Өткөн жылдын 6-октябрында Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы "Айбек" базарынан Айбийке аттуу 11 айлык наристе 20-25 чамасындагы белгисиз аял тарабынан уурдалган. Наристе арадан 8 ай өткөн соң гана табылган. Бул убакыт ичинде Айбийке ата-энесин тааныбай калган.
«АЙБИЙКЕ САТЫЛЫП КЕТИПТИР» ДЕГЕН СӨЗДӨР АЙТЫЛЫП ЖАТТЫ»
Бул күндөрдү Айбийкенин апасы НАЗГҮЛ ШАРИПОВА зээни кейип, кайгыруу менен эскерет:– Биз Кадамжай районунда жашайбыз. 1 уул, 1 кызым бар. Кызым Айбийке ошол убакта 11 айлык эле. 6-октябрь күнү Кызыл-Кыя шаарына кызыма кийим-кечек алуу үчүн баргам. Анан энемдин туулган күнүнө белекке алтын шакек да алмакчы элем. Керектүүлөрдү алып бүтүп, алтын саткан жерге бардым. Ал жерде алтын буюмдарды карап жатсам, жаныма бир жаш келин келип «кызыңыз аябай жакшынакай экен, конфет жейби, алып берейин» деп калды. Мен «макул» десем, «келиңиз, кызыңызды мен кармап турайын, сиз алтын көрүп алыңыз» деди эле, мен жаман нерсе оюмда жок ага кармата койдум. Алар менин жанымда конфет алабыз деп турушкан. Көзүмдү ачып-жумгуча эле жоголуп кетишти, дүкөнгө кирип кеткен окшойт деп бир аз күтө турдум. Келбеген соң өзүм издей баштадым.
Арадан 1 саат өтүп, эч натыйжа чыкпаган соң милицияга кайрылдым. Ал жерде да арыз жазып жана башка документ иштерин бүтүрүп отуруп 1-2 саат өтүп кетти, андан соң гана издөөгө өтүштү. Милиция кызматкерлери базардан издеп таба албай коюшту. Менин ал убактагы абалымды сөз менен айтып берүүгө болбойт. Колумда турган кызымды өзүм башкага кармата койгонума ишене албай, айла жок үйгө кайттым. Милиция кызматкерлери алгачкы 2 ай катуу издешти. Бирок таба алышкан жок.
Ошол азаптуу күндөрдү эстесем, азыр да жаман болуп кетем. Ал жаш келинди мындайга барат деп эч ойлогон эмесмин. Кызымды тааныбаган адамга бергендигим үчүн өзүмдү жемелеп жүрдүм. Эки ай өткөн соң милиция кызматкерлеринен да үмүт үзүлдү. Кызымдын кайда экендигин билүү үчүн түрдүү табып, бакшы, молдолорго бара баштадык. Облус аймагындагы күчтүү көзү ачык дегендердин баарына бардык. Бул убакыт ичинде эл арасында түрдүү айың кептер чыкты. «Айбийке сатылып кетиптир, анын органдарын чет мамлекетке сатып жиберишиптир» деген сөздөр айтылып жатты. Бул сөздөрдү уккандан кийинки абалды айтпай эле койсом болот.
Кызымды бутубуз тешиле издеп, барбаган жерибиз калбады. Июнь айынын аяк ченинде Кадамжай районунун Шады айылынын тургуну «Кызыңардын турган жерин таптым, мени менен барып кызыңарды көрөсүңөрбү? Дал ошол экендигин таанышыңар керек» дегенинен ишенген жокпуз. Ал киши кеткенден кийин ойлонуп, кайра ага телефон чалдык. Андан соң апам ал адам менен сүйлөшүп, Айбийке турган үйгө барып кызымды тааныптыр. Ошол эле күнү кызым үйгө келди.
Айбийке арыктап, денесинде тытылган издер бар экен. Алгач келгенде өзүнө чоң энесинен башканы жолотпой ыйлап жүрдү. Энем менен жүрүп, эми бизге да көнүп калды. Бирок бейтааныш адамга анчалык жолой бербейт. Кызымды дени таза таап берген Аскар Аманбаевге, Кудайга ыраазымын. Кызыл-Кыя шаардык мэриясынан Айбийкени тапкан адамга 100 миң сом акчалай сыйлык берилет деп айтылган экен. Бирок ал акча бериле элек.
«АЙБИЙКЕНИ УУРДАГАН КЕЛИНДИ КАЙНАТАСЫ ТӨРӨБӨЙСҮҢ ДЕП КУУП ЖИБЕРИПТИР»
Айбийкени өз алдынча издеп тапкан пенсиядагы милиция кызматкери АСКАР АМАНБАЕВ кызды 4 ай бою издеген.– Мен Ош шаарынан Кызыл-Кыя шаарына келе жатып, маршрутканын ичиндеги эки аял Айбийке жөнүндө сүйлөшүп баратканын угуп калдым. Бирөөсү «Айбийкени уурдап кеткен Махабат деген келин, наристени уурдаган соң ал Жалал-Абаддын тоолоруна чыгып кеткен. Анын кызды уурдап келгенин ал жердегилердин баары эле билет. Ал келиндин колунан бардык нерсе келет. Айбийкенин ата-энесин коркутуп акчасын да, айласын да түгөттү. Милицияга Махабаттын кайда экенин билдирип коюш керек» деди. Экинчиси «билдирсең өзүң кармаласың. Сен айткыча келин Айбийкени дагы башка жакка алып кетип калат. Ал оңой эмес, качып кетсе, сени суракка алышат» деп айтты. Ошентип сүйлөшүп келип, эки аялдын бирөөсү Ноокаттан түшүп калды. Экинчиси Кызыл-Кыя шаарынан түштү, мен бара турган жериме кетпей эле анын артынан түшүп, Айбийке тууралуу сурадым. Бирок аял «мен бул окуяга аралашкым келбейт» деп айтуудан коркуп туруп алды. Мен ага «сен аралашпайсың, болгону мага ал келин жөнүндө айтып бер» деп отуруп акыры маалымат алдым.
Андан соң келин жүрөт деген айылдарга барып, аны тааныгандардан сураштыра баштадым. Акыркы 4 ай ичи үйдө да болгон жокмун. Издегенге да көп каражат кетти. Менин эмне кылып жүргөнүмдү кемпирим да билген жок. Күнү-түнү үйгө барбай талаалап жүрсөм, үйдөгүлөр мени башка аял таап алган деп ойлошуптур. Акыр-аягы Айбийкенин турган жерин таап, эми анын Айбийке экендигин тааныш керек болду. Наристенин ата-энесине жолугуп, «мен кызыңарды таптым, тааныганга жүргүлө» десем, алар «биз мындайдан тажадык, акча тилеп жатсаң айт, берели. Бизди алдабай эле кой, сага окшогондор тажатышты» дешти. Себеби аларды Айбийкени уурдаган келин «бул жерге келгиле, кызыңар бар» деп алдап ар жерге чакырып, жеткенде телефонду өчүрүп коёт экен. Тоо-ташта жалгыз калып кеткен түндөрү да болуптур. Ошон үчүн мага ишенбей жатышыптыр.
Кайра ойлонушканбы, эртеси телефон чалышты. «Кызыңарды таппасам, кеткен чыгымыңарды төлөп берем» дедим. Айбийкенин таенеси келип, экөөбүз Араван районунун Жабылга айылына бардык. Айбийкени уурдаган келинге кошуна жашаган жаш балдарга Айбийкенин сүрөтүн көрсөтсөм, алар ошол экендигин айтышты. Уурдаган келинди кармаганга менде укук жок болгондуктан, ага чейин Кадамжайдан милиция кызматкерлерин даярдап койгон элем. Аларды чакырып, Кадамжай райондук жана Кызыл-Кыя шаардык милиция кызматкерлери келип келинди кармашты. Келин «бул эжемдин кызы, бербейм» деп орусча сөздөр менен сөгүнүп кирди. Бирок метрикасын көрсөтө алган жок. Таенеси «Айбийке, Айбийке» деп чакырса, наристе таенесин издей баштады.
Наристени келин багып алуу максатында уурдаган экен. Өзү турмушка чыгып, балалуу болбогондо кайнатасы кууп жибериптир. Кызды уурдагандан кийин ал Жалал-Абадда, Кара-Сууда, Араванда алып жүргөн.
«ИШ СОТКО ӨТКӨН»
Кызыл-Кыя ШИИБинин башчысы МУРАТ ТОГУЗАКОВ:
– 1994-жылы туулган Акбермет Акматова 2012-жылдын 6-октябрь күнү саат 14:00дөр чамасында Кызыл-Кыя шаарындагы «Айбек» базарынан Кадамжай районунун Алыш айылынын тургуну Назгүл Шарипованын кызын «конфет алып берем» деп алдап алып, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна качып кеткен. Ал жакта «менин кызым» деп багып жүргөн. 8 айдан соң Айбийке Абдилакимова Акбермет Акматова багып жүргөн жеринен табылып, ата-энесине кайтарылып берилген. Бул факт боюнча Акбермет Акматованын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 123-беренеси (адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү Акбермет Акматованын акыл-эси жайында экендиги аныкталды. Учурда тергөө иши аяктап, соттук кароого өткөрүлүп берилди.
Бегайым Тажибай кызы
koom@super.kg