Президент Алмазбек Атамбаев «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамга каршы пикирин жөнөттү. Анткени Ош шаарынын мэрине башка шаар башчыларына салыштырмалуу иш тажрыйба боюнча коюлган талаптар кыйла аша чаап кеткен. Сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, Ош шаарынын мэри болом деген талапкердин мамлекеттик же жеке менчик сектордо 10 жылдык жетекчилик тажрыйбасы бар болушу керек. Ал эми «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу» мыйзам боюнча ушул эле талап көрсөткүчү 5 жылдан турат.
Мыйзам долбоордун демилгечиси болгон депутат Өмүрбек Текебаев өзү иштеп чыккан вариантта мындай талап болбогонун билдирди. Ал талап депутаттардын кароосуна коюлгандан кийин киргизилгенин айтат. «Мисалы, Оштун мэри Мелис Мырзакматовдун анчалык иш тажрыйбасы жок, бирок ал жакшы иштеп, калк арасында кадыр-барктуу. Талаптар акылга сыярлык болушу керек. Бул талаптарды «Ата Журт» фракциясынын депутаттары Надира Нарматова менен Курмантай Абдиев демилгелеп, долбоорго кошмоюнча добуш бербейбиз деп чыгышкан»,- деди.
«Ата журтчулар» ушундай «бут тосуу» менен Мырзакматовду оппозицияга кошуп алгысы келгендир. Же «кошулбайм» деп чыкканынан улам өч алалы дештиби? Антпесе алардын мыйзам долбоорго киргизген толуктоолору Мырзакматовду мэрликке өткөрбөй коюуга багытталганы көрүнүп турбайбы. Президент мындай «сценарийдин» ишке ашып кетүүсүнө жол берген жок.
Шаиста Шатманова,
Эльвира Караева
politika@super.kg