КОЙ (21.03-20.04)
Бул аптада чакырылбаган конок төрүңүздөн орун алат. Айрым түгөйлөр ортосундагы таарынышуу жазылат. Апта ортосунда иштериңиз ойдогудай болбой, убаракерчилик тартасыз. Бирок аракетиңиз аптанын экинчи жарымында кайтат. Ден соолукка кам көрүү максатында спорт менен алектенүү сунушталат. Ишембиде алыскы сапарга чыгасыз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Алдыга койгон максатка жетүүгө бут тоскондор болот. Чыйрак болуңуз, ошондо ийгилик сиз тарапка оойт. Шейшембиде достор арасында жагымдуу жолугушуу өтөт. Байкаңыз, бойдокторго түгөйлүү болуп калуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Дем алыш күндөрү той, мааракелер менен коштолот. Ушул күндөрү этият болбосоңуз, ден соолугуңуз начарлап, эски илдетиңиз козголушу мүмкүн.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптанын башында түшкөн чакыруулардан, сунуштардан баш тартканыңыз оң. Көрө албаган бирөө сизди өз кызыкчылыгы үчүн пайдалангысы келет. Аларга убакыт коротпостон, башка жумуш менен алектениңиз. Жума күнү ишиңиздеги катачылыктан жапа чегип, маанайыңыз түшүшү ыктымал. Эс алуу күндөрүн үй-бүлөңүз менен өткөрсөңүз, бул маселени оңой жеңесиз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Чечкиндүүлүк менен аракет кылсаңыз, бүтпөй келген иштерди соңуна чыгарасыз. Чечим кабыл алууда өзүңүзгө пайдалуу жагын карап, башкалардын оюна кулак салбаңыз. Бейшембиде эски сүйүүнүн оту кайрадан тутануусу күтүлүүдө. Куру намыстын айынан бактыңызды колдон учуруп жибербеңиз. Жекшембиде жол жүрүүдө этият болуңуз, ден соолугуңузга зыян келүү коркунучу бар.
АРСТАН (23.07-23.08)
Жалкоолук жана кайдигерлик ишиңизди артка тартып коёт. Сүйүү жаатында айрымдар түгөйү менен кол үзүшүп калуу коркунучу бар. Шейшембиде акчаңызга сак болуңуз. Иште жаралган маселеге көңүл чөгөрбөңүз, убакыт өзү чечет. Жекшембиде жеке жашооңузга байланышкан маанилүү чечим кабыл алууга туура келет. Жаңылып калбаш үчүн ички туюмуңузду угуңуз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бир катар майда маселелер чыгат. Аларды өз убагында бүтүрүүгө тырышыңыз, болбосо чоң тоскоолдукка айланат. Аптанын экинчи жарымында акча маселеси жаралышы мүмкүн. Ага карабай бейшембиде таарынышып жүргөн жакыныңыз менен жарашасыз. Окуяга бай апта өз соңунда сизди бир кыйла чарчатары анык. Андыктан эс алууга убакыт таап, таза абада мээңизди сергитип алыңыз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Каржылык абалыңызды жакшыртуу үчүн тобокелчиликке барууга туура келет. Өтө кылдат болбосоңуз, зыян тартып калуу коркунучу бар. Жаңы жүздөр менен баарлашып, бирөөлөр менен ынак мамиле курушуңуз күтүлөт. Ашыкча акча коротпогонго аракет жасаңыз. Себеби аптанын аягында капчыгыңыз бошоп, түпөйүлгө түшүшүңүз ыктымал.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Жаңы идеяларды ишке ашырууга бел байлаңыз. Андан пайда таап, материалдык абалыңыз чыңдалат. Үй-бүлөдө улуу жана кичүү муундар арасында тартышуулар күтүлөт. Ага карабай бул апта жан дүйнөңүзгө жагымдуу болот. Себеби сүйүү сезими туйлап, түгөйүңүз менен таттуу жолугушууга түртөт. Дем алыш күндөрүн эс алууга арнаңыз.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Күтүлбөгөн окуя жашооңузду жакшы жагына бурат. Бирок орун алган окуяга маани бербесеңиз, тагдыр буюрган белек колуңуздан учуп кетиши ыктымал. Жакындарыңыздан жардам суроодон тартынбаңыз. Алардын колдоосу туура нукка сала алат. Апта соңунда эс алуунун ордуна үй иштери менен алектенүүгө туура келет.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Дүйшөмбүдө талаштуу маселелерди чечүү менен алек болосуз. Чырга себепчи болбоюн десеңиз, сабырдуу болуңуз. Шаршембиде чыгармачыл чөйрөдөгүлөрдү ийгилик коштойт. Жетекчилик тараптан эмгегиңиз бааланып, кошумча киреше түшүшү күтүлөт. Аптанын соңунда жеке жашоого байланыштуу олуттуу чечим кабыл алууга туура келет.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптанын алгачкы күндөрүндө жаңы иш баштабаңыз. Жыйынтыгы ойлогондон тескери жакка кетиши мүмкүн. Шаршембиде жакыныңыздын жагымсыз ишке барганынан улам көңүлүңүз түшөт. Мындай учурда маселени бир пикирге келүү менен чечкенге аракет жасоо керек. Ишемби, жекшемби күндөрү табият койнунда тынч эс алганга аракет кылыңыз.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Бул аптада эсте каларлык деле окуя болбойт. Карызы барлар карызынан кутулуп, убадасын аткарууга мезгил жетти. Апта ортосунда кубанычтуу кабар угасыз. Сүйүктүүңүздүн астында кетирген катаны моюнга алып, убагында кечирим сурап калыңыз. Бул кадамдан сиздин келечегиңиз жана жеке бактыңыз көз каранды. Апта соңу сейилдөөгө ылайык.