Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта «КАЙЫҢДЫ КАНТ» ААКсы кызылча түшүмүн (тоннасы 3 миң сомдун тегерегинде) кабыл алууну баштайт.
Жогорку Кеңеш Бишкек мэриясынан парламент депутаттары менен аппараттын кызматкерлери үчүн курулуучу турак жайга тез аранын ичинде ЖЕР ТИЛКЕ издеп таап берүүсүн суранды.
Мэр МЕЛИС МЫРЗАКМАТОВДУН айтымында, республикалык бюджеттен каражат өз убагында бөлүнбөгөндүгүнө байланыштуу Ош шаарынын жылуулук берүүчү сезону үзгүлтүккө учуроо коркунучунда турат.
«Быйылкы жылы НАН АЗЫКТАРЫНЫН баасынын кымбаттоосу күтүлбөйт»,- деп Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
20-августта кыймылдуу мүлк салыгынын төлөө мөөнөтү аяктайт, андыктан ушул жылдын 21-АВГУСТУНАН тарта Жол-кайгуул жана Салык кызматы салыгын төлөй электерге карата рейд жүргүзө баштайт.
Акыркы жылдар ичинде Бишкектеги унаалардын саны 160 МИҢДЕН ашканын шаар башчы Иса Өмүркулов айтты.
Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 5 айында Кыргызстандан 250 МИҢ ЛИТРГЕ чукул спирт импорттолгон. Анын литринин орточо баасы 400 сомду түзгөн.
Премьер ЖАНТӨРӨ САТЫБАЛДИЕВ күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүү боюнча жыйында облустагы өкмөт өкүлдөрүнө: «Электр энергиясы үчүн төлөөгө каражат жетпей жатса, өз унааңарды саткыла. Баарын үнөмдөө керек»,- деди.
Чаткал районунун тургундары БИШКЕК-ЧАТКАЛ аба каттамын ачып берүүнү суранышууда.
Өкмөт «АЛЬФА ТЕЛЕКОМ» ("Мегаком") ЖЧКсынын 49 пайыздык акциясы менен «ДАСТАН» ААКсынын 98 пайыздык акциясын баалоого тендер жарыялады. Ага катышууну каалоочулардын 6-сентябрга чейин арыз берүү убактысы бар.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
Delicacy
2013-08-19 17:57:13
премьерибиз не дейт ыя?
0
blak.star.kg
2013-08-19 18:33:11
Ош шаарына ал нерсе койгой эмес. Керек болсо, Суйуктуу Мэрибиз ойлонуп олтурбай эле бул кичине койгойчону бир заматта чечип койот.
+2
Jamalym
2013-08-19 19:25:55
blak.star.kg, мен да ишенем жылуулук койгойун тез эле чечээрине.
+2
mosk
2013-08-19 18:44:22
Ош шаарынын мери азаматсыз,коп жумушту аткарып жатат.+5
+2
tynara81
2013-08-19 22:49:12
Ош кышында ушукто калышы мумкун дегенди окуп алып киргенче шаштым темага, дагы кандай балээси бар эле деп. Чынында, кышта катуу суук болот окшойт деген ой кетти.
-2
semakg
2013-08-20 03:51:19
Зима не будет!!))))))))))))) Мырзакматовго дагы бут тосуп жатышса керекда акчаны убагында бербей,шаардыктар суукта калса Мерге соз тийет деп..
+2
edikad
2013-08-20 12:37:14
теманы ойлонуп койсонор болмок, элдин уройун учурбай, бул Ош шаары учун койгой эмес, бары жакшы болот, эл менен иштешкен адам жолдо калбайт жана элин жолго таштабайт...
+2
Boru87
2013-08-21 23:20:34
edikad, Туура айтасыз!!!
0
parus.kg
2013-08-21 00:11:57
semakg мен дагы кошулам бул ойго анык эле бийликтин мерге болгон кезектеги бут тосуусу!
+2
Neba.
2013-08-21 00:22:40
Аллах жардам берет мэр М Мырзакматовду себепкер кылып
0
Neba.
2013-08-21 00:22:40
Аллах жардам берет мэр М Мырзакматовду себепкер кылып
0
tilekbek
2013-08-21 16:50:54
баары жакшы болот.
0
kg90.2012
2013-08-21 20:25:13
бир еле Ошко суук келет бекен.андан кыйын койгойду чечип келген мээрибиз Мыракматов.Аллах колдойт бут тосууну токтотсок жакшы болмок кыргызым!
0
jipara86
2013-08-21 22:57:15
Оштук туугандар аман болгула!
0
Aitowka2013
2013-08-23 11:21:05
Мелис мырзакматов мындай койгойлордун канчасын чечкенго ош шаарындагы жердештерим эч сарсана болбогула биздин мер бул нерсени оной эле чечип берет иншаллах
0
alas
2013-08-23 19:33:22
чондор жамандап бут тоскону менен мелисти эл билет жакшы иштеп атканын ош шаарыбызды кыйла гулдотуп койду ишинизге ийгилик урматуу мээр
0
abdunur.kg
2013-08-25 16:04:41
Чаткалдыктарга аба каттамын ачып берип койсонор жакшы болмок
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.