АКШнын ТРАНЗИТТИК БАЗАСЫНЫН ОРДУНА ТҮРКИЯНЫКЫ КЕЛЕБИ?

АКШнын Кыргызстандагы аскердик, 2009-жылдан тартып Жүк ташуучу транзиттик борбор статусуна өткөн базасы боюнча келишимдин мөөнөтү 2014-жылдын 11-июлунда аяктайт.
Бул база Кыргызстандын аймагына Аскар Акаев президент кезинде келгенин баарыбыз билебиз. Ал жакында гана «Русский репортёрго» маек куруп, АКШ, анын Кыргызстандагы базасы тууралуу сөз кылып, «Мен алардын бир келген жеринен оңой менен кетпесин билген соң Кантта аскердик база ачууну Орусияга сунуштагам. АКШ мага тиш кайрап калган, ошондон кийин мен «диктатор» болуп чыга келдим. Мени эл кууган эмес, АКШ кууган. Азыр АКШ менен ымала түзүп, алардын оюнуна кошулуп жаткан Азия лидерлерине «АКШдан корккула, Мубарак эмне болду, Мушарраф эмне болду?» деп айтам. Алардын принциби – «колдондум, ыргытып салдым» дептир.
Мурда эмнеге ошону ойлонбоду экен? Бул аскердик базаны Кыргызстанга жайгаштырууга Аскар Акаев канчалык жан үрөгөнүн ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу жакшы эстейт. Анткени Кыргызстанга АКШнын аскердик базасынын жайгаштырылышына Апсамат Масалиев баш болгон 6 депутат караманча каршы чыгышкан. Алардын катарында Турсунбай Бакир уулу да бар эле.
– 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йоркто болгон теракт миллиондогон адамдардын катарында мени да катуу кейишке салган. Ошону шылтоолоп Жорж Буш мусулман дүйнөсүнө согуш ачты. БУУнун макулдугу жок туруп эгемен Ооганстанга согуш ачканына да ынанбадым. Ошол согушка Кыргызстанды өздөрүнүн аскердик базасы аркылуу кошкусу келген АКШнын саясатына каршы чыктык. Мусулман катары башка мусулмандарды өлтүрүп жатканына кайдигер кала албадым. Пресс-конференцияларда, ЖКнын жыйындарында өз позициямды элге, коллегаларыма айтып жаттым. Мен бул пикирде жалгыз эмес элем. Мени менен кошо ыраматылык Апсамат Масалиев баштаган 5 коммунист бар болчу. Бизден чочулап бул маселе кош палаталуу ЖКда каралып жатканда жыйынга Аскар Акаев өзү да келген. Ошондо трибунадан «Сиз келбесеңиз да, бул жерде отурган кошоматчы депутаттарыңыз бул келишимди жактырып беришет. Бирок элибиздин да, дүйнө боюнча мусулмандардын да каргышына каласыңар. АКШ эч качан өз каалоосу менен бир дагы өлкөдөн кайра чыккан эмес. Көрөсүңөр, Кыргызстандан да өз каалоосу менен чыкпайт» деп айтып түшүп кеткенмин.
Келишимдин текстине да каршы чыккан болчумун. Анткени келишимдин шарты боюнча, НАТО офицеринин өзүн да, жүгүн да эч ким текшере албайт. Кыргыз жаранын өлтүрүп кетсе да кыргыз мыйзамы боюнча жоопко тартылбайт болчу. Ошондой тең салмактуу эмес келишимге 105 депутаттан 6 гана депутат каршы чыкканбыз. Аскар Акаев максатына жеткен,- деп эскерди Турсунбай Бакир уулу.
Ал эми орусиялык «Росбалт» сайты «АКШнын Кыргызстандагы аскердик базасына Түркия келет» деген версияны жазып чыкты. Тажрыйбалуу дипломат, коомдук ишмер Аликбек Жекшенкулов «Росбалт» жөн эле жаза бербейт деген пикирде.
Алар чалгынчылардын, ар кандай саясий, экономикалык топтордун ынанымдуу маалыматын чагылдырышат. 
Менин оюмча, базанын тагдырын эки чоң маселенин негизинде чечүү керек. Ал чечим биздин мамлекетке канчалык эл аралык аброй алып келет? Кандай экономикалык пайда берет? Анан, албетте, ал улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгын, өлкөбүздүн коопсуздугун көздөгөн чечим болушу зарыл. Коопсуздук маселеси жагынан алганда, менимче, АКШнын базасын чыгаруу туура. Чынын айтканда, аскердик базасын жайгаштырганы менен, АКШ бизге көзгө көрүнөрлүк инвестиция алып келген жок. Биз өз коопсуздугубузду коңшу өлкөлөр, Жамааттык коопсуздук келишим уюму жана Шанхай кызматташтык уюму менен биргеликте курганыбыз оң. Бирок ал уюмдар коопсуздук маселелери боюнча кепилдик бере алышабы? Экономикалык жактан жардам бере алышабы? Маселе ошондо. Бул кадимкидей эле саясий соода болушу керек. Ал болдубу, жокпу, өкмөт ачыгын айтпай жатат. Мисалы, «АКШнын ордуна Түркия келет» деген сөздөр бекеринен айтылып жаткан жок да. Ар кандай ушак-айыңдар болбош үчүн өкмөт ачык-айкын тендер өткөрүш керек. Андай кылбай, азыркы өкмөт будамайлап жатат.

Шаиста Шатманова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
Nurbek89
2013-08-20 03:17:26
roy!ойлогон оюн туура деп эсептейм,себеби кундон кунго озбектердин поведениясы озгорулуп калды! бул жондон жон эмес,акш кылып атат анын баарын базасы чыгып кетсе коп зыян болот алардын позициясына! барыраак куралданыш керек.
0
kaniet
2013-08-20 15:31:50
Nurbek89, туура айтасын. Бир озбек боюнда бар аял бир жылы минтип айткан: Мен боюмда бар, американын самолеттору уну катуу чыгып бизге тынчтык бербей жатат деген. Ошол жылы АКШ базасы Озбекстандан чыгарылган. Мына эми озбектер ОДКБдан чыгышып АКШ менен санаалаш боло башташты, демек чек арадагы кутурганы бекеринен эмес жана АКШны пайдаланып сууу маселесин да чечкиси бар го булардын!
0
Nurbek89
2013-08-20 03:21:07
Аллахым озу сактасын согуштан! Бирок бир нерсе чыгып кетсе Кыргызстаным учун, кыргызым учун жанымды да аябайм!
0
Stalker-007
2013-08-20 10:38:02
Жекшенкулов туура айтып атат деп жатканына караганда бул адамдын ушул айтылып жаткан боло турган Курултай, митингдерге тийешеси бар деп турамын, ал эми РУсский репортерду билебиз акча берсен Бен Ладенди да мактап жазып чыгат, АКШны колдоп, алардын оюунуна аралашып жаткан экс чондорубузга кыргыз элинин тагдыры, жашоосу 1 тыйын экени билинип калды, окунучтуу(((
0
Amatov
2013-08-20 11:05:06
STALKER- Сен эн туура айтып жатасын,акча берсе РОСБАЛТ кимди болбосун жомоктогудай каарман кылып жазып берет.Ал эми азыр АКШ жагын колдоп жатканы билинип турат.АКШ базасын Кыргызстанда калтырыш учун баардык жолго барышы мумкун.Бул айтылып жаткан,Туркия АКшнын баазасынын оордуна келет деген жон гана ушак,куру соз.
0
Nurlan1
2013-08-20 12:56:26
ушунун баарына акаев куноолу болбосо бкыргыз ели бул даражага жетмек емес бир жолу кечирим сурачы кыргыз елинен
0
kaniet
2013-08-20 15:26:29
АКш кетсе Туркиянын базасы келет экен да анда. А эмне айырма? Же кимдир бироонун кызыкчылыгына келет бекен?! Анда Ошко Кытайдыкын, Жалалабатка Манас аэропортун, которуш керек .
0
kg_8787bk
2013-08-20 16:34:20
жакшы экен АКШ кетсе АКШнын он колу болуп турктордуку келсе алакандай кыргызстанды ойнототку тимеле((((((((((((
0
talantbektegin
2013-08-20 22:18:40
жаман да тундук туштук болсо да кыргызга кыргыз куйот,бирдеме болсо карапайым кыргыздын шору катат,калгандары сырттан кулуп канан турушат ынтамакта бололу жок дегенде карапайым кыргыз эли
+2
vasitbek
2013-08-20 23:28:50
Биздин чондорубузду суйлотуп,бири-биринин кемчилдигини тааптырып эле койсо болду.Мамлекеттин келечегини ойлошпойт .
0
madina.00
2013-08-22 22:20:24
Акаев туура айтат аны эл эмес АКШ кубалап берди,а Бакиевди Россия кубалады. Эми Атамбай президентибиз кантээр экен, Турция деген АКШ менен оноктош, кантсе да эл шорлобосо болгону булардын кесиринен...
+1
Kg_boy91.91
2013-08-24 14:29:49
биз көз карандысыз экенибиз эсиңердеби? так що,киргизбей эле койгон дурус го
0
Kg-Kg
2013-08-25 16:45:11
Салам,эптеп АКШ чыгарып жатса,Турциянын эмн кереги бар,бизге кочуп келип жатканы билинбей атабы?Атамбаевдин баласы турцияда окууса,базасын киргизсе эртенки куну эмне болот?Палитика бири -биринин жолун кайталап атышат.Оз жери учун куйбосо анда Кырыгыз жеринен чыгып кетишсин!!Ким макул десе!!!!Манас-кыргыз элин жыйнап журт кылган ,азыркылар акча жыйнап кыргыз жерин саткандар!!!!!!!!
0
Kg-Kg
2013-08-25 16:49:22
салам,акш кетип атса,эмне кереги бар турциянын базасы,же балдары турцияда окууса базасын киргизиш керек бекенби?бири-биринин жолун кайталап атышат.манас-кыргыз элин жыйнап журт кылган,азыркылар акча жыйнап кыргыз жерин сатышкандар...
0
Kg-Kg
2013-08-25 16:51:10
Кыргыз элине кандай президент керек деген суроо пайда болот ??
0
chuba-migrant
2013-08-25 20:44:53
Туура айтасынар, Эсин барда Этегинди жый деген соз бар кыргызда, Туркия келсе эч айырма жок, Биздин урматтууларыбыз президент. Жогорку кенеш акылдууу адамдар билебиз туурабы, Бираз да болсо ойлонуп койсонор, акча учун мекенинди элинди сатып, башка улутка тебеленди кыласынарбы, Менин оюмча Россия менен эле биргелешип бир чон базасын куруш керек, сураган акчаны деле беришет туркиядан эки эсе кылып, Урматтуу Супер инфо, сиздерге суроо, ушундай карапайым калктын ой пикирин президенткеби ЖКи жетеби,
0
acer11
2013-08-26 10:24:11
chuba-migrant,(карапайым калктын ой пикирин президенткеби ЖКи жетеби,) жок жетпейт эгер жеткенде жаштардын жазып жатканын окуса анда жакшы болмок.Кыскасы арманынды жазып коесун ушу
0
№ 563, 16-август-22-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан