Ажырашуунун саны акыркы учурларда азайгандын ордуна көбөйүүдө. Биздин бүгүнкү каарманыбыз Майрамгүл Бекибаева жолдошу менен 24 жыл чогуу түтүн булатып, акыры ажырашып тынышкан. Ажырашуунун эмнеден улам келип чыкканын ал күйүп-быша төмөнкүдөй баяндап отурду.
«КҮЙӨӨМ ӨЗҮНӨН 20 ЖАШ КИЧҮҮ КЫЗ МЕНЕН ЖАШАП АЛДЫ»– Жолдошум Догдурбек менен 3 жыл сүйлөшүп жүрүп 1989-жылы баш кошконбуз. Ортобузда 2 уулубуз бар, улуусу үйлөнүп, балалуу болуп калды, кичүүсү азыр 20 жашта. Экинчи уулум төрөлгөндө жолдошум ооруп калды. Ал ооруп, иштебей калганда мен баламдын 6 айлык экенине карабай Талас шаарында пирожки, нан жасап сатып иштөөгө аргасыз болдум. 1994-жылы Бишкекке көчүп келдик. Бул жактан да соода менен алектенип, бара-бара турмушубуз оңоло баштады. Алгач жолдошум Жигули сатып алды. Андан кийин «Мерседес айдайм» деп анысын да алды. Кийин Жип минди. Ошонун баарын экөөбүз ысык-суукка карабай базарда отуруп таптык.
Ал кездерде ынтымактуу эле жашачубуз. Балээнин баары Догдурбектин шаардагы кафелердин биринин кожоюну Дөөлөт аттуу адам менен достошконунан башталды. Үйгө келбей калганда «Каяктасың?» деп телефон чалсаң эле «Дөөлөттүн кафесинде нарда ойноп жатам, досторум менен тамактанып отурам» деген сыяктуу шылтоолорду айтчу болду. Ал эми Дөөлөт биздин үй-бүлөгө кийлигишип, «Сен эмне күйөөңдү кызганып жатасың? Бул кайда кетет, ким менен жүрөт, ишиң канча?» деп кирет. Бир аяшым күйөөмдүн башка келин менен жүргөнүн көрүп калыптыр. Аны айтсам кайра эле Дөөлөт «Ал сага айткан келин өзү жүрөнөөк, анын тилин эмнеге угасың?» деп чыкты. Анда анын айтканына ишенип, унчукпай калгам. Бара-бара биздин үй-бүлөдөгү маселелер Дөөлөт аркылуу чечилчү болду.
2005-жылы ысык-суукка карабай базарда иштеп жүргөнүмдүн айынан суук тийип, шишип кеттим. Ошондон баштап күйөөм «Сен оорукчансың, эч нерсеге жарабайсың» деп мени кемсинте баштады. Мен эмне, жыргаганымдан оорукчан болуптурмунбу? Аны багам деп балам жаңы төрөлгөндө базарга чыккам. Ооруган соң 1 жыл диета кармадым. Ошондо Догдурбек мени жакында өлөт деп ойлоптур да, жаш кыздар менен жүрүп баштаптыр. Базарда керээли-кечке отуруп тапканымды ал кыздарга чачып жок кылып жүрүптүр. 2009-жылы жолдошумдун Кенже аттуу жаш келинден 2 баласы бар экени билинип калды. Ал келин өзүнөн 20 жаш кичүү. Мени менен жашап жүргөндө Дөөлөт экөө кыздын ата-энесине барышып, күйөөм «менин аялым, балдарым жок» деп алдына түшүп келиптир. Баары билинген соң досу күйөөмө «Сен жаш балдарыңа кетип, жаш аялың менен жашашың керек. Чоң балдарың өз оокаттарын өзү кылып кетет» деп бузукулугун кылды. Күйөөм болсо андан башка эч кимди укпай койду. Досунун сөзүнө кирип үйгө келип мени уруп-сабайт, кайра кетип калат. Кайын журтум да калыстык кылышкан жок. Туугандарын чакыртып, алардын, балдарымдын көзүнчө «Эки балаң турат, эмне дейсиң?» десем, күйөөм «Апаңар оорукчан, эч нерсеге жарабайт, ошон үчүн жаш аял алууга туура келди» деди. Кайын журтум да калыс сөзүн айтпады, кайра кайнагам «Анда 6 ай тиги аялына барсын, 6 ай силер менен жашасын» деп койду. Ошентип жашай бердик. 6 ай тиги жакка кетет, чалсам «Мен бул жактамын, колуңдан эмне келет?» деп трубканы коюп салат. Бир жолу ооруп ооруканага жатып калганымда күйөөмө чалсам, «Мага десең өлүп кал» деди. Ушундай болот деп мурда ойлобоптурмун.
Ошентип күйөөм балдарымдын эл караган бетин жер каратпайын деп үй-бүлөнү сактап калыштын аракетин кылганыма карабай жаш аялына кетип калды. Мен стресске кабылдым. Кайгырып жүргөнүм аз келгенсип, жолукканда досу «Сен оорукчан болсоң, бул башка кыздарга барат да» деп кайра күнөөнү мага оодарат. Анысы аз келгенсип Дөөлөт бир жолу «Догдурбек да келет» деп мени бир отурушка алдап алып барды. Жаман оюм жок күйөөм менен чечишип алалы деп баргам, ал жактан бир кудасы менен тааныштырып, анан мага «Бүгүн бул киши менен мейманканага 1 түнгө барсаң, күйөөң экөөң 1:1 болосуң» деп элдин көзүнчө шакаба чекти. Аны менен урушуп, кетип калдым.
3 жыл мени шылдың кылгандарына чыдабай, акыры депрессиядан улам 2013-жылдын апрель айында психикалык жактан жабыркагандардын ооруканасына жатып, 2 ай дарыланып чыктым. Акыры силердин гезитке кайрылып, жан дүйнөмдү бошотуп алгым келди. Азыр ушундай үй-бүлөсүнүн тапкан-ташыганын талаага чачкан эркектер, бирөөнүн байлыгына кызыккан жаш кыздар, бузуку достор толтура экен. Ата сакалы оозуна бүткөн адамдар куда-сөөктөн, уул-келиндеринен уялбай ушундай жорукка барып, мага окшогон канчалаган аялдар азап чегишүүдө. Ошондуктан эркектик сапатынан аялдык сапаты көбүрөөк мындай эркектерди эл алдында уяткарыш керек.
«АЯЛЫМДЫН АЙЫНАН ЭЧ КИМ МЕНЕН КАТЫШПАЙ КАЛГАМ»
Каарманыбыздын жогорудагы айткан сөздөрүнөн соң экинчи тараптын да оюн угалы деп ДОГДУРБЕК ЖҮНҮШАЛИЕВ менен байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык:
– Ал киши менен илгери эле ажырашмакмын. Себеби анын айынан бир туугандарым, тааныштарым менен 15 жылдан бери катташа элекмин. Ортобузда 2 балабыз бар. Ошолор эл алдында уят болбосун, чоңоюшсун деп жашап жүрдүм. Качан уулдарым жетилип, өз алдынча оокат кылууга даяр болгондо гана аларга бардык шартты түзүп берип, өзүм үйдөн 1 тыйын да албай чыгып кеткем. Жашым 50гө таяп калды, эми мен да калган өмүрүмдү тынч жашагым келет. Силерге досумду жамандаган чыгар, мени бузду деп. Менин өзүмдүн башым бар, досум айтканды эле аткара бергендей жаш бала эмесмин.
«АЛ АЯЛ ООРУЛУУ ОКШОЙТ»
Ал эми Догдурбектин досу ДӨӨЛӨТ ЖУСУПБЕКОВ төмөнкүдөй жооп кайтарды: – Ал аял оорулуу окшойт. Айткандарынын баары жалган жалаа. Күйөөсү таштап кеткенине ичи күйүп ушул иштерге барып жатат. Мен, тескерисинче, экөөнүн ажырашып кетүүлөрүн каалабай, канча жолу досума «Токтотсоңчу» деп айттым. Анан тиги аялы келип мени «Эмнеге мага айтып койбойсуң?» деп күнөөлөйт. Эркек болгон соң кантип анын аялына ушак ташыйсың? Айта албайсың да. Эгер айтсам, чындап эле алардын үй-бүлөсүн бузган болуп калмакмын. Экөө тең кичинекей бала эмес да. Азыр деле экөөнүн жарашып, жакшынакай жашашына каршы эмесмин.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg