«Өнөр издегениң – өргө кадам шилтегениң» делет. Анын сыңарындай, жаңы же бейтааныш өнөр кызыгуу жаратпай койбойт. Сайманын эмне экенин
баарыбыз жакшы билебиз. Ал эми тасма менен саймалап, сүрөт түшүрүү дегенди билесизби? Эгер бул сизге кызык болсо, анда төмөндөгү макалага көңүл буруңуз.
ТАРЫХЫ
Тасма (лента) менен саймалоо (же сайма түшүрүү) тарыхы байыркы маданиятка барып такалат. Жибек куртунун сыры ачылган соң Европа, анын ичинде Франция жибек өндүрүүчү ири өлкөгө айланган. Лион шаарында алгачкы жибек тасмалары өндүрүлөт. Ошол убакта Франциянын королу баштаган бай адамдар жибек тасма менен кийимдерин кооздотушкан. Ошентип кездемени жана кийимди тасма менен кооздоо өнөрүнүн уюткусу түзүлөт. Бара-бара ак сөөктөр арасында тасма менен сайма түшүрүү, саймага ар түрдүү сүрөттөрдү чагылдыруу модага айланган. Учурда бүткүл дүйнөгө таралган өнөр «тасма менен саймалоо» же «сайма түшүрүү» деп аталып келет.
ЭМНЕЛЕР КЕРЕК?
Сайма түшүрүлгөн кездемелер менен жаздык кап, куттуктоо баракчаларын жана башка фантазияга ылайык көп нерселерди жасалгалоого болот.
«КЫМБАТЫ 5 МИҢ СОМ»
Борбор калаабыздын базарларынын биринде тасма менен сайма түшүрүп, өз өнөрүн элге да бөлүшүп, чакан бизнес да жасап отурган замандашыбыз бар. Ал – АДЕЛЯ АБДИЕВА. Уз айымды соода кылып отурган жеринен таап, сүйлөштүк.
– Иш илгери болсун! Кызыктуу өнөрдү аркалайт экенсиз, муну кантип үйрөнүп алгансыз?
– Бул өнөр тууралуу алгач тааныштарымдан уккам. Анан кызыгып, Орусиядан бул саймага тиешелүү баштыкты (набор) алдырдым. Баштыкта сүрөт түшүрүлгөн кездеме, тасма, темене, жип жана сайманын схемасы болот. Ал схеманы карап, интернетти пайдаланып өздөштүрүп алдым. Эң негизгиси, адамдын каалоосу болушу керек. Азыр ошондой баштыктарды Кытайдан, Орусиядан дүңүнөн алдырып, сатып отурам. Менден кызыгып алып кетип үйрөнгөндөр арбын.
– Бул керемет сүрөттөрдү сиз сайдыңызбы?
– Ооба. Бардыгын өз колум менен сайып, сыртынан айнек каптатып рамкага салып койгом. Мындай даяр белектин (сувенир) арзаны 350 сом, кымбаты 5 миң сомго сатылат.
– Маегиңизге рахмат!
Гүл эле эмес, тасма менен саймалап жаратылыштын, жан-жаныбарлардын, буюмдардын элесин да келиштирип түшүрүүгө мүмкүн. Фантазияңызды чектебеңиз!
Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg