Ысыкта салкын жай издеген курт-кумурскалар үйлөргө чейин кирип барышууда. Мунун айынан айрым адамдар кара курт же жыландын чагып алуусуна туш болуп, ооруканага түшүүдө. Бул жаатында Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнүн врачы Бакыт Жапаров атайын кеңеш берет.
СТАТИСТИКА
Жогоруда аталган бөлүмгө июль айында жалпысынан курт-кумурска чагып 49 адам түшкөн. Мунун ичинен 14 адам жатып дарыланган (кара курт чакканы – 11, чаян чакканы – 2, жылан чакканы – 1).
Ал эми үй жөргөмүшү чаккан 35 адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, үйүнө жиберилген.
«ЧАККАН ЖЫЛАНДЫ КРУЖКА МЕНЕН ӨЛТҮРГӨНҮМДҮ БИЛБЕЙ КАЛДЫМ»
Алгач биз АЗИРЕТ ЭСЕНБАЕВ жаткан палатага кайрылдык. Азирет 21 жашта, Сокулук районунун Асыл-Баш айылынан. Учурда имараттарга евроремонт жасап эмгектенет.
– 25-июлда түндө үйдө уктап жатып, бир кезде суусап коридорго суу ичкени чыктым. Эми сузуп ичейин десем эле оң бутумдун таманы аары чаккан сымал тыз дей түштү. Карасам эшиктин түбүндө узундугу жарым метрдей кара чаар жылан жатат. Ошол чаккан экен. Кыйкырып ийдим. Нес абалымда колумдагы кружка менен жыланды койгулай берип, кантип өлтүрүп салганымды билбейм. Үйдөгүлөр ойгонуп, дүрбөлөңгө түшүп калышты.
Чаккан жер абдан оорутуп, шиший баштады. Жип таап келишти эле, аны менен шыйрагымды катуу байладым. Чаккандан кийин ошол бутум чымырап, аябай оорутуп, акырындап эч нерсе сезбей баштады. 15 мүнөт өткөндө тиземе чейин жансыз болуп калды. Анан көзүм тумандап, эсимди жоготтум. Үйдөгүлөр мени Сокулуктун ооруканасына, анан Бишкекке, бул бөлүмгө алып келишиптир. Буларды мен элес-булас гана билем. Анткени бирде эсиме келип, бирде келбей жаттым.
Азыр абалым жакшы, врачтарга жана абалымды сураган сиздерге рахмат.
«ЭКИ КҮН АТА-ЭНЕМДИ ТААНЫЙ АЛБАЙ КОЙДУМ»
Кийинки каарманыбыз Бишкектин Ак-Бата конушунун 29 жаштагы тургуну МАЙРАМБЕК МАМБЕТОВ. Айдоочу, 2 баланын атасы.
– 25-июлда кечки саат 10дордо тапчанда чай ичип отурганбыз. Бир нерсе алып келмек болуп бут кийимимди кийсем, кызыл ашыгым тыз эте түштү. Карасам бут кийимдин ичинде кара курт былжырап өлүп жатат. Аны мен жалпайтып басып алыпмын. Ызы-чуу түшүп, «Тез жардамга» чалдык. Чаккандан 2 мүнөт өтпөй табарсыгым катуу сыздатып, 5 мүнөт өтпөй бел, бөйрөгүм аябай ооруй баштады. Калтырап-титиреп, денеме майда, кызыл бүдүрчөлөр чыгып кетти. Дем жетпей, мууна баштадым. «Тез жардам» келгиче эсимди кыска убакытка жоготуп жаттым. "Тез жардам" кызматы 30 мүнөттө келди. Керектүү уколдорду сайып, токсикологияга алып келишти. Жандандыруу бөлүмүндө 3 күн жатсам, анын 2 күнүндө башкаларды тургай ата-энемди тааный албай койдум. 5 күн тамак ичкенге жарабадым. Азыр абалым жакшы.
БИРИНЧИ ЖАРДАМ
Эгер жылан чагып алса:Жгут же жип менен байлоо, йод менен күйгүзүү жардам бербейт. Булар илгери ойлонуп табылган нерселер. Анткени жыландын уусу сиз байлап үлгүрө электе эле канга аралашып калган болот. Кан болсо жогорку ылдамдыкта жүгүрөт. Чагып алар замат тынч, кыймылдабай жатуу керек. Ушинткенде иммундук систем болгон күчүн уу менен күрөшүү үчүн толук жумшай алат. Анын үстүнө уу органдарды иштен чыгарат. Кан да уудан коюуланып, кан тамырлар көөп чыгат. Андыктан кыймылдоодон ички кан агуу күтүлөт, тынч жатсаңыз мунун алдын аласыз. Жаныңыздагы адам «Тез жардам» чакырып, анан чаккан жерди коркпой-этпей бат-баттан соруп түкүрүп салса болот. Бул уунун организмге азыраак тарашын шарттайт.
Жыландын чагуусунан аман калуу үчүн адамга 30 мүнөт, 1 саат же андан көбүрөөк убакыт керек. Бул жыландын канчалык уулуу экенине байланыштуу болот. Ушул аралыкта тез жардам көрсөтүлүп калуусу зарыл.
Эгер кара курт чагып алса: Уусу чаккандан кийин 30 мүнөт, 1 саат ичинде бүт организмге кан аркылуу тарап кетет. Андыктан дароо «Тез жардамга» чалуу зарыл. Антпесе абалы оорлоп отуруп, акырында көз жумушу мүмкүн. "Тез жардам" келгиче ооруну сездирбөөчү жана антигистаминдик (аллергияга каршы) дары берип, чаккан жерге муздак компресс же муз басыш керек.
Уу денеге бат тарап кетпес үчүн чаккан колду же бутту кыймылдатпоо кажет. Жакшысы, адам тынч жатканы дурус.
Үй жөргөмүшү чагып алса:Учурда өңү сары, буттары узун үй жөргөмүштөрү адамдарды чагып жатат. Булардын уусу өлтүрбөгөнү менен, күчтүү, андыктан чакканда дароо врачка кайрылуу зарыл.
Эгер чагып алса, анда мында деле ооруну сездирбөөчү жана антигистаминдик дары берип, чаккан жерге муздак компресс же муз басыш керек.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg