Асел Турдалиева:«КЛИП ТАРТЫП ДОСТУГУБУЗДУ ДАГЫ БЕКЕМДЕДИК»
Клиптин аталышы – «Кыргызстан» Клиптин идеясы – Аткаруучулар Айчүрөк Иманалиева, Асел Турдалиева, Алина Жетигеновага таандык Режиссёру – Эрнис Сыдыков
АЛИНА ЖЕТИГЕНОВА: – Бул ыр Айчүрөккө таандык. Ал тургай ырга клип да тарттырган. Ыр Асел экөөбүзгө жагып, анан үчөөбүз кеңешип мыкты клип тартууну чечтик. Жалпысынан тартуу иштери 4 күнгө созулуп, Суусамырдан, Ысык-Көлдөн, борбордогу тик учактар учуучу аянттан тартылды. Башкы ролду, албетте, үчөөбүз ойнодук. Сюжет аркылуу кыргыздын кыздары чыгаан, таланттуу, ат десе атты чапкан бийкечтер экенин ачып бергибиз келди.
АЙЧҮРӨК ИМАНАЛИЕВА: – Албетте, тартуу иштери кызыктуу окуяларга бай болду. Клипте үчөөбүздүн ат чапкан жерибиз бар. Канчалык аракет кылбайлы, калтырап-титиреп деги эле ошол эпизодго тартыла албай койдук. Айылда өскөнүбүз менен, Аселден башкабыз ат мине албайт экенбиз. Анан эмне кылмак элек, бизге аттарын берген жаш балдарга көйнөктөрүбүздү кийгизип тарттык. Ошондо режиссёр Эрниске «көйнөктөрүнүн шамалга сеңселгенин жакындан, бутунан бери тартчы» десем ал «балдардын буту капкара экен, көргөн эл «Айчүрөктүн бутуна эмне болгон?» дебейби» деп боорубузду эзди. Укканыбызга караганда, бизге дүрбү менен көз салып турган айыл тургундары «артисттер калп эле наздана беришет турбайбы, көрсө, атты укмуш эле чабышат тура» деп таңданышыптыр (күлүп). Клипте тик учак менен тартылган жерибиз бар. Кадимкидей аскер кийимдерин кийдик. Ошол жерин тартарда аянтка бир аз кечигип барып калыптырмын. Барсам, Асел менен Алина тың өздөрүнө ылайыктуу өтүк тандап алып, мага эң чоңун калтырып коюшуптур. Оордугун айтпа, бутумду көтөрүп баса албайм. Тигилер болсо «сонун эле сонун, чоң көрүнгөн жок» деп мени жоошутуп коюшат.
АСЕЛ ТУРДАЛИЕВА: – Бул ыр үчөөбүздүн Эгемендүүлүк күнүнө карата элибизге арнаган белегибиз. Дагы бир максатыбыз – азыркы өсүп келе жаткан чыгармачыл жаштарга сабак болсун, аларга ыйык сахнада атаандашуудан мурда биримдик болуш керек деген ойду жеткирели дегенбиз. Бул клипти тартуу менен бирге үчөөбүздүн достугубуз мурдагыдан да бекемделди, жан дүйнөбүз жагымдуу эмоцияларга толду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (67)
Nurzada88
2013-08-20 20:35:00
Ийгилик сиздерге! Клипти чыдамсыздык менен кутобуз.
0
mahabat.
2013-08-20 22:18:26
идея жакты бирок динара эжени кошуп койсонор болмок.ошондо гана комплект болмок....
0
azia9393
2013-08-21 01:11:36
жаш кездеринде да манилуу тасирдуу ырларды ырдакан азыркыларга окшобой азыр деле жаштардан калбай келе жатышат клибинерди чыдамсыздык менен кутобуз))
0
sobr_89kG
2013-08-21 02:32:33
Эжэкелерибиз бир жашаралы дэгенго...
0
akkuu2013
2013-08-21 08:46:18
асел эже сиз мыктысыз алгааа. коп жерде озунуздун тындыгынызды корсотосуз урматтайбыз сизди азаматсынар.
0
erlanbek
2013-08-21 15:12:13
убагында Айчурок мега звезда болгон
кийин эле очуп эч кимге жакпай калды.
Бакиев келди башыма бак конду, деп кимиси айтты эле эсимен чыгыпатат.
0
meerkan52
2013-08-22 14:38:17
Ыр менен суйуу жашка карайбы? Орун бошот дегендерге жол болсун. Сен да улгаясын, ошондо ойлонсон окуносун. Улгайганын эле жектей берген урмат-сый болчу беле. Мейли токсонго чыксын, уну болсо ырдай берсин, анын да озунун угарманы болот.
0
alibekova94
2013-08-22 14:51:49
аябай соонун чыгыптыр ! мага жакты ушундай ыр клиптерден кобуроок болсо соонун болмок! иштерине ийгилик каалайм! биздин гордость ! жагат учобу тен!
0
kaniet
2013-08-22 16:25:03
Бул ырын уктум уч эжекебиздин, мен учоону тен терен урматтаймын, бирок ырынар жакшы чыкпаптыр, оранжировка начар, ун жазууда кемчиликтер бар, жон эле катардагы ырлардай эле болуп калыптыр, мындай ыр менен жаштарга таалим бере албайт ко булар.Бул менин оюм.
0
Gulzada91
2013-08-23 16:27:44
Клиби мага аябай жакты айрыкча ат мингендери жакшы ийгилик!
0
Damir Muhambetovich
2013-08-23 18:29:01
клиптин мазмуну жакшы бир гана ысык-колдон тартылган жеринде Елена дегени болбосо эле анын оордуна Кыргызстан деп жаза турса деле болмок
0
kopush
2013-08-27 01:12:17
мага ото жакты. музыкасы, аранжировка, созу эн бийик денгелде. Клип болсо супер болуптур. Айчурок айым учурунда мегазвезда болсо, азыр гигазвезда болду, профи. Озундун оюнду тар журогун ичинде калтырып койчу. Сага жакпаса элге, бизге жагат.Айдаганын уч эчки, Ышкырыгын таш жарган чон кыз эрланбек сени баарыбыз билебиз. Андыганын Айчурокпу кыларга башка ишин жокпу же.баса кайрымдуулугун эмне болуп жатат? Айчурок Алина Асель сиздер азаматсыздар!!!!!!
0
Lady555
2013-08-29 16:15:20
Динара, Гулнур, Роза эжекелерибиз эле жетишпей калыптыр! Клип сонун экен, сыймыктануу менен кордум!
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.