Баткен окуясы. Диний экстремисттердин тобу 1999-жылы август айынын башында Кыргызстандын түштүгүнө басып киришкен. Чыгыш акылмандарында «жамандыкты эсиңден чыгарба, ал сак болууга жардам берет» деген кеп бар. Андыктан ошол датага кайрылууну чечтик.
«РАЙОНГО БАРЫП КАБАР БЕРГЕНИМДЕ АЛГАЧ ИШЕНИШПЕДИ»
Кыргызстандын эң алыскы аймагы болуп эсептелген Баткендин облус статусун алганына быйыл 14 жыл болду. Ош облусунан бөлүнүп чыгып, Баткен районунун облус болуп калуусуна түрткү болгон окуя да ушул. Диний экстремисттердин тобу 1999-жылы август айынын башында Кыргызстандын түштүгүнө басып киришип, Баткен районунда өздөрүнүн лагерлерин куруп алышкан.
Өздөрүн Өзбекстан бийлигинин оппозициясыбыз деп эсептеген бандиттик топтор Кыргызстандын аймагын өздөрүнүн базасына айландыруу, тажрыйбасы жок жергиликтүү жаштардын башын айлантып тобуна кошуу, алардан келечектеги баскынчыларды даярдоо максатын көздөшкөн. Алар милициянын, райондук администрация кызматкерлерин, ал жакта иштеген япониялык төрт геологду жана карапайым адамдарды барымтага алышкан. Бир катар кыштактарды басып алууга үлгүрүшкөн. Баткен окуясында расмий түрдө 48 киши көз жумган.
Мынча санда адамдардын өлүмүнө жергиликтүү эл ошол мезгилдеги бийлик өкүлдөрүн да күнөөлөп келет.
Баткен окуясы жөнүндө толугураак маалымат алуу үчүн 1999-жылы Баткен окуясынын очогунда жүргөн Зардалы айылынын мурдагы башчысы АКМЫРЗА ТАГАЕВ менен маектештик.
– 1999-жылы июль айынын аягында куралчан өзбек, тажик, араб тилинде сүйлөгөн адамдар, башкача айтканда, вахабисттер Зардалынын тоолоруна жайгаша башташкан. Зардалы айылында касиеттүү жылуу суу бар. Алар тоодо жайгашып алышып, ошол сууга дарыланганы барган элди барымтага алышкан. Аны көрсө да, эл мурункудай өз тиричилигин кыла берген. Чочулаган эмес.
Мен ошол учурда Зардалыда айыл башчы элем. Көп өтпөй эле алар Коргон деген айылга келишкен. Айылга эл кирген, бирок эч ким чыккан эмес. Мен чоочун, куралчан адамдардын киргенин билгенимде дароо эле районго кабар берүү үчүн жөнөдүм. Бир аксакал «мага тигилер шекер, ун, чай жана башкаларды алып келип бер деп 100 доллар беришти» деди эле, ал киши экөөбүз Баткен
РИИБине бардык. Милиция кызматкерлери алгач менин айткандарыма ишенишкен жок. Качан «аксакалга акча беришиптир» деп 100 долларды көрсөткөндө гана ишеништи. Мага «айылга бар, бирок маалымат жеткиргениңди билсе атып салуулары мүмкүн» дешти. Экөөбүз тигилердин берген акчасына керектүү тамак-аштарды алып айылга жөнөп кеттик.
Куралчандар биздин районго маалымат берүү үчүн кеткенибизди билип алышыптыр. Зардалыга жете бергенде топтолуп турган аксакалдар «сени укук коргоо органдарына айтканың үчүн атып салышат, издеп жүрүшөт» дешти. Ага карабай айылга барсам, «чакырылбаган коноктор» тамак-ашын алып тоого чыгып кетишиптир. Биз милицияга кайрылгандан бир суткадан кийин 300дөй жоокер келди.
«МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИН СОЮП САЛЫШКАН»
– 3-август күнү блокпост коёбуз деп аскерлер менен райондун акими барганда вахабисттер аким менен 4 адамды кошуп барымтага алышты. Алар «Өзбекстанга кирип, ислам мамлекетин түзөбүз. Силер бизге Өзбекстанга өтө турган жол ачып беришиңер керек» деп талап коюшту. Барымтадагылар 8 күн алардын колунда болгондон кийин вахабисттерге ун, чай, нан, картошка, май жана башка тамак-аштарга кошуп акча берип мекендештерибизди куткарып алганбыз.
15-августта вахабисттер менен кыргыз аскерлеринин ортосунда атышуулар болду. Биздин аскерлердин командирине ок тийгенден кийин ок атуу токтоду. Алар тоодо туруп биз тарапты атып жатышты. Тоонун арасынан кайсы жерден ок чыгып жатканын билбейсиң. Атышуу токтогондо, 21-август күнү эртең менен бийликтин же президенттин буйругу мененби, айтор, элди коргоого албай, Зардалыдан 600дөн ашуун аскерди алып чыгып кетишти.
Айылда карапайым эл менен вахабисттер калды. Аскерлер чыгып кетишкенден кийин эле вахабисттер элди атып киришти. Кан төгүлүп, 50дөн ашуун адам өлгөн. Акимдин орун басарын атып, Касымбек аттуу милиция кызматкерин кызылдай эле союп салышкан. Ал убакта Дара айыл өкмөтүнүн эли бардык нерселерин таштай качып, кары-картаңдар, качууга мүмкүнчүлүгү жоктор гана айылда калышкан. Бир милиция кызматкери экөөбүз да качып кетүүгө жетиштик. Ошентип, өлчүсү өлгөндөн кийин, 13-октябрь күнү кайра кыргыз аскерлери келип Зардалыны колго алышты. Вахабисттер 2 аскер жетекчисин жана биздин тоолордо иштеп жүргөн япон улутунун өкүлдөрүн барымтага алып, Тажикстанга өтүп кетишти.
«КЫРГЫЗ КЫЗЫНА ҮЙЛӨНГӨН ВАХАБИСТТЕР БОЛГОН»
– Алар бизге кол салуудан мурда биздин жерди, элди өздөштүрүшкөн экен. Айылда 6-10го чейин үйлөрдү куруп, эл менен иштешип, «биз акча иштегени Тажикстандан келдик, убактылуу иштеп кетебиз» дешкен. Кийин белгилүү болгондой, алар ошол эле убакта тоолорго чыгып курал жашыруучу ороолорду курушуптур. Бир нече жерлерге жардыруучу заттарды да коюп коюшкан. Алар кеткенден кийин да жардыргычтарга жарылып өлгөндөр болду. Бир топ убакыт Зардалыда жүргөнүн мындан билиңиз, согушчандардын бири кыргыз кызына үйлөнгөнгө жетишиптир. Мында эң көп жапа чеккен жергиликтүү эл болду. Бул окуя жашынын да, карысынын да эсинде бир өмүр сакталып калса керек.
Ошол күндөр элдин эсинде түбөлүккө калды. Көчөдөн кубарган, корккон балдарды, үйүндөгү кийими менен чыгып келе берген аялдарды көрүүгө болот эле. Айылдагы карыялар алгач жаш балдар менен аялдарды качырып жиберишкен. Бүгүнкү күнгө чейин Баткен окуясын изилдеп чыккан адам жок. Мекен үчүн согушчандар менен атышып курман болгон баатырларды кээде гана эстеп коюшпаса, калган убакта унутушат. Кандай болгондо да тарых баары бир өз сынын берет.
Бегайым Тажибай кызы
koom@super.kg
«Супердин» сурак бурчу
ЧЕК АРАДАГЫ КӨЙГӨЙЛӨРДҮ КАНТИП ЧЕЧСЕ БОЛОТ?
Адилет Сабыров, 17 жашта:
– Мамлекет бардык аймактарга бирдей көңүл буруш керек. Мисалы, Баткен сыяктуу алыскы аймактарга жакшы көңүл бурулбай жатат. Ал аймактар алсыз болгон үчүн коңшулар ар кандай шылтоо менен чыр чыгарып жатышат.
Медетбек Ширинбеков, 52 жашта:
– Чек арасы такталбаган аймактагы элди мамлекет жумуш менен камсыздап, ошол аймакта жашоого жакшы шарттар түзүлсө, эч ким ал жактан кетпейт. Анан чек арачылардын маяналарын көтөрүү зарыл.
Эркингүл Мамбетакунова, 53 жашта:
– Бул көйгөй кыргыз тарап чечип койчу нерсе эмес. Эки тараптын мамлекеттик деңгээлдеги сүйлөшүүлөрү менен гана чечилет. Чек ара маселесин тез аранын ичинде чечпесе, дагы да эки элдин ортосунда пикир келишпестиктер боло берет.
Медетбек Ташболотов, 40 жашта:
– Мамлекет чек арага жакын аймактарга көңүл бурбайт. Чек араны тактап, тикен зымдар менен өзбек, казактар сыяктуу кылып бекем тосуш керек. Каражатты аябай, ошол аймактарды тактап, тосмоюнча чыр чыга берет.
Азят Анардин уулу, 20 жашта:
– Кыргызстандын көп жерлеринде чек ара такталбагандыктан, көп чыр-чатактар болуп жатат. Таласта Казакстан менен суунун, жайыттын артынан пикир келишпестиктер болот. Менимче, бул маселени Кыргызстан тарап өзү чече албайт. Буга эки тарап тең кызыкдар болуш керек деп ойлойм.
Чынара Бейшебаева, 48 жашта:
– Кыргызстандын экономикасы чектеш өлкөлөрдүкүнөн төмөн болгон үчүнбү, алар теңсинбегендей мамиле кылышат. Муну Баткендеги кыргыз жаранын биздин чек арада атып салганынан көрсөк болот. Аймактагы элге, чек арачыларга жакшы шарттарды түзүш керек.
Сардарбек Мавлянов, 27 жашта:
– Чек арачылардын маяналарын көтөрүп, аларга жакшы шарттарды түзүп бериш керек. Чек арачы жигиттер – мекенин сүйгөн азаматтар. Маянанын аздыгына карабай кызмат кылышууда. Өлкө башында тургандар аскерлерди колдоп, башка өлкөлөрдөй көңүл бурса жакшы болмок.