Телеалпаруучу Ассоль Молдокматова менен КРнын Кикбокс федерациясынын президенти Александр Воиновдун уулу Жан Воинов учурда АКШда жашап, белгилүү бийчилерден сабак алып, өнөрүн өркүндөтүп жаткан кези. Ал эле эмес, мекенинин желегин желбиретүүнү да унутта калтырбай келет.
Жан 11-августта Лас-Вегаста өткөн бүткүл дүйнөлүк бий фестивалында 2-орунду багынтып, дүйнөдөгү эң мыкты беш бийчинин тизмесине киргенин, дүйнөлүк бий таймаштарын уюштуруучулар Япония өлкөсүнө келип мастер-класс өтүп кетүүсүн суранышканын апасы кабарлады.