Ильяз Андаштын «сүйлөшкөн кызым бар» деп жүргөнүнө көп болгон. Бүгүн ырчы ошол сүйүктүүсүнө ак жоолукту салынтып, күйөө статусуна ээ болуп отурат. Ильязды куш боосу менен куттуктап, кепке тарттык.
– Ильяз, куш боо бек болсун! Сүйүктүүңдү жашырып жүрчү элең. Эми толук маалымат берүүгө убакыт келди го дейм...
– Рахмат! Ооба, негизи жеке жашоо деген жеке жашоо да. Ага башкалардын аралашканын туура көрбөйм. Ошондуктан үйлөнгүчө сыр кылып турайын деп чечкем. Жубайымдын аты Сүйүү, 18 жашта. Медициналык колледждин 2-курсунда окуйт.
– Шашылыш үйлөнүп алууңа эмне себеп болду?
– Чынында, чукул арада үйлөнөбүз деген планыбызда жок болчу. Эмне болду билбейм, «жүрү, кеттик» деп эле үйүмө алып кетип калдым.
– Кантип таанышып, канча убакыт кыз-жигит доорун сүрдүңөр?
– Былтыр Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринде эс алып жүргөндө таанышканбыз. Бир көргөндө эле жакындык пайда болуп, мүнөзүбүз төп келишкен. Ошондон бери сүйлөшүп жүрчүбүз.
– Үйлөнүү тууралуу сунушту кантип киргиздиң?
– 101 роза белекке берип, «жубайым бол» десем эле макул болду. Буюрса, 17-августта туулуп-өскөн жерим Караколдо чоң той өткөрүп, элдин батасын алайын деп жатам.
– Бактылуу болгула! Үйүңөрдө тапичкелер көбөйө берсин!
P.S. Ильяздын үйлөнүү үлпөт тоюнан кызыктуу репортажды келерки сандан окуй аласыздар.