Эки апта мурун Орусияда башталган «аңчылык» эмгек мигранттарынын полициялык участокторго батпай калуусунан чатыр лагерлерине жайгаштырууга чейин алып келди. Согуш кезиндеги туткундар кармалган лагерлерди эске салган Москвадагы бул жайда кыргыздар да бар.
Мигранттарга карата массалык куугунтук «матвеевдик тазалоо» деген аталышка да ээ болду. Анткени июль айынын соңунда Москва шаарындагы «Матвеев» базарында дагестандык мигранттар тарабынан полиция кызматкерине кол салуу орун алып, ошондон бери жалгыз гана кавказдыктар эмес, Орусияда тирилик кылып жүргөн бардык мигранттардын шору кайнап жатат. Базарлар, бекеттер, көчөлөр, жатаканалар, дегеле гастарбайтерлер көп болгон жайларга бастырып киришип, ит менен шимшилей издешип, түшүндүрүүгө жетише элек мигранттарды айдап жөнөшкөн Орусиянын тартип сакчылары тартылган видеобаян интернетте учурда кызуу талкууда. Андан ары аларды ондоп-жүздөп, сот залына жеткирбей эле судьялар депортациялоо чечимдерин тутамдап таратып жаткандыгы айтылууда. Мунун баары Москва шаар башчысын шайлоо алдында орун алып жатканы да күмөндүү ойлорго жетелейт.
Кармалгандардын саны миңден оогондо алар үчүн Москвада чатырлар лагери ачылган. Бүгүнкү күндө Кремль андай жайлардын санын 80-90го жеткирүү керектигин айтууда. Ошол эле тапта Орусиянын жарандык активисттери «өлкө ичиндеги улуттар аралык душмандыкты көкүтүүгө багытталган, уятка калтырып жаткан антимигранттык кампанияны токтоткула» деп талап кылып чыгышты.
Чатырлар лагеринде 10 кыргызстандык мигрант бар эле. Иликтөө-текшерүүдөн кийин документи жок төртөө калган. Мыйзамга ылайык, кыргызстандык жаран Орусиянын аймагында 90 күн визасыз жүрө алат, ал убакыттан кийин уруксат кагазын алуусу зарыл.
Казакстандын да мындан бир-эки жыл мурун мекендештерибизди куугунтукка алганы эсибизде. Базарларды түрө кыдырышып, кыргыз эмгек мигранттарын автобустап мекенине жөнөтүп баштаган болчу.
Учурда өлкө ичинде Бажы союзуна кирүүдө кандай зыян тартарыбызды эсептеп баштаганда эле кыргыз бийлиги «эң чоң пайдасын эмгек мигранттары көрөт, алардын шарты жакшырат» деген аргументти айтат. Же мындай иш-аракет менен Орусия Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүн тездеткиси келип жатабы?
Шаиста Шатманова,
Эльвира Караева
politika@super.kg