Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айыл аймагында жайгашкан Т.Герцен атындагы музейде оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу аталган музейдин директору Мүзүретбек Дүйшөнов маалымдады. Июнь айында башталган оңдоп-түзөө иштери учурда уланууда. «Бир нече жылдан бери оңдоп-түзөө, калыбына келтирүү иштери боло элек эле. Быйыл айыл өкмөтү тарабынан атайын каражат бөлүнүп берилип, ичи-тышы акталып, сырдалып, ичиндеги кээ бир жабдыктар жаңыртылып жатат. Музейдин сыртын курчоо дагы башкы планда турат»,- деп билдирди Дүйшөнов.
Гүлназ Атантаева
talas@super.kg