Мукаш Абдраев атындагы атайын адистештирилген музыкалык жатак-мектебине мүдүрлүк кылууну Исирадин Аманбаев 2 жылдан бери колго алган. КРнын Эмгек сиңирген артисти учурда көптөгөн жаңы иштердин үстүндө иштеп жаткан кези. «Биздин мектептин ичинде болуп келген «Жаш кербез» деген сынагыбыз бар эле. Анын өтпөй калганына 10-15 жыл болуп калган. Учурда ошол сынакты кайрадан жандандыра баштадык. Сынак болмоюн балдардын деңгээли өспөйт. Максатыбыз – таланттарыбызды эл аралык деңгээлге чыгаруу, профессионал артисттерди даярдоо. Буюрса, бул сынакты республикалык, андан кийин эл аралык деңгээлге алып чыгалы деген максатыбыз бар»,- дейт Исирадин Аманбаев.