Биз социалдык тармакта

СЕЛДИН КЕСЕПЕТИНЕН АЙДОО АЯНТТАРЫ ЗЫЯН ТАРТТЫ

Аптанын башында катуу жаандын кесепетинен сел жүрүп, айдоо аянттары зыянга учурады. Бул тууралуу ӨКМнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, полковник Т.Касиев билдирди.13-август күнү саат 19:30 чамасында катуу жаандын кесепетинен Талас районунун Манас айылынын түндүк тарабынан, Ак-Сай, Үңкүр сайларынан сел келген. Камынтпай келген сел 1 кашарды,  ошондой эле 30 гектарга жакын айдоо жерлерин каптап кеткен. Ал эми 14-августта Талас райондук Жарандык коргоо комиссиясы изилдөө иш-чараларын жүргүздү.

Гүлназ Атантаева
talas@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 563, 16-август-22-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан