Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 2013-жылы 6 ай аралыгында өлкөдө 58 адам сууга чөгүп каза тапкан. Алардын көбүнчөсү Чүй облусунан сууга чөгүшкөн. Статистикага үңүлсөк:
ӨКМнын кызматкерлеринин пикиринде, сууга чөгүүгө адамдар көбүнчө сууда сүзүү эрежелерин сактабагандыктан же аны билбегендиктен улам кабылышат. Кээ бир адамдар сууга чөгүүгө өздөрү түрткү болушат. Мисалга алсак, эс алууга, балык уулоого келгендер көбүнчө мас абалында сууга түшүшөт, ошол абалында катамаран, кайык, скутер айдашат. Же адам жок жерге, коюлган чектен ары сүзүп кетишет да, кырсыкка учурашат. Мындай учурларда куткаруучулар убагында жардам бергенге үлгүрүшпөйт. Чөгүп жаткан адамга 3-5 мүнөт ичинде жардам болбосо, ал адам өпкөсүнө суу толуп, өлүмгө учурайт.
Сууга чөгүүнүн алдын алуу үчүн чараларды көрүү максатында ӨКМга караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору (Суучулдар кызматы) 3 жылдан бери ар кандай иш-чараларды жүргүзүп келишет. Үстүбүздөгү жылы да Суучулдар кызматы КРнын Өкмөтүнүн «КРнын суу объектилеринде адам өмүрүн коргоонун эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында эс алуучу жайлардын, пансионаттардын, лагерлердин жана башка ушул сыяктуу мекемелердин өкүлдөрүнө семинарларды өткөрдү. Ошондой эле жыл сайын туристтик сезонго даярдык көрүү багытында Чолпон-Ата шаарында куткаруучуларды окутуп даярдашат.
Быйыл айыл өкмөттөрдүн суранычы менен Ысык-Көл облусунун кээ бир айыл өкмөттөрүндө окуулар өттү жана азыркы күндө 51 эс алуу жайларын куткаруучулар менен камсыз кылды. Бирок көл боюндагы 70 пансионатта али да болсо куткаруучу жок. Себеби көп жеке пансионаттардын өзүнүн пляждары жок же ижарага берип коюшкан. Көпчүлүк учурда адамдар куткаруучусу жок пансионаттардан сууга чөгүшөт. Белгилеп кетүүчү нерсе, быйыл куткаруучусу бар пансионаттардын биринде гана 1 адам чөккөн. Анткени чөккөн адам мас абалында чектен алыс сүзүп кетип, анын жабыркаганын куткаруучулар кеч көрүп калышкан. Суучулдар анын сөөгүн бир күн издеп, 20 метр тереңдиктен таап чыгып, туугандарынын колуна тапшырышкан.
«СУУЧУЛДАРГА ШАРТ ТҮЗҮЛГӨН ЭМЕС»
Мындай окуялар Чүй облусунда көп катталууда. 2013-жылдын 28-июль күнү Бишкек шаарындагы Сорока көлүнө 1990-жылы туулган Жеңишбек Үсөнов аттуу жаран чөгүп кеткен. Ал каргашалуу күндү маркумдун жакын досу, тууганы АЗАТ ТЕМИРБЕК УУЛУ төмөнкүдөй эскерет:
– Жеңишбек ал күнү саат 4-5терде барып сууга түшүп жаткан экен. Чөгүп кеткенин мага кечки саат 7лерде кабарлашты. Барсам суучулдар аны издеп жатышыптыр. Таппай койдук, суу ылай. Досум көлдүн аркы бетине сүзүп барып, кайра берки өйүзгө сүзүп келе жатканын бир балыкчы көрүптүр. Анан досум кыйкыра баштаптыр. «Кыйкырганда неге барып жардам берген жоксуз?» деп сурасам, ал «Бул жакка адамдар көп келишет. Анан мас болуп алып ушинтип кыйкыра беришет же кээде тамашага салып кишини шакаба чегишет. Мен да алардын бирөөсү окшойт деп ойлогом» дейт. Ошондо адамдардын көңүл кош мамилесине нааразы болдум.
Куткаруучулар убагында эле келишиптир. Мамлекет аларга шарт түзүп берип, көңүл бөлүп койсо кана?! Алардын куткаруучу шаймандары жетишсиз, ылай сууга түшө алышпайт экен. Жадакалса суучулдардын өздөрүнүн сууга түшчү баллондору жок экенин айтышты. Мамлекет аларды жакшылап караса, карапайым элге эле жакшы болмок.
Досумдун сөөгүн эртеси таптык. Ал эми адамдар, өзгөчө жаш балдар суу сактагычтарга, ылай көлмөлөргө адамдар көп чөгүп жатканын угуп-билишсе деле барып түшө беришет экен.
Кудай да сактанганды сактайт эмеспи. Анын сыңары, адам баласы кырсыктардын алдын алуу үчүн сууда сүзүүнүн эрежелерин сактап, өмүрдүн кымбат экенин эсине түйө жүрсө жакшы болмок.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg