– Эмил, панкратион, башкача айтканда, эрежесиз мушташ менен машыгып калышыңа эмне түрткү берген?
– Эмнегедир өзүм кичине кезимден эле мушташка жакын болчумун. Окууну бүтүп, Бишкекке келээрим менен бир күнү “каратэ”, “ушу” секцияларына барып, машыгып жаткан балдарга көз чаптырдым. Бирок, спорттун бул түрлөрүндө кол менен башка урууга тыюу салынганы көңүлүмө жакпай калды. Себеби, жаш кезимде капка салынган кум менен таарындыны ургулап жүргөн муштумумдун салмагын текшерүүнү көптөн бери самап жүргөм. Андыктан, мен үчүн өзүмө ылайык спорт керек эле. Ошентип, 1999-жылы Кыргызстанга эмгеги сиңген машыктыруучу Павел Федотовдун залына барып, профессионалдык таэквандо жана тайбокс менен машыгып калдым.
Эки айдан кийин эле таэквандо боюнча Бишкекте мелдеш өтүп, Казакстандын Адилов деген эл аралык деңгээлдеги спорт чебери менен беттешип, аны утуп алдым. Бирок, калыстар атаандашымдын наамына карап, ага жеңишти ыйгарып коюшту. Мен ага анча деле капа болгон жокмун. Машыктыруучум болсо: “Жакшы мушташтың. Бирок, азыр сен үчүн жеңгениң эмес, тажрыйба топтогонуң маанилүү” деп мени кубаттап койду. Ошентип, тушоом кесилген.
2002-жылдын күз айында панкратион боюнча Казакстандын Боровой курортунда өткөрүлө турган Азия чемпионатына катышууга мага да сунуш түштү. Кыргызстандын курама командасы менен кошулуп, өз каражатымдын эсебинен коңшу өлкөгө сапар алдым. Сапарым байсалдуу болуп, анда алтын медалды утуп алдым. Ошондон кийин эрежесиз таймаш боюнча мелдештерге бир канча ирет чыгып, ийгилик артынан ийгилик жаратып жүрдүм. Бышып жетилген соң, 2005-жылы Астанада өткөн панкратион боюнча Евразия чемпионатында алтын курду белиме байланып, акчалай сыйлыкка ээ болдум.– Ошол мелдеште уткан акчаң корогон денсоолугуңду калыбына келтирүүгө жетеби?
– Албетте, жетпейт. Себеби, эч качан акча менен денсоолугуңду сатып ала албайсың. Бирок, панкратион десе эле эл былчылдашып мушташууну ойлошот. Чындыгында андай эмес. Ишенсеңер айрым беттешүүлөрдө бир сокку тургай бир жерим да тытылбай жеңишке жеткен учурларым болгон. Профессионалдар атаандаштарына көп сокку берип майып кылууга умтулушпайт. Колдон келсе буту-колдорун кайрып же муунтуп жеңишке жетүүгө аракет кылышат. Алгачкы беттешүүлөрдө кандайдыр бир соккулар болушу мүмкүн, бирок, ансыз тажрыйба алып, ийгиликке жете албайсың да.
– “Физкультура айыктырса, спорт майыптыкка да жеткизет” деген сөзгө кошулгуң келбей жатабы?
– Спортко аралашпай көчөдө жүргөндөрдү деле таш менен чаап кетип жатышпайбы. Ага караганда сокку жесем да жеңип, чет жерде Кыргызстандын туусун бийик көтөрүп, гимнин ойноткум келет.
– Эрежесиз мушташтан үйрөнгөн ыкмаларыңды күндөлүк турмушта колдонгон учурларың болдубу?
– Эгер кеп мушташуу тууралуу болуп жатса, анда мындай учурлар кездешкен жок жана кездешпей эле койсун. Кыйынмын, күчтүүмүн деп эле алсыздарды баса калып сабай берген болбойт. Андайларды мен машке иттерди талаган арсыз дөбөттөргө салыштырам.
– Башыңдан өткөн кызыктуу окуяларга да орун берсек...
– 2005-жылы 24-28-мартка чейин Алматыда Казакстан президенти Н.Назарбаевдин тайбокс боюнча эл аралык турнири өтүп жаткан эле. Кыргызстанда болсо эл көтөрүлүп, Ак үйдү кантип алышканы тууралуу кабар бардык телеканалдар аркылуу берилип жатты. Ошондо мен беттешүүгө чыккан сайын “кыргызстандык революционер” деп бакырып-өкүрүп залдагылар мени колдоп жатышты. Акырында президенттин кубогун жеңип, туубузду өйдө көтөрүп жатсам, андагылар мага кайрылып: “Кыргызстандын желегин Ак үйдө жерге ыргытып ташташса, сен эмне көтөрүп жатасың?” деген суроону узатышканда ичимден аябай жаман болдум.
– Сенин оюңча, адам канткенде толук бактылуу боло алат?
– Баш кошкон жубайлар ынтымактуу өмүр сүрүп, бала тарбиялап, кийин алардын үзүрүн көргөндө гана толук бактылуу боло алат. Эгер жубайың экөөң ит менен мышыктай ырылдашып турсаң, анда ынтымак да, ырыскы да, бакыт да качат. Үйбүлөлүк бакытка жеткениме эки жыл болуп, учурда бир кыздын атасымын.
– Спорттон тажаганда кантип эс аласың?
– Бош убактым болгондо аңчылыкка чыгам. Чарчаганымда болсо кызымды эркелетип ойносом, кадимкидей эс ала түшөм.
– Ийгилик жаратууңа сага арка-жөлөк болгон колдоочуларың барбы?
– Өзүм Ормон хандын урпактарынан экенмин. Өспүрүм курагымда “Манас”, “Эр Төштүк”, “Эр Табылды”, “Жаныш-Байыш” эпосторун окуп алып, өтө таасирленчүмүн. Ошолор сыяктуу элимдин баатыр баласы болуп, алардын ак батасын, алкышын алууну көп кыялданчумун. Бирок, баатыр болуу деген мен үчүн бийик, башкача айтканда, жетүүгө мүмкүн болбогон максаттай сезилчү. Адам кааласа бардыгына кудурети жетээрине эми ынанып олтурам. Балким, ар бир таймашта дал ошол баатыр бабаларымдын арбагы мени колдоп, алга карай сүрөп жүргөн чыгаар. Себеби, ар бир беттешүү алдында мен алардан жардам сураймын.
Маектешкен Улан Мамбетов