МАҢЗАТКА БАЙЛАНЫШКАН ОКУЯ КАЙРА КАРАЛДЫ

13-августта чек ара маселеси боюнча түзүлгөн көз карандысыз комиссиянын мүчөсү, Кара-Буура районундагы Көк-Сай айылынын тургуну Абдымалик Турсункуловдун үйүндө маңзат бар деген жүйө менен үйүн тинтүүгө токтом чыгарылган. Учурда Талас шаардык сотунун токтомун Талас облустук соту карап, токтомду жараксыз деп тапты. Эскерте кетсек, аталган токтом 29-июль күнү 16:00дө Талас шаардык соту тарабынан чыгарылган. Бирок көз карандысыз комиссиянын төрагасы Эмир Парпиевдин айтымында, саат 16:00дө үйдү тинтүү аяктап, протокол жазылып калган. «Бул иште күмөн жараткан жагдайлар бар болчу. Ошондуктан биз шаардык сот тарабынан чыгарылган токтомдун мыйзамдуу же мыйзамсыз экендигин тактоо үчүн облустук сотко кайрылганбыз, минтип жараксыз деп табылды»,- деди Парпиев.

Гүлназ Атантаева
talas@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 563, 16-август-22-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан