ЖҮГӨРҮ БУЛЧУҢДУ ӨСТҮРҮП, КӨРҮҮНҮ ЖАКШЫРТАТ

Жүгөрү мындан 7-12 миң жыл мурун азыркы Мексиканын аймагында маданий өсүмдүккө айланган жана маис деп аталган. Дүмбүлүнүн узундугу 3-4 сантиметрди гана түзүп, азыркылардан 10 эсе кичине болгон. Тамак-аштан тышкары тоют катары да колдонулган. Кийин дүйнөгө тарап, түркүн сорттору, ал тургай гибрид жана гени өзгөртүлгөн (модификацияланган) түрү жаралган. Жүгөрү дагы кандай сырларды камтыйт карап көрөлү.

Медицина
ЖҮГӨРҮ ДАНЫ
100 грамм жүгөрү данында 86 килокалорий бар. Курамында белок, май, көмүртек, витаминдерден A, B1, B3, B9, аскорбин кычкылы, темир, магний, калий кездешет. Демек, данды колдонуу аркылуу организмди жогоруда айтылган заттар менен толуктоого, энергия алууга болот. Жүгөрүнү көп колдонуп жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алууга, кандагы канттын өлчөмүн азайтууга, көрүүнү жакшыртууга болот.

МАЙЫ
Жүгөрүнүн дандарын ысык жана муздак түрүндө пресстөө жолу аркылуу май алышат. Мунун курамы да пайдалуу заттарга бай. Майынын рафинаддалбаган түрү атеросклероздун, семирүүнүн, кант диабетинин алдын алуучу каражат катары пайдаланылат. Диета үчүн табылгыс.

ЧАЧЫСЫ
Курамын аскорбин кычкылы, K витамини, май, сапонин, чайыр, ситостерол түзөт. Өт жана кан тазалоочу, заара кубалоочу касиетке ээ. Сезгенүү менен рак оорусунун жаралуусуна бөгөт коюп, иммунитетти чыңдайт. Андыктан медицинада өттүн сезгенүүсүндө, бөйрөк менен өттүн таш оорусунда, сарык, табарсык жана булчуң, урук чыктагыч бездин оорусунда жүгөрүнүн чачысы колдонулат. Дары үчүн аны сууга салып, кайнатып (же термоско салып демдеп) күнүгө 3-4 маал ичүү сунушталат. Жүгөрү чачысы кээде канды токтотуучу, арыктатуучу каражат катары да пайдаланылат.
Эскертүү! Өз алдынча колдонордон мурда врач менен кеңешүү зарыл.

КИМДЕРГЕ КОЛДОНУУГА БОЛБОЙТ?
Жүгөрү жана жүгөрү азыктарын ашказанында же ичегисинде жарасы барларга, ичегиси сезгенгендерге көбүрөөк жегенге болбойт. Арыктатуучу касиети болгондуктан, өтө арык адамдарга да сунушталбайт.

КОСМЕТИКА
Беттеги такты, бүдүрлөрдү кетирүү үчүн маска. 1 аш кашык жүгөрү унуна 3 аш кашык кайнак суу куюу керек. Анан бетке сыйпап, 15 мүнөттөн соң жууп, артынан жүгөрү майын сыйпоо кажет. 15 мүнөттөн соң майдын ашыкчасы салфетка менен аарчылат.
Бардык типтеги терилер үчүн маска. 1 аш кашык жүгөрү унуна жумуртканын сарысын, 1 аш кашык балды, лимондун жарымын кабыгы менен кошуп, блендерден эзип, боткого айландырып алуу керек. Анан бетке 15 мүнөт жаап, жылуу суу менен жууп саласыз.

Ашкана
ДААМДУУ АЗЫК
1. Жүгөрү унунан жасалчу нан тээ атам замандан бери бардык элдерде, буудай нанынан кийинки экинчи орунда колдонулуп келет. Мисалы, кыргыздарда загара нан деп аталса, Борбордук Америка элинде тортилья, Чеченстанда сискал делет.
Жүгөрү унунан ошондой эле ботко жасалат, күдүрөйүп бышып, даамдуу болсун үчүн кондитердик азыктарга (торт, пирог жана башкаларга) кошушат.
2. Жүгөрү данын консервалайт, кууруйт, тамак-аштарга кошушат. Попкорн (же бадырак) жасалып, жүгөрү үлпүлдөгү (хлопья) алынат.
3. Дүмбүлүн сууга, чокко, электр мешине бышырат.

МАЙ КОШУЛУП БЫШЫРЫЛГАН ЖҮГӨРҮ Керектүүлөр:
Дүмбүл – 3 даана
Каймак май – 50 грамм
Сарымсак (майдаланып, жанчылган) – 1 тишче
Аш көк (укроп, розмарин)
Калемпир – 1 чымчым

Даярдоо ыкмасы:
Каймак майга укроп менен розмарин, калемпир, сарымсак кошулуп, аралаштырылат. Эми муну фольгага салып, цилиндр формасына келтирип, муздаткычка 30 мүнөт коюңуз. Майды алып чыгып, кесимдерге бөлүңүз. Дүмбүлдү фольгага жайгаштырып, астына жана үстүнө кесилген майларды койгон соң фольганы ороп, ысыган электр мешине салыңыз. 15-20 мүнөттөн кийин бышкан дүмбүлдү чыгарып ала берсеңиз болот.

КЫЗЫКТУУ

  • Жүгөрүнүн дүйнөдө 1300дөн ашык сорту жана гибрид түрлөрү кездешет.
  • Дүйнө боюнча жүгөрү экспорту 1 жылда 100 миллион тоннага чейин жетет. Эң көп экспорттоочу өлкөлөр АКШ, Аргентина, Бразилия.
  • Жүгөрү булчуңду өстүрүүчү касиетке ээ.
  • Чоң дүмбүлдө 800-1000ге жакын дан болот.
  • Жүгөрүнүн көп сорттору сары, саргылт түстө болсо, кызыл, көк, кара жана сыя сымал өңдөгү сорттору да кездешет.
  • АКШда 2009-жылы гени өзгөртүлгөн жүгөрүлөрдүн көлөмү өндүрүлгөн бардык жүгөрүнүн 85 пайызын түзгөн жана көбү экспортко кеткен.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жүгөрү булчуңду өстүрүүчү касиетке ээ
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Ханбийке
2013-08-19 17:30:58
ооо арыктатуучу каситке ээби, думбулду аяьай жакшы кором бирок семиртет дешкенинен коп жебегенге аракет кылчым, эми ойлонбой эле жей берсем болот экен да))))))) аябай пайдалуу азык экен.
0
Jamalym
2013-08-19 19:31:41
Пайдалуу экенин билип турсам да коп жей албайм негедир,апам болсо же-же деп эле кыстай берет :)
0
uvay
2013-08-19 23:53:01
Магада аябай жагат.
0
TolonturCN
2013-08-20 13:52:17
Jakshy, kolubuzdagy kee bir nerselerdin baaluugunun toluk bilbeit ekenbiz, bilip aldyk, rahmat!~
0
yalegenda
2013-08-21 00:29:38
мага чокко бышырылган жугору болгондо...
0
Мырзайым
2013-08-21 11:41:54
Жугорудогу бир витамин башка бир да затта жок деп уккам...
0
nasik198
2013-08-22 19:38:51
Мммм шилекейди чуурутат го жагат мага да
-1
№ 563, 16-август-22-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан