КЫЗДАРДЫН КАРЕК НУРУ СЫНАР ЭЛЕ...

Дооронбек Садырбаев
КАЙРАН КӨЗДӨР
Көп кыздын карек нуру сынар эле,
Көздөрүн ала качып жалтанышып.
Кыйласы жыпар төгүп турар эле,
Кылгырып кирпигинен бал тамызып.

Айрымдар алгачкы эле карашканда,
Арзууга кашык салып турушчу эле.
Мылжыйып бойлор бойго жанашканда,
Мурдунун учу тердеп курутчу эле.

Табына жаштыгымдын куйкаланып,
Бар эле махабатка күйүп-жанган.
Болуптур үмүттөрү уйпаланып,
Сыртымдан тонун бычып, сүйүп калган.

Чырагы карылыктын жана электе,
Чынжырын мезгил шашып тагып салды.
Кумары курбулардын кана электе,
Куланып курч мезгилим калып калды.

Азыр мен жазуу көрсөм өлүп-талып,
Көзүмө «тереземди» тагып окуйм.
Тамгасы майдаларын бөлүп салып,
Күндүзү электрди жагып окуйм.

Көчөдө теше тиктеп турсам эми,
Көп кыздар көңүл бөлбөй өтчү болгон.
Көз ымдап көп аракет кылсам эми,
«Бабайга жин тийгенби?» дешчү болгон.

Тиктешип-титирешпей калып келет,
Сексендин сегизине чыкпасам да.
Сонунум солк этпестен уктай берет,
Сороктоп саамайынан жыттасам да.

ТААРЫНБА
Кайчылаш өтүп кетсек көрүшпөстөн,
Каректер ынтызарлык төгүшпөстөн.
Арманда кете бермек турбайбызбы,
Анда бир арзуу даамын бөлүшпөстөн.

Ырлардын ындыны өчүп, багы ачылбай,
Ыкташып түн күзөтүп, таң атырбай.
Кырчын кез жалгызсырап өтмөк экен,
Кыргыздын жайдак чабар сары атындай.

Эриндер эртели-кеч шыбырашып,
Эңсешүү эт жүрөктү чымыратып.
Жааганын сезбей калмак турбайбызбы,
Жаштыктын жамгырлары дыбыратып.

Аркалап армандуунун шорун ташып,
Арзышкан ашыктардын жолун басып.
Калышсак айда-жылда кабак чытып,
Кайта бат табышчу элек моюндашып.

Үзүлбөс үмүт байлап дайыныңа,
Бара албайм баштагыдай айылыңа.
Баасызым, бакыр чалга таарынбачы,
Баркы жок башка түгүл зайыбына.

Чак келбей тагдырымдын табагына,
Чайналып калсам дагы заманыма.
Азыр мен тирүү жүрөм ал күндөрдүн,
Жалынып жакшысына, жаманына.

РАЙМАЛЫНЫН ЫРЫ
("Махабат дастаны" кинотасмасынан)

Эми сен өрттү көрсөң күйүп-жанган,
Муз көрсөң, мөңгү көрсөң суусу аккан.
Жер көрсөң тереңдерде титиреген,
Куш көрсөң жалгыз учуп бара жаткан.
Күн көрсөң көз жаш төгүп ыйлап турган, 
Түн көрсөң көктө туруп Ай тутулган. 
От көрсөң жалгыз күйгөн тоо башында,
Жапжалгыз кайык көрсөң толкун урган.
Жолуңдан бала көрсөң улутунган,
Эң катуу ыза көрсөң турмушуңдан.
Мас көрсөң ыйлап жаткан, ырдап жаткан,
Жаш көрсөң бир муңайым бара жаткан.
Көөнөргөн кийим көрсөң же тытылган,
Бак көрсөң бороон уруп, шагы сынган. 
Ошонун баарын мен деп биле бергин, 
Көзүңө көрүнгөндүн баары менмин,
Жалооруп сени тилсиз тиктеп турган.

Тургунбай Эргешов
ЭМИ КЕЛСЕҢ

Эми келсең жал-куйругун жайылтып,
Мине келчи махабаттын жоргосун.
Буйрук экен, биз табыштык издешпей,
Мындан ары жоголушмай болбосун.

Эми келсең эсеби жок элжиреп,
Кучакташып алалычы канганча.
Же бакытпы жүрө берген коштошуп,
Экөөбүзгө өбүшүү бар да канча.

Эми келсең жүрөгүмдү ала кет,
Ансыз деле ай жамалың алды ээлеп.
Сени келет карап эле отургум,
Алаканга салып алып алдейлеп.

Айгүл Узакова
ОКУЛБАЙ КАЛГАН ЫР

Эмнесин айтмак элем эми сага,
Эрдимди кесе тиштеп узатайын.
Жаз беле, жаштык беле дейин десем,
Көзүңдө бир токтоолук турат дайым.

Кез келген күндөр менен тагдырыңды,
Күлкүгө салып берүү кыйын дебе.
Өмүргө өкүнүчтүү из калтырып,
Өттү го сүйүү деген кызыл жебе.

Муңайым көздөр менен жазды кароо,
Өмүрдү өксүтөрүн жакшы билем.
Сен көргөн бул турмуштун гүлдүү жагы,
Көрө элек күндөрүңө болбойт ченем.

Сага жат, мага болсо үйүр алган,
Бул сезим жамгыр төккөн түндөн эмес.
Булуттуу көчтүн алдын кайрый албас,
Чайыттай күнгө куштар күзгү белес.

Эмнесин айтмак элем эми сага,
Эрдимди кесе тиштеп узатайын.
Талыган үмүттөрдүн канатында,
Көзүңдө бир токтоолук турат дайым.

Мен баарын өрттөп, тытып, өчүргөн соң,
Муңканып чертпей деле койсоң болмок.
Кебелбес мезгил шары менен кеткен,
Кейиштүү бир сезимдин эски күүсүн.

Кечкурун санаа менен алпурушсам,
Келгиндер кетип жатат жылуу жакка.
Саргайган жалбырактар себеп болбойт,
Жан таштап жалынууга ушу тапта.

Көңүлгө көк үшкүрүк түнөк салып,
Өткөндү өгөйлөөгө жетпес күчүм.
Өмүрдүн таттуулугун сезип туруп,
Мен сени сагынбашым деле мүмкүн.

Баарына кайыл болгон күндөрүмдөн,
Өзүңө майрам куруп кызыл-тазыл.
Дуулаган күндөр менен кете бердиң,
Бир келген бакыт болуп үзүл-кесил.

Жек көрбөйм, жалын чачып сүйбөйм деле,
Көңүлдүн өксүгү эми кайдан толмок?..
Кейиштүү бир сезимдин эски күүсүн
Жаңыртып чертпей деле койсоң болмок.

Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Шаиста Шатманова
2013-08-19 10:55:36
"Махабат дастанында" Раймаалынын ырын Садырбаев өзү окуган эмеспи. Ошол үндү кайра-кайра көп ирет угам. Дале тажабай уга берем. Ушул фильм үчүн деле Дооронбек Садырбаевди кыргыздын мыкты инсандарынын алтын тизмесине киргизиш керек.
+1
kara-koz
2013-08-19 11:24:26
соонун ырлар!
0
admin_media
2013-08-19 18:04:16
bolobai,
Саламатсызбы! Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп Омор Султановдун "Сен тууралуу поэмасын" окуп, экөөсүнүн айырмасын байкасаңыз болот.
http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=70361
0
jemile
2013-08-19 18:24:50
Супер инфо,поэзияга ар дайым чыгып тургудай кылып орун берип,жума сайын чыгарып турсаңыздар сонун болмок.
0
jan_91
2013-08-19 18:46:41
jemile,
мен да ойунузга кошулам.
0
konya
2013-08-20 00:07:23
Мен дагы поэзия качу
0
Kg.lady
2013-08-21 15:39:13
Д.Садырбаевдин ырлары жакты,бир жылмайып алдым!
0
Uulkan2288
2013-08-24 23:14:35
менин жакында Каректеги жаш аттуу китебим жарык көрдү. Акын үчүн, ыр жаратуу өзүнчө бир эркиндик. Ыр менен гана жеңил тартат.
0
№ 563, 16-август-22-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан