Эмил Эсеналиев, «Ак-Өргө сity» командасынын оюнчусу:«ЖИГИТТЕРДИН СТЕРВАСЫМЫН»

«Тамашоу» Лигасындагы «Ак-Өргө сity» командасынын көзгө басар оюнчуларынын бири, Актандын ролун келиштире аткарган Эмил Эсеналиев – тамашакөй, шайыр жигит. Эмилдин лакап аты да мезгил-мезгили менен өзгөрүп турат. Башында Ёма, анан Актан, андан соң Sexyбек болсо, «До+Фа» киносунан кийин Котормочу атка конгон.

ЭМИЛ ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, күнү
– 1989-жыл, 28-апрель
Туулган жери – Нарын району, Он-Арча айылы
Ачуусу келгенде көп колдончу сөзү – Бардык нарындыктар сыяктуу эле «вый, энеңди» деп алат
Жашоодогу урааны – «Алга, алга, кээде оңго, эркектик кылып кээде солго!»
Эсте калган комплименти – «Ии, арыктап калыпсың»
Бирөөдөн уккан эң пайдалуу кеңеш – «Сенин талантың зор, токтобой иштешиң керек»

– Эмил, сени «тамашоучу» катары тааныйбыз. Маегибизди аталган долбоорго кантип келип калганыңдан баштасак...
– Мен ойногон «Ак-Өргө сity» командасынын балдары Ак-Өргөөдө кошуна жашайбыз. Кичинебизден чогуу топ тээп өскөн достордонбуз.
Анда мектепти бүткөндөн кийинки жылдар болчу. Кошуна көчөдө жашаган бир сулуу кыз аябай жакчу. Ал дүкөндө иштээр эле. Анын дүкөнүнөн эт, майда-чүйдө азыктарды сатып алгандан уялчумун. Эптеп аны көрүүнүн айласын издеп бир күнү дүкөнгө кирсем, сатыкта «Супер-Инфо» туруптур. Гезитти сатып алып артын карасам, Эрмек Нурбаевдин жылмайган сүрөтү менен «таланттуу, шайыр жаштарды кабыл алабыз» деп жазылып туруптур. Командабыздагы Эрмек КВНге кызыкчу эле, дароо ага алпарып көрсөттүм. Тагдыр буйруп «Ак-Өргө сity» командасы 2008-жылы 1-ноябрда «Тамашоунун» алгачкы оюнуна катышкан. Мен 2-оюндан тарта аралаша баштагам.

– Быйыл «Тамашоунун» 6-сезонунда «Ак-Өргө сity» командасы ойнойбу?
– Жок, ойнобойт. Бирок Самат экөөбүз күчтүү «тамашоучу» жигиттердин башын бириктирген команда түзүп, Жогорку Лигада ойносокпу деп турабыз. Мындайча айтканда, каймактары, жинди-жинди оюнчулары, көздөрү «жеңиш» деп жайнаган жигиттер болот курамда.

– Сага куудулдук талант кимден берилген?
– Атам аябай сөзгө чечен, капилеттен сөз тапкан, куйкум сөздөр менен какшыктап сүйлөгөн кызыл тил адам. Командадагы балдар менин үйүмө келгенде боору эзилгенче күлүп кайтышат. Комуз чертмей, күлдүрмөй сыяктуу өнөрлөрүм атамдан өткөн.

– Үй-бүлөдө көп бир тууган экенсиң...
– Ооба, алты бир тууганбыз. Үч эркек, үч кыз. Эки агам, бир эжем, эки карындашым бар. Менден улуулары үйлөнүп-жайланган, өздөрүнчө турушат. Апам, тилекке каршы, 2005-жылы каза болуп калган. Атам – айдоочу. Кичинекей кезимде өтө шок бала болчумун. Мектепке барарда апам «бербей эле койгула муну мектепке, эч нерсе чыкпайт баары бир» деген экен. Чынында эле байкелериме ишенип баары менен уруша берчүмүн. Эч кимден коркчу эмесмин. Борборго 4 жашымда көчүп келгенбиз. Кебетем эле айылдык көрүнбөсө, өзүм шаардык жигитмин.

– Бир жолу «мага стерва кыздар жагат» деген элең, көздөгөн кызыңды таптыңбы?
– Ошону бекер айтыпмын. Азыр ал оюмдан кайттым. Мага стерва кыздар жакпай калды. Бирөөнү тапкан болчумун, ашыкча стерва экен. Өзүм да жигиттердин «стервасымын», эч бербейм өзүмдүкүн, баш ийчү жерден да оңой менен баш ийбейм.

– Жиниң чукул окшойт анда?
– Кыялым бир аз чорт, жиним бат келет, ороймун. Мисалы, социалдык тармактан эле бир учурда бир топ суроо келет. Баарына жооп берип жетишпейсиң да. Анан эле «жылдыз болуп кетипсиң» дешет. Ар бирине «жок, мен жылдыз эмесмин, ажатканага чыгып кеткен болчумун, кечирип койчу» деп отурбайсың да. Жиним келип «билгениңди кылчы, ойлосоң ойлой бер» деп салам. Ошондо даана «эми анык жылдыз болду» деп ойлоп калышат. Мен телефонду албай же интернеттен жооп бербей калсам эле жылдыз эмесмин, ар биринин өз себеби бар, биз эң башкысы адамбыз да.

– Жашоодо кандай адамсың?
– Сахнадагыдай элемин, кичине «серьёзный» болуп койгонум болбосо. Анан болбогон нерселерге эле боорум ооруй берет, көчөдө улуу курактагы киши араба түртүп же унаа токтотуучу жайда иштегенин көрсөм, чыдап карап тура албайм.

– Боорукер жигиттин сүйүүсүн биринчи билдирген кыздарга көз карашы кандай?
– Канчалык сулуу, канчалык табити мыкты болбосун, эгер кыз киши биринчи сүйөм деп айтса, аброю бир тепкич ылдый түшүп калат. Сен жактырып жүргөн кыз өз сүйүүсүн билдирсе, аракет кылгың деле келбей калат да. Өзү даяр келип жатса. «Сүйөм» деп көп айта бербеш керек, сүйүүнүн баркын кетирип. Көп айтсаң да көөп кетишет.

– Сүйлөшкөн кызың барбы?
– Ооба, бар. Аты – Самат, ха-ха... Тамаша, экөөбүздүн жумушубуз бир. Чогуу жүрүп ага-инидей эле болуп калганбыз. Бир сутканын 95 пайызын чогуу өткөрөбүз. Кээде кыздардын кызганычы ушунун айынан болуп калат, «Неге мага караганда Самат менен көп жүрөсүң?» дешип. Учурда бир кыз жагып жүрөт.

– «До+Фа» фильминде котормочунун ролун катыра аткарыпсың, орус тилин фильмдегидей эле билесиңби?
– Командадан орусчаны жакшыраак билгени эле менмин. Азык сүйлөй берет кыйын болуп, бирок менчелик билбейт да. Кинодо ал жөн эле образ, а мындайда анча-мынча орустарга сабак берип коём.

– Репетиция учурунда ырдаганыңды интернеттен көргөндөр «ырчы эле болчудайсың» деп жатышат. Барбы, андай пландар?
– Ырчылардын арасынан комплимент айткандар болду, «ырдап чыксаң болчудай» деп. Күзүндө Самат экөөбүз ыр жаздырабыз. Эгер ырчы болуп калсам, анда кыргыз музыкасына башкача стиль кошом. Иван Дорндукундай жаштардын табитиндеги жаңычылдык, өзгөчөлүк менен келем деген максаттарым бар.

– Элди күлдүрүү оңойбу?
– Мен үчүн кыздарды күлдүрүү оңой. Аялдардын өзүнүн темасы болот го, шиш така, айымдардын баскан-турганын туурап берип койсоң күлө беришет. Эркектерди күлдүрүү бир аз кыйыныраак. Спорт менен машыккан бирөөнү тамашалагандан да коркосуң, «байке-байке» деп эле кутулбасаң.

– Каражат тапчу булагың барбы?
– Тойлордо тамадалык кылам, гастролго чыккан ырчылардын концерттерин алып барып берем, клиптерге сценарий жазам, каражат түшчү булагым көп эле.

– 24 сааттын кайсы убактысы сага өзгөчө жагат?
– Таңкы саат 7:30 жагат. Ойгонуп эле көздү ачып «өх, бул түндөн аман чыгыптырмын» десе керек ар бир пенде.

– «Эркектер айымдардан калышпай ушакташышат» деген кепке ишенесиңби?
– Туура, андай болот, айрыкча эркектер чогулуп отурган жерде. Сөзсүз өткөн-кеткен кыздарды айтып, сындап, «тигиндей экен, мындай экен» деп сөз кылгандар бар. Бирок өздөрүнүн сүйлөшкөн кыздарын ушакташпайт.

Лунара Бекиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Жылдыз болгондо айтып коём"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
asil-08
2013-08-12 10:36:14
тилектерине жет ийгилик пландарына
0
aika0906
2013-08-13 15:22:18
asil-08, бир жолу спорт ордосунда Тамашоу болгондо атайын озунчо слайд шоу кылып суйлошкон кызым деп чоон экрандан корсоткон эле го бул бала! аты Чолпон беле же Элнура бы! ал менен мамилеси узулду бекен?
0
kara-koz
2013-08-12 12:32:33
Жакшы чалчандаганский,чулчунгандай балдарга окшобойт экенсин!!)))) супер котормочу деген наам бериш керек!!!
0
danilka
2013-08-12 13:59:58
Иштерине ийгилик
0
bakythka
2013-08-12 16:25:37
Эмил ачык суйлогонун жагат сенин ! талантына таазим! саматике салам!
0
ZarinaSM
2013-08-13 01:09:47
)))чон.ата)))
0
bosmos7
2013-08-13 01:37:00
Ийгиликтер болсун!
0
indira.1991
2013-08-13 04:12:25
ачык мунозун жакты. ийгилик сага
0
konfetka_love
2013-08-13 15:15:34
Ийгилик!
0
Nurzada88
2013-08-13 19:20:59
Жонокой жигит экен, ишине ийгилик!
0
Nurik_UFC
2013-08-14 00:33:59
ДО + ФА тасмасын аябай сонун ойногон актёр болсо болгудай бала азаматсын
0
kips
2013-08-14 15:24:44
Molodez!
0
aigerimarslan
2013-08-15 13:25:37
Азамат талант бар
0
Aby_elli
2013-08-20 04:30:16
Кишини жаман коргондой тиктейт го ушул бала))))))) бирок таланттуу бала, талантын оркундосун!!!
0
kuti-kg
2013-08-21 14:14:23
Азаматсын котормочу до+фанын 2чиси чыгат бекен?
0
№ 562, 9-август-15-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан