АХ, СЕНИН «АТ ЧАПКАНЫҢ...»

Кыз жандуу жаным үйлөнгөндөн кийин деле бул адатым калбады.
Тиричилик деп келинчегим экөөбүздүн айылдан келгенибизге 3 ай болгон. Жумуштан чарчап келе жатып бир кружка сыра ичейин деп кафеге киргем. Ошол жерден Разия, Назгүл деген кыздар менен капысынан таанышып калдым. Сыра ичип отурушуптур. «Бизге кошулбайсызбы» дешкенинен үчөөбүзгө сыра алдыртып, алардын столуна жайгаштым. Түн бир оокумга чейин отурдук. Разиянын көзү кылгырат, мас болумуш болуп тизесинен, көкүрөгүнөн кармалап койсом, ошол жерде чечинчүдөй абалга жетти. Өзүмдүн да эңсөөм ашып-ташып, жанымды коёрго жер таппайм. Кыйпычыктап каякка алып барарымды билбей жатсам, «биздикине жүрбөйсүзбү, кечебизди уланталы» деп калбаспы өзү.
Асанбайда квартирада турушат экен. Куру бармак белем деп чуркап дүкөнгө кирип сыра, закуске алып чыктым. Квартирасына бардык. Чай коюшту. Анысы деле өткөн жок. Сыра ичүүнү уланттык. Бир убакта Разия мага жабышып кирсе болобу. Ай-буйга келбей эле төшөккө жыгылдык. «Кызсыңбы?» десем, таңдайын так этип башын чайкап, «кыз издеген кыйын неме көрүнөсүз, сизге чейин далайды жайлагам» деп каткырып коёт. Кантсе да жаш эмеспи, төштөрү тикчиет. Мас неме төшөктө болгон өнөрүн көрсөттү окшойт мага. Айтор, «көзүңө-көзүм, төшүңө-төшүм» деп жылуу сөздөрдү айтып бир кумардан чыгып, уктап кетиптирмин. Бир убакта бирөө мени сыйпалап, өпкүлөп жатат. Разия го деп көзүмдү ачсам, курбусу Назгүл экен. «Экөөңдү көрүп уктай албадым, эңсөөм ашып-ташып жатат» деп коёт анысы. Өнөрү Разияныкынан ашса ашат, бирок кем калышпайт экен. Айрыкча үстүмө чыгып «ат чапканычы»! Ишибизди бүтүргөн соң анын кош алмасын кармалап жатып уктап калдым. Ойгонсом, күн шашке болуп калыптыр. Чөнтөк телефонумду карасам, аялым бери дегенде эле 20 жолу чалып, каргап-шилеп СМС жазып жибериптир. Жуунуп-тазаланып, базардан эки баштык тамак-аш толтуруп алып үйгө жөнөдүм. Аялымдын көзүн карай алсамчы... Эптеп шылтоо таап кутулгам.
Кийин да Асанбайга барып жүрдүм. Акыркы күндөрү байкасам, аларга байланып бараткандаймын. Калп айта берип аялымдан да уялып бүттүм. Үйдөн чыкпайын десем, кумар деген кургур кууратат.
Алмаз
Астра Айдарова
erotika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (140)
кынырыш иш 40 жылда билинет дегендей ушунчанда токтотсончу ойлоп корсон алган жарын ак никелуу таза дегендей. ал кыздарын сендейдин сексени менен журсо керек бир нерсе болсон аялын эле куйот кыздарын кечирип кана гой.
Андай болсон аялынды кыйнабай,ажырашканын туура болот,ал дагы бироонун кызы да,сенсиз деле оокатын соонун кылып кетет.Сенден да жакшысын табат.
эркек деген эркек да,уйдо жок нерсени издешет
Аялына деле жакшы мамиле кылып,кафе ресторанга алып барып, суйуу создорун айтып конулун алган болотда .Озун айткан сырадан кичине ичсе аялын деле кыздардан кем калбай кумарга батырат !
Ошол бала ойлонуп иш кылыш керек. Барыбыз ойлонуп королу мисалы.кызга балагада тиешелуу мисалы: канча кыздар менен журдун дейлик анан уйлондун балдарын билсе эмне кыласын озун ойлонуп сенинда атан же апан уйлонгучо канча жыныстык байланышта болуп акыр уйлонушуп сени жаратты сага жагат ошондой ата эне .мактанып жатат балким ал билбейттир анын аялыда эмне кылып жатканын. Мен бир хадисте окугам Пайгамбарыбыз айткан экен тозокту кобунчо аялдар ээлейт экен.ошонд.н аялдар учун хадис бар эркектер жок
Уйдо Жок нерсени издеш керек деп жазыптыр го бироолор эртеден кечке уй жыйнамай Тамак жасамай балдарды жуунтуп курсагын тойгозмой анан эле кечки Тамак анан балдарды уктатмай шашкалып куйоом келгиче деп Бир жасанып алсан анан Куйоондон чарчадым деп жатып алса эртеси куну анан Уйдо катын Жок экен деп издеш керекби аялды датушунуш керек да Ошо Бир кружка пивонун ордуна Балдардын балмуздак алып келсе ошол пайдалуурак болот беле уй болгонун очогу очпосунчу
Бу бузулган кишиго! аман эле болсун аялына жолко озунда мал! Жур десе эле кете берген
аягы суюк неме экен ушундайларды корсом журогум ооруйт эркек кишини айтам аялы турса башкаларга коз артып
сен аларды канча ХХХ сайын шайтан сени ошончо ХХХ жаткан да ошону да унутпа
dasta, жаргон сөздөрдү колдонууга тыюу салынган! Эскертүү!
Кайтар дуйно,сен бироонун эшигин каксан,сенин да эшигини бироо кагат.
Оо кудай ынсап бере кор бул адамга
Кайтар дунуйо дейт, эже-карындаш,кызыны аялындын ордуна коюп кор.
Эмне деп айтышты деле билбейм.Туура, аялынын козуно чоп салганы туура эмес,бирок-эркектер,биз бул жерде ар кайсыны жазып жатабыз. Чын-чынына келсе любой эркек сулууну коргондо озун бир жоготуп жиберет. Если на этом повод найдется то,все считай что,поезд подъехал и ждёт пересадку. Бул жерде калптан эле актана берищтин кереги жок. Дело коснется даже девушки пойдут на такое. Это и есть человеческий инстинг.