СЕНСИЗ ДА БАКТЫЛУУ БОЛОМ!

Билбейм, балким, мен туура эмес жаралып калгандырмын. Мен тийген нерселер, мен мамиле кылган адамдар талкаланып сынып, быркыранып кетет. Үйдөгү бир кооз карапаны сындырып алганда апам «эмнеге колуң тийсе сындырасың, жолуң кандай болор экен» деп кейиген эле. Карапа эмне болуп калыптыр, мен тагдырларды талкалап алдым. Балким, мен ошонун жазасын тартып жаткандырмын...
Ошон үчүн сенин жашооңо киргим келбей кетенчиктедим. Башымды чайкап жан талашканым менен, мендеги сезимди, андан да жаманы, сендеги сезимди өчүрө албадым. Күчүм жетпеди... От-жалын болуп күйүп кеттик да, аркабызды-алдыбызды караганга чамабыз жетпеди. Азыр бир мүнөт да өкүнбөйм. Бир жолу "сага болгон сезимим үчүн көчөгө алып чыгып таш бараңга салса да кайылмын" десем «мен ошол таштын бирин сага тийгизгенче өлгөнүм артык» деп күлдүң. Мен деп дем алып, мен деп жашап калганыңа кубанганым, ай!
Бирок убакыт тартыш... Сенден башка дагы адамдардын алдында милдетим бар экен, ага баш буруп кете албайм. Эң негизгиси, мени аял кылып жараткан Кудайдын алдында милдетим бар экен. Коркутканым жок, кектебедим деле, болгону мен чарчадым. Сүйүүдөн чарчабадым, күтүүдөн чарчадым. Бир аз дем алып, жолумду улантышым керек...
Кел, сен келип мени колдон алып, экөөбүз чогуу кетели. Бир жолдо басалы, кандай дейсиң? Мен жаныңдан чыкпаган, сени эч качан эриктирбеген жакшы жолоочу болуп берем. Кардың ачса тойгузган, үшүп калсаң жылыткан, ташыркасаң сени менен кошо токтоп демиңди тыңшап турган, карегиңден тиктеп каалооңду билип турган жолоочуңа айланайын. Өзүңдөй дили таза, тоолук жигиттерди төрөп берейин. Көздөрү жоодураган, сулуу кыздарды төрөп берейин. Өмүр бою сага кызмат кылайын, кылган жакшылыгымдын кайрымжысын сурабайын. Болгону колумдан алып басып кетчи. Эркиң жетер беле? "Калганын тагдырымдан көрдүм" деп баарына баш байлап басып кете алар белең?
"Жок, андай кыла албайм" десең да таарынбайм. Томсоруп, көз жаш төгүп кала турган аялдардан эмесмин. Тагдырыман көрдүм. Сеники жетпесе, меники жетет шарт басып кеткенге... Бут мүдүрүлсө да өз жолун табат. Анткени аны жүрөк жетектейт. Сени менен болсо да, сенсиз болсо да мен баары бир бактылуу болом. Бирок сенин менсиз бактылуу болушуңа күмөнүм бар...

Айнек
Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (46)
benissimo_n
2013-08-20 21:32:31
Тагдырларды талкалаганын жаманго, Тобоо
0
ESEN88
2013-08-20 22:30:01
мен сразу тушундум озун ото эле мисс ойлогон анан керсейген кыз экенин,тоолук жигит азамат экен бул кыз менен чогуу болалбашына тушунуптур
+1
Латыш
2013-08-21 14:48:38
Туугандары менен батышпай калган окшойт. Бирок куйоонду чындап суйсон, туугандарын да сыйламаксын . Айрылыш бат, бир эле кун, ошого ойлонуш керек. Сен ошо куйоон аркылуу Кудайдын бейишине жетээринди да унутпа.
-1
vanga_78
2013-08-21 17:48:02
Бирок сенин менсиз бактылуу болушуңа күмөнүм бар.....Ошентсе да, мен баары бир сенин бактылуу болушунду тилеймин!деп аяктасн жашы болмок экен.
0
nazi93
2013-08-23 21:50:11
бактылуу болгон менен баарибир журогунун тупкурундо ага болгон суйуусу кала берет да
+1
Uulkan2288
2013-08-24 23:18:43
Эң соонун кыска жана нуска жүрөктүн дарты жазылыптыр.
+1
akkuu2013
2013-08-25 19:51:56
суйсо ансыз кантип бактылу болот тим эле мен болом сен боло албайсын дейт кудай таалам жазып койсо сенен жакшысы табат...
-1
medetbek
2013-08-28 01:37:02
жигиттин уй булосу бар окшойт ошон учун мамилеси салкы
+1
Supsuluu
2013-08-30 20:27:19
озум журогум сыздап турганда бул да жарага туз септи го. мен да жашоого туура эмес жаралып калганымды коп эле жолу байкап бармагымды тиштейм. бирок мен тескерисинче ал менен да ансыз да бактысыз болом
-1
Lana_g
2013-09-02 19:53:24
жигитин кутконун эле тушунбосом, карапа, талкалаган тагдырларына такыр тушунгон жокмун
0
kultaev
2013-09-22 23:00:53
муну кандай кыз жазды болду.кен
0
anara85
2013-10-04 15:01:51
Тушунуктуу эле болуп турат,жигити кеттик десе кетем болбосо жок деп,деп жатпайбы байкуш!Сенделе барып кеттик десен жарашат болуш керек,ийилген башты кылыч кеспейт деген,макал барго!
0
Nurbek.kyzy
2018-06-17 14:39:39
Ушундай журоктун тупкурунон жазылыптыр.... Ал Эми жигитке соз жок!.. Куттургон жаман . Чечкинсиз жигит экен.
Бир кылчайып карабай басып кетсен да ошого ылайыктуу жигит экен!!! Эгер ал азыр чечкинсизби? Кийин да ошондой болот. . Андайлар жашоодо сага жакшы дос болуп кете албайт. Жарым жолго барганда озундун канындан жаралган балдар менен Гана калтырып кетсе кетет!!!!.....
0
Rusbubu
2018-06-18 10:26:42
жигиттин үйбүлөөсү бар окшойт
0
ziko_kt
2018-06-18 16:57:04
Китепти коп окуган, ой-толгоосу кенири, денгэли жогору адамдын калемине таандык деп тушундум. Тушунбодум дегендер, Кубатбек Жусубалиевдин бир эле ангемесин ачып коргуло))).
0
№ 563, 16-август-22-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан