Gulzada:«КЫЗГАНЫЧ КӨҢҮЛҮМӨ КӨК ТАШТАЙ ТИЙГЕН»

КЫСКА СУРООГО КЫСКА ЖООП

– Сулуулук сиз үчүн?
– Табигый жүрүм-турум деп эсептейм.

– Диета кармайсызбы?
– Болгону нанды көп жебейм.

– Өзүңүзгө жакпаган сапатыңыз?
– Эртең менен ойгоно албай кыйнала бермейим бар.

– Жалгыз калганда кайсы ырды көп ырдайсыз?
– Оюмдан чыгарып ырдаганды жактырам.

– Социалдык тармактардагы өзүңүз тууралуу айтылган сын-пикирлерди окуйсузбу?
– Окубайм. Ошон үчүн мен тууралуу жазбай деле коюшса болот.

– Аялзаты эркекти эмнеси менен тартышы мүмкүн?
– Тыкандыгы менен.

– Кандай эркектерди жактырбайсыз?
– Ушакчы эркектер кыжырымды келтирет.

– Жан шеригиңиз менен барсам деп эңсеген жер кайсы?
– Түркиядагы Босфор кысыгы жана Мексика булуңу. Ушундай бир керемет эмоцияларды тартуулоочу жайлар.

– Акыркы жолу сизге айтылган жагымдуу сөз?
–Альбомумдун бет ачарында атам мени биринчи жолу сахнадан көргөн. Буга чейин такыр ырчылыгыма көңүл бурчу эмес. Ошондо жаныма келип «Кызым, сени такыр билбей жүрүпмүн» деди. Ичимден кымыңдап, батасын бергени ушул да деп сүйүнүп калдым.

«АДАМДАРДЫН БААРЫ ӨЛҮП КАЛАТ ЭКЕН ДЕП КОРККОМ»
-Кичинемден башкалардай ойноп-күлүп, чаңга аралашып чоңойгонум менен, көп ойго батчумун. Негедир мени ар кандай ойлор эзип жүрө берчү. Эсимде, бир күнү үйгө аяш атам келип калды. Атам экөө тапчанда сүйлөшүп отурушкан. Бир маалда «аябай коркунучтуу оору чыгыптыр, ал адамдарга маймылдардан жугат имиш. Ага чалдыккан адамды дарылоо мүмкүн эмес экен» деп жатпайбы аяш атам. Балапандай кезим десең, ошол сөзгө ушунчалык кыйналып, көпкө чейин ойго батып жүрдүм. Адамдардын баары өлүп калат экен деп коркком. Чынында, бизге билинбегени менен жаш балдарда терең ой жашайт. Андыктан буулугуп кетпеши үчүн алар менен бат-бат сүйлөшүп туруу зарыл экенин түшүндүм.

«МЕН КАЙРА ЖАРАЛЫП, БАКЫТЫМДЫ ТАПТЫМ»
-Турмуштун толкуну мени далай жолу жарга урду. Чоң сахнага кадам таштаганча башымдан эмнелер гана өтпөдү. Базарда соода кылдым, башка кылдым дегендей. Ал ортодо турмушка да чыгып, үй-бүлө күттүм. Учурунда оюмдун баары жакшы үй-бүлө күтүү, мээримдүү эне болуу болсо, жашоо анын баарын өз ордуна койду. Өткөн-кеткеним жөнүндө такыр эстегим келбейт. Ал менин өлгөн күндөрүм деп эсептейм. Айтарым, аялзатынын жан дүйнөсүнүн эркиндигин тоспоо керек. Кызгануу, ишенбөө деген нерселер учурунда көңүлүмө көк таштай тийген. Никемдин бузулушунун негизги себептери ушул десем болот. Турмуштан алган сабактарым мен үчүн жетиштүү.
Эми мен өзүмдү кайра жаралгандай сезем, бакытым колумдагы балам, ата-энем, алардын сыймыктангандыгы. Чыгармачылыгым менен бетме-бет жашап, ар бир ишиме, жетишкендигиме сүйүнүп, алдыдагы пландарды ойлонуп, өзүмдүн дүйнөмдө жашап жаткан чагым. Жашоомдо купулума толгон, сезимдерди ойготкон адам пайда болот деп ишенем. Анткени мен кадимки эле аялзатымын, жүрөгүм бар. Албетте, арзышкан адамыңа кам көрүү бул – эң чоң бакыт. Жактырган адамымдын жанында жөнөкөй гана болууну туура көрөм.

«КУПУЛУМА ТОЛГОН АДАМЫМДЫ ИНСТИТУТТАН ЖОЛУКТУРГАМ»
-Кичинемде айылдагы төрт баланы топтоп алып, ойноп той өткөрүп, концерт коё берчү элем. Көрсө, балалык таза жүрөгүм ырчылыкты дегдеген тура. Кийин бул кыялым мени Ош педагогикалык институтуна жетелеп келди. Талыкпай окуп, билим алдым. Жулунуп окубасам, ал билимдин акыбети минтип чыгармачылык ийгиликтен кайтмак эмес. Жүрөгүмө жакын адам ошол окуу жайды бүтөрдө жолукту. Жетелешип, ой алмашып, айтор, бактылуу көз ирмемдер болгон. Ал менин ырдаганымды, үнүмдү жактырчу. Талантымдын баркын билчү. Албетте, баары оңой-олтоң боло бербейт экен. Кыялыбыз келишпедиби же турмуштун буйругубу, айтор, менин каалоом менен экөөбүз эки ажырым жолго түшкөнбүз.

«САНАЛУУ ГАНА ДОСТОРУМДУ АЯРЛАП СЫЙЛАЙМ»
-Адамдар менен баарлашуу жаатында анча жокмун. Кыйратып деле көп дос күтпөйм. Ушул убакка чейин саналуу гана адамдар менен сырдашып, алсыздыгымды аларга гана көргөзүп келем. Ич ара курбулукту бекем сактаганды жакшы көрөм. Саналуу гана досум болсо, албетте, аларды аярлап сыйлап, кадырына жетүүгө аракеттенем.

«АТЫ ЧЫГЫП КАЛГАН ЭЛЕ ЭЖЕЛЕР КӨҢҮЛҮМДҮ ООРУТУШКАН»
-Ырчы катары таанылгыча абдан кыйналдым. Башында жаңы ыр жаздырып, узун ак көйнөк кийип сахнага чыксам, арабыздагы аты чыккан эжелер иренжитчү сөздөрдү айткан учурлары болгон. Эгерде өжөрлөнбөй, ар бир сөздү өтө эле жакын кабыл ала берсем, анда чыгармачылыктан көңүлүм калып калат беле?.. Бирок ушундай сөздөрдү уккандан кийин кайра менде чыңалуу, күч, эрк пайда болду. Ооба, учурда жайнаган күйөрмандарым бар деп мактана албайм. Себеби этникалык стиль элге бат сиңип кете турган музыка эмес. Кудайга шүгүр, барган сайын угармандарым көбөйүүдө. Кайда барып ырдабайын алкыштарын айтып, көңүлүмдү көтөрүп жатышат. Мындан башка мага эмне керек? Жашоомдун маңызы болгон музыкадан, талантымды баалаган күйөрмандан артык мага эч нерсе керек эмес.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Gulzada: "Тойдун ырчысы эмесмин"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
jibeka09
2013-08-19 19:34:07
Ишине ийгилик бактылуу бол.
0
detective
2013-08-19 19:54:52
интервьюсун окусам коп кыял-жоруктарым окшош экен. мага биринчи ыры аябай жаккан (мен кыргыздын кызымын), ошондон бери ар бир ырын угуп-баалап келем.
уну да жагат.
0
Debi
2013-08-19 21:49:14
Жакты, сулуулук тууралуу жакшы айтыптыр.
0
gylnaz
2013-08-19 22:39:44
Ийгилик калайм.
0
uvay
2013-08-19 22:50:40
уну жакшы.ийгилик!
0
Juliakalt
2013-08-20 02:59:58
Жолдошум Щвецарис болсо дагы, ырларын жакшы корот! Ийгилик !
0
Debi
2013-08-20 07:53:25
Juliakalt, швецарис деп айтылабы? Билбептирмин, швецар деп уккансычу элем.
+1
Aisuluusha
2013-08-20 07:46:23
Мен бул ырчыны тааныбайт экемин го.
0
Begayim_2
2013-08-20 09:59:55
сонун эже да,мага аябай жагат,чыгармачыл ийгилик
0
Juliakalt
2013-08-20 16:46:30
Debi, рахмат! Катачылыгымды мойнума алам!
+1
жоогазын
2013-08-20 17:32:49
арекет кылсан берекет деген ошол экен да, Туркияга келе берип, келе берип баарыбыз таанып калдык:)
0
Joni.kg
2013-08-20 22:04:00
чыгармачылык ийгилик каалайм...
0
yalegenda
2013-08-21 00:00:36
мага да жагат ырлары алга!
0
tukitegin
2013-08-21 21:41:47
озгочо стили бар, аракетчил, таланты бар кыргыз кызына ийгилк.
0
Nurzada-5
2013-08-22 12:16:02
Каныкейдин стилин туурап алган го
0
asyl81
2013-08-24 17:17:58
Азамат, анча-мынча озун ырчымын деп санагандарга караганда унун да, озун публика алдында алып журуу, суйлоо маданияты да бардыгы жайында экен.
0
№ 563, 16-август-22-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан