Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенка айылында жайгашкан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, акыл-эсинин кемчилигинен жабыркаган аялдардын жатак үйүнүн абалы менен таанышып кайттык.
«АПАЛАП ЖАТЫП КАЗА БОЛДУ»
Бейтаптардын арасында тубаса талма оорусуна чалдыкканы да, китептен башы көтөрүлбөй иштеп, улгайганда психикалык дартка кабылган илимпоздор да бар.
Мекеменин жетекчиси НАРЫНГҮЛ ҮСӨНБАЕВА социалдык жардамга жана коргоого муктаж болгондор жөнүндө буларга токтолду:– Өлкө ичинде психикалык жактан жабыр тарткан эркектер, аялдар, жаш балдар жана карылардын 15 жатак үйү бар. Анын ичинде Ысык-Көл облусунда бир гана Ак-Суу аялдардын психоневрологиялык жатак үйү жайгашкан. 1953-жылы акыл-эси кем аялдар үчүн ачылган. Бул жерде иштегениме он жыл болду. Алгач келгенимде имараттын эшик-терезелери жок, суу түтүктөрү омкорулган бойдон жаткан. Мындай абалда кантип иштейбиз деп ойлоп, кабатыр болчумун. Анан бардык жамаат биргелешип имаратты оңдоп-түзөөгө аракет кылдык. Убакыттын өтүшү менен каңгырап турган имарат үч кабаттуу, бардык шарты бар жатак үйүнө айланды. Жалпысынан 250 орунга ылайыкталган, учурда республиканын туш тарабынан келген 217 психикалык жактан жабыркаган, жашы 18ден жогору аялдар дарыланууда. Анын ичинен 51 аял төшөктөн тура алышпайт. Аларды 115 адамдан турган эмгек жамаатыбыз карайт.
Төрөлгөндөн же наристе кезинен мамлекеттин карамагында болгондорго жатак үйүндө жашоо жеңилирээк. Жаш өтүп, оорусунан улам кайрылгандар бул жерге көнө албай абдан кыйналышат. Биз канча аракет кылбайлы, баары бир камкордугубуз өз үйүндөгүдөй болбойт. Бейтаптар оорусу басаңдап калган учурда ата-энесин, бир туугандарын, жолдошун жана бала-чакасын эстешет. «Мени үйгө жибергилечи, бул жерде жыргап тамак ичип отурам, ал жакта балам ачка болгондур» деп ыйлашат. Кээ бири түнү менен уктабай имаратты айланып чуркап жүрө беришет.
– Жатак үйүнүн жамаатына түйшүктүн жүгү оор эле түшсө керек, кез-кезде жакындары келип каралашып турабы?
– Оорулууну кабыл алардан мурун анын туугандары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Анткени жатак үйүндөгү көнүү процесси оор өтөт. Жакындарына «Сагынтпай жок дегенде жылына бир келип тургула» деп түшүндүрөбүз. Бирок бейтапты бизге өткөрүшөрү менен көпчүлүгү бир да жолу кайрылып коюшпайт. Бейтаптар каза болуп калганда үй-бүлөсүнө кабар беребиз. Өкүнүчтүүсү, «өлсө көмүп койгула» деп жакын адамына кайдигер карагандарды көп көрдүк.
Бир жолу бир кыздын оорусу күчөп, «апа» деп токтоно албай кыйкырып ыйлай берди. Анын ата-энеси ушул эле айылда жашагандыктан, «келип кетишсинчи» деп мээрман айымды алардын үйүнө жөнөттүм. Апасы болсо «экинчи үйгө келбегиле, биз аны унутуп койгонбуз, башка балдарымдын жүрөгүн ооруткум келбейт» деп жооп кайтарыптыр. Бир-эки күн өткөн соң ал кыз апалап ыйлап жатып каза болду.
– Мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражат жетиштүүбү?
– Бейтаптын бир күндүк тамак-ашына 55 сом, дары-дармеги үчүн 6 сом 50 тыйын бөлүнөт. Бирок 55 сомго үч маал тамак берүү, анын ар бирине эт кошуп даярдоо кыйын болуп калат. Дарыны кымбат деп отура бербей, медиктердин текшерүүсүнөн өткөн дары чөптөрдү да колдонобуз. Андан тышкары жатак үйүнө тиешелүү чарбабыз бар. Ал жерге биздин кызматкерлер жашылча-жемиш эгип, кышкыга даярдык көрөбүз.
«ДАГЫ КИМ КЕЛИП СОГУП ЖИБЕРЕТ ДЕП ТЫНЧ УКТАЙ АЛБАЙБЫЗ»
Нарынгүл айымдын айтканын угуп, жатак үйүнүн жашоо шарты менен тааныштык. Оорулуу аялдарга кийим тигүүчү болуп иштеген АЙГҮЛ ШАРШЕЕВА:– Мен бул жерде алты жылдан бери тикмечи болуп иштейм. Оорулууларга кийимдерди өзүбүз тигебиз. Дартка чалдыккан айымдардын арасынан шыктууларын байкап калсам, аларды алаксытыш үчүн тикмечиликке үйрөтөм. Чогуу отуруп сокмо согуп, ар кандай буюмдарды жасап жатак үйүн кооздойбуз.
Бул жерде 27 жылдан бери мээрман айым болуп иштеген БЕЙШЕКАН АБДРАМАНОВА:– 67 жашка келип калдым. Балдарым «иштебей, эс ал» дегенине карабай ушул жакта эмгектенип келем. Экинчи үйүмдөй эле болуп калган. Көбү ажатканага бара алышпайт, тамакты жөн отуруп иче алышпайт. Оорулары күч алган мезгилде колуна тийген нерсе менен кызматкерлерди согуп жиберишет. Түн ичинде дагы ким келип согуп жиберет деп коркуп уктай албайбыз. Бирок баары бир ушул жакка мээрим төгүп калганга эч кайда кете албайм. Мен кетсем эле оорулууларга бир нерсе болуп калчудай сезилет. Үйдө отурайын дейм, бирок буларды кыя албайм.
«ПСИХИКАЛЫК ООРУЛАР ЖАЗ-КҮЗДӨ КҮЧӨЙТ»
«Адамдын азабы – санаа, кыйноосу – оору» демекчи, жатак үйүндөгү аялдардын ар бирин көзөмөлгө алып, ар бир бейтаптын ден соолугуна өзгөчө камкордук көргөн дарыгер КЕНЖЕ САДЫБАКАСОВА буларга токтолду:– Бул жакта иштегениме 25 жыл болду. Бизге негизинен оорусу өтүшүп кетип, айыкпас дартка чалдыккан аялдарды алып келишет. Оорусу катуу кармап, алапайын таппай тургандарды колдон келишинче дарылап, аларга кам көрөбүз. Бизде баш бербей чамынгандарды "фиксация" деп коёт, аларды 2 саатка чейин байлап, тийиштүү укалоо жасап, анан бошотобуз. Негизинен, оору тубаса жана кийин пайда болгон деп экиге бөлүнөт. Көбүнчө ар кандай катуу сокку алган соң мындай оорулар пайда болушу мүмкүн. Дээрлик бардык психикалык оорулар жаз жана күз мезгилинде күчөйт. Өзгөчө ошол учурда оорулуулардын маанайына жараша мамиле жасап, тилин таап иштешкенибиз алардын да дартын жеңилдетет. Аялдар психикалык оорудан тышкары суук тийүү, жүрөк, ашказан сыяктуу ооруларга туш болушат. Ошондуктан колубуздан келишинче оорунун алдын алып, күчтүү тамак-аштарды берүүгө аракет кылабыз.
Аягында директордун «оорулуулар менен сүйлөшө албайсыңар, кол салышы мүмкүн» дегенине карабай аялдар менен маектешмекчи болдук. Бирок биз жакындагандардын кээси ырдап, кээ бирлери кыйкырып жибергендиктен, бул оюбуздан кайтууга туура келди.
Айзат Анарбекова
koom@super.kg