Бүгүнкү каарманыбыз «Президентке сигнал» акциясынын топ башчысы, коомдук активист. Бийликке конструктивдүү оппозицияда болуп, көчө демократиясын жоёбуз деген жаштардын катарын Азамат Акелеев да толуктайт. Эмесе, анын жашоосу жана көз карашы сиздин назарыңызда.
АТААНДАШЫП, ЖАРЫШЫП БИЛИМ АЛГАН БАЛАЛЫК
«Келечекте жаштар саясатка топ менен келбесек, жалгыз эч нерсени өзгөртө албайбыз» деген коногубуз чоң ата-чоң энесинин колунда аябай эрке болуп өскөн. Төрт ини-карындашы туулгандан кийин баягы тентек бир туугандарын багып-өстүрүүдө апасына чоң жардамчы болуп чыга келет. Атасы инженер болсо, апасы – экономист.
Окуучу кезинде Кыргыз-Түрк лицейине тапшырып, андагы күндөрүн Азамат мырза: «Ал жакта жарышуу, атаандашуу менен көп ийгиликке жетиштим. Мейли окууда, мейли спортто болсун, алдыңкы болууга аракеттенчүбүз. Жалаң эркек балдар окугандыктан, мушташып, күч сынаша да кетчүбүз»,- деп эскерет. Окууну бүткөндө кесип тандоо оорчулук жаратып, алгач Борбордук Азиядагы Америка университетинин журналистика адистигине тапшырат.
КАРООЛЧУ СТУДЕНТ
Азамат 1-курсту аяктап жатып журналистика анын кесиби эмес экенин түшүнүп, кийинки жылы бизнес башкаруу факультетине которулат. Ал карапайым үй-бүлөнүн баласы болгондуктан, окуу жайдын келишимдеги акысын төгүү маселе жаратчу. Тырышчаак студент билимге болгон умтулуусу менен бир кыйла жеңилдик алат. «Жол кирени үнөмдөп, көбүнчө жөө жүрчүмүн. Ал кезде азыркыдай курсак жок, арык элем. «Кыргызтелеком» ишканасына кароолчу болуп жумушка кирип алдым. Түнү менен китеп окуйм, таң атканда окууга барам»,- дейт ал.
Университеттин курама командасы менен КВНде ойноп, шаардык жарышта биринчиликке да жетишишкен. Шамдагай, дилгир бүтүрүүчүнү окуу жай дароо жумушка алып калат. 2004-жылы АКШнын Индиана штатындагы Индиана университетинин бизнес башкаруу адистиги боюнча магистратурасына жөнөп кетип, ал жактан эки жылдан кийин кайткан.
СҮЙҮКТҮҮСҮН АЛМАТЫДАН ТАПКАН
2009-жылдын декабрында Алматыга конференцияга барып, казактын Маншук аттуу кызына арбалып калат. Жактыруу арзууга айланып, жарым жыл виртуалдуу байланышып, ара-чолодо учак менен Карагандыга каттап жүрөт. Ал бийкеч университеттердин биринде окутуучу болуп иштечү. Жалындаган жүрөк алып учуп, алты айдан соң бир өмүргө кол кармашууну чечишет.
2010-жылдын 1-майы. Кыргызстанда экинчи революция болуп, Казакстан бийлиги чек араны жаап салган учур эле. Ага карабай каарманыбыз үйлөнүүнү чечет. Ошентип, Маншук бийкеч кыргыз-казак чек арасына келип, биздин мырза да ашыгын чек арадан күтүп алууга барган. «Кызык ошондо башталды. Ал Казакстан тарапта, мен Кыргызстан жакта. Кечке телефон менен кабарлашып, аны Кыргызстанга өткөрүүнүн амалын издеп жаттык. Бир убакта анын телефону өчүп, жоголуп кетти. Ошол бир саатта эмнелер гана оюма келбеди. Көрсө, ага бир кордайлык аткезчилер «акча берсең башка чек ара өтмөктөн өткөрүп коёбуз» деп сунушташкан экен. Маншук да алар менен кетип калыптыр. Бир сааттан кийин байланышка чыгып, мен аны Кант тараптан тосуп алдым»,- деп ал эстен кеткис күнүн жылмайып айтып берди. Учурда экөөнүн Асан аттуу эки жарым жаштагы уулу бар.
ЭМГЕК ЧЫЙЫРЫ
Өлкөдө иш баштоочуларга бизнестин жол-жобосун тагыраак окутуп-үйрөтө турган компания керектигин байкаган жаш адис 2008-жылы «Консалтинг жана изилдөө» деген фирма негиздейт. Ишкана маркетинг, пиар, жарнама менен да алектенет.
Мындан сырткары 2011-2013-жылдары Каржы министрлигинин алдындагы Коомдук байкоочу кеңештин төрагасы катары эмгектенди. Учурда бул министрликте иштөө убактысы бүтүп калгандыктан, өлкөдөгү дагы бир алсыз тармак аталган Энергетика министрлигинин алдындагы Коомдук байкоочу кеңештин мүчөсү болду. Мындан башка Жогорку Кеңеште Каржы министрлиги алып чыккан бюджеттин долбоору талкууланып жаткан угууларда жарандык коомдун атынан мыйзам долбоорго сын-пикирин билдирип келет.
Эми Азамат мырзадан айрым бир коомдук-саясий суроолорубузга жооп алсак.
– Саясатка келүүдө көздөгөнүңүз эмне?
– Чындыгында, саясатка барбайт элем. Ишкердикке багыт алмакмын, бирок ал үчүн биздин мамлекеттик саясатты оңдош керек экен. Шарт өзү бизди ошол жолго түртүп жатат. Бүгүнкү күндө саясатка жаштар топ болуп келишибиз керек, жалгыз барып эч нерсени өзгөртө да албайсың. Биздин талап – жооптуу иштерде чечим кабыл алууну билген жаңы муун бирге келип, өзгөртүүлөрдү киргизүү.
– «Президентке сигнал» акциясын өткөрдүңүздөр, эмне үчүн "оң рулдуу унаалар жүргүнчү ташый берсин" деген пикирдесиз?
– Биринчиден, бул жерде ошол оң рулдуу унаалардын ээлери аярлуу катмардагылар. Насыяга болобу, карызга болобу, машина сатып алып, таксист болуп үй-бүлөсүн багып, мамлекетке салык төлөгөн жарандар. Президент кол койгондо бул үстүртөн чыгарылган чечим болуп калмак. Өкмөттүн башка альтернативдүү жол таппай туруп алардын жолун тосуп коюусу канчалаган үй-бүлөнүн кирешесине терс таасирин тийгизмек. Маселе унаанын оң рулдуу, сол рулдуу экенинде эмес, айдоочулук күбөлүгүн кайдан алды, кантип алды, ошондо. Сол рулдууну эрежени бузбай айдаган айдоочу оң рулдууну да ошондой эле башкарат.
– Декларация тапшырууда аткаминерлер чыныгы кирешесин жашырышат. Дегеле аны тапшыруунун кереги барбы?
– Ар бир жаран декларация тапшыруусу керек. Аткаминерлер гана эмес, бир унаасы, бир үйү бар болгондор декларация тапшыруусу кажет. Бул ачык-айкындыкты берип, көмүскө экономиканы жоюуга өбөлгө болмок. Жалпы жарандардын декларациясы киргизилген маалыматтык база болушу керек. Мисалы, бир министр «бирөө мага аргымак белекке берди» деп декларацияда көрсөтсө, ал аргымакты ким бергени каралмак. «Анын даремети чын эле жетеби аргымак бергенге?» деп көзөмөлдөгөнгө кудуретибиз жетип калмак. Мамлекеттин казынасынан канчалык уурдап жатканы билинет эле.
– «Кумтөр» жана «Манастагы» Транзиттик база боюнча чечимдердин бюджетке тийгизген таасири канчалык?
– Транзиттик борбор биздин бюджетти бир топ толтуруп келди. АКШ борборун чыгаруу менен чоң мамлекет менен сүйлөшүүдөгү колубуздагы «көзүр картабызды» жоготуп алдык. Ал тургай көз карандысыздыгыбызды жоготуу коркунучу туруусу ыктымал. Мисалы, буга чейин Орусия Тажикстандагы Аскердик базасында башкача шарт менен мамиле кылып келген. Бизде АКШнын базасы болгондугу үчүн түз мамиле кылчу. Эми Кытай менен АКШнын көзүн кызарткан Кыргызстанды орус тарап ээлеп алуу, аскердик көзөмөлүн орнотуу максаты тургандай. Орусия менен дос болуп байыган бир да өлкөнү көргөн эмесмин.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg