен өзүбүз машина жалдап Кара-Балтанын ооруканасынын кайра жандандыруу (реанимация) бөлүмүнө алып бардык.
Кызым ооруканада жарым сааттан кийин өзүнө келди. Азыр акыбалы жакшы. Кара-Балтадан дарыланып үйгө чыкты.
Ал эми жолдошумдун абалы оор болгондуктан, Бишкекке Улуттук госпиталга алып келүүгө мажбур болдук. Кара-Балтанын ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүндө 3 күн жатты. Ага «күйүк, баш мээси чайкалган» деген диагноз коюлуп, дарыланды. Анан палатага которушту. Бирок абалы күндөн-күнгө оорлой баштаганынан томографияга тарттырсак, баш мээсинде кан уюп калыптыр. Чагылган тийгенде жерге жыгылып, башы цементке катуу тийип калган окшойт. Дарыгерлер «бул жердин шартында операция жасай албайбыз» дешкенинен борбор калаага келдик. Күйөөмдүн башына операция жасалып, Кудайга шүгүр, азыр абалы дурус.
Уйду айдап келатып, жамгыр нөшөрлөп киргенде күйөөм кызымды кучактап, күрмөсү менен калкалап дарактын түбүнө туруп калган экен. Мына ошол учурда экөөнө чагылган тийиптир. Алардын жанында турган уй менен итибиз эч нерсе болбоптур. Чагылган түз тийген эмес окшойт. Түз тийсе күйгүзүп кетмек да. Кошуналардын айтымында, чагылган мектептин жанында жайгашкан уюлдук байланыш компанияларынын биринин базалык станциясына тийип, анан учкуну буларга тийсе керек. Күйөөм жыгылган жердин айланасында ошол станция жана 3 метрдей алысыраакта темир гараж бар. Балким, ошол гаражданбы, айтор, азырынча эч ким тактай элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин биздин аймактагы бөлүмүнө кабарлап, арыз калтыргам. Коңшуларыбыздын кээ бири чагылган түшүп солк эткенде отурган ордуларынан көтөрүлүп, кайра түшкөнүн айтышты. Ал эми бирөөсү уюлдук телефон менен сүйлөшүп жаткан экен, өзү бир жакка, телефону бир жакка ыргып кетиптир. Мурда табигый кырсык десе суу каптоо, жер көчкү дегенди элестетип, мындай кырсык болорун ойлогон да эмесмин. Көрсө, чагылган деле коркунучтуу турбайбы.
«ЭМНЕ БОЛГОНУ ЭСИМДЕ ЖОК»
Операциядан бир нече күн өтүп, Айсабек мырза өзүнө келгенде ага жолугууга кайрадан бардык. Кадимкидей сүйлөгөнгө жарап калыптыр: «Уйду айдап келгени баргам. Андан кийин эмне болгону эсимде жок. Көзүмдү ачсам ооруканада жатыптырмын. Дарыгерлер ары-бери чуркап жүрүптүр»,- дейт.
«БЕЙТАПТЫН АБАЛЫ, БУЮРСА, ЖАКШЫ»
Улуттук госпиталдын №1-нейрохирургия бөлүмүнүн нейрохирург дарыгери НУРЛАН КАЧИЕВ:
– Бейтаптын абалы баштагыга салыштырмалуу жакшы. Чагылган тийип кулаганда жерге башы менен катуу урунуптур. Баш сөөгүнүн чеке бөлүгүндө жаракалар бар экен жана мээнин ошол жагында кан уюп калыптыр. Башынын сол тарабындагы чачтары, сол ийини жана сол жамбашынын айрым жерлери күйүккө тушуккан. Чагылган бейтаптын өзүнө түз тийбегенден улам күйүктүн жеңил түрүнө кезиккен.
Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg