Акыркы мезгилде автоунаа абдан көбөйүп, жол кыймылында көйгөйлүү маселелер көп жаралууда. Кандай гана унаага түшпөйлү, жүрөгүбүздү оозубузга тиштеп, келмебизди айтып жатып көздөгөн жерге тозок менен жете турган болдук.
Ушул жумада Нарын-Баетов унаа жолунда болуп, 4 окуучу ошол жерден мүрт кетсе, дагы бири ооруканада көз жумду. Ал эми унааны башкарып бара жаткан окуучу ооруканада...
«АЗЫК-ТҮЛҮКТӨРҮНӨ КАРАГАНДА, ЭС АЛУУГА БАРАТЫШКАН»
Кырсыктан каза тапкан жана жаракат алгандар Нарын шаарындагы Арстанбек Буйлаш уулу атындагы №8-орто мектебинин 10-классынын окуучулары экени аныкталды. Бул кырсык боюнча иликтөө иштерин жетектеген Нарын ОИИБинин Жол-кайгуул кызматынын башчысы БАКТЫБЕК КАСЫМОВ төмөндөгүлөрдү баяндап берди: – Кырсык 12-августта саат 12:00 чамасында Нарын-Баетов унаа жолунун 19-чакырымында болгон. Нарын шаарынын тургуну Н.Абдраевге таандык Фольксваген Гольф-2 үлгүсүндөгү жеңил унааны 1997-жылы туулган Урмат Таалайбек уулу күн чыгыштан күн батышты көздөй башкарып бара жатканда кырсыкка учураган. Унаада айдоочудан сырткары жүргүнчүлөр Айбек Абдыталип уулу, Тилек Сталбек уулу, Аскат Бакыт уулу, Адилет Таалайбек уулу жана Кайрат Замирбек уулу болгон. Айдоочу Урмат Таалайбек уулу жана Кайрат Замирбек уулунан башкалары оор жаракаттан улам кырсык болгон жерде каза табышкан. Ал эми Урмат Таалайбек уулу жана Кайрат Замирбек уулу Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын сынык-жаракат таңуу жана жандандыруу бөлүмдөрүнө жеткирилген. Учурда бул боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Машинанын ээси Н.Абдраев автоунааны башкарып бараткан окуучунун таякеси. Анын берген көрсөтмөсүнө караганда, үйдөн автоунаанын ачкычын жээни көрсөтпөй алып кеткен. Унаадагы азык-түлүктөргө караганда, эс алууга баратышканын баамдоого болот. Эреже боюнча, адамдар каттамы жок жерлерде саатына 80 же 90 чакырым ылдамдык менен гана айдоого уруксат. Кырсыкка учураган унаа болжол менен саатына 120-130 чакырым ылдамдыкта баратып жолдун сол тарабына чыгып кеткен. Машинаны башкарып бараткан өспүрүм кыймылды жөнгө салуу аракетинде рулду буруп жиберип, жол жээгиндеги бакка арткы оң эшиги менен урунуп, машина экиге бөлүнүп калган. Натыйжада арткы орундуктагы төрт жүргүнчү ошол жерден эле көз жумган. Жолдун бети түз, асфальтталган жана туурасы 5 метр 90 сантиметр болгон. Бул жерде айдоочу жол эрежесин сактабай одоно бузгандыктан, кайгылуу кырсык болуп отурат.
«АЙДООЧУЛАР, АБАЙЛАГЫЛА!»
– Жалпы эле айдоочулар эске алышса дээр элем. Мындай кайгылуу иштер көп болууда. Ар бир ата-эне, ар бир адам автоунаанын көбөйгөнүн жана жол кырсыктарынын байма-бай катталып жатканын эске алып, жашы жете элек балдарга автоунаа башкарууга уруксат бербесе. Ар ким өзү үчүн жол эрежелерин сактоого чоң маани беришсе жакшы болор эле. Жол эрежелерин сактоо жалгыз эле МАИ кызматкерлери үчүн керек эмес. Алар бардык жерде жол кыймылын көзөмөлдөөгө жетишишпейт.
УНААНЫ БАШКАРГАН БАЛА ООРУКАНАДА
Кырсык болгондон 2 күн өткөн соң Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жаткан Кайрат Замирбек уулу да өзүнө келбей каза болду. Дарыгерлер болгон күч-аракетин жумшаганы менен, Кайрат кырсыктан алган оор жаракаттан улам көз ачпай кете берди.
Оорукананын сынык-жаракат таңуу бөлүмүнүн дарыгер-травматологу Жумабек Маматбеков унааны башкарып бараткан окуучунун абалын мындайча билдирди: «Дарыланып жаткан Урмат Таалайбек уулунун абалы жакшы, баш мээси чайкалган. Денесинде сынык жок. Абалы турукташып, жакшы болуп калды, 10 күндүк дарылануудан кийин аны үйүнө чыгарабыз».
Учурда бул факт боюнча Нарын РИИБинин тергөө бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 3-бөлүмү (транспорт каражаттарынын кыймыл жана пайдалануу коопсуздугунун эрежелерин бузуу, бир нече адамдын өлүмүнө алып келсе) боюнча кылмыш ишин козгогон. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Айдоочу соо абалда болгонбу же жокпу, ал экспертизанын жыйынтыгында билинмекчи.
Айдоочулар жеке өзүнүн кызыкчылыгын ойлобостон, жанында өзү менен кошо бараткан бир нече жүргүнчүнүн өмүрү үчүн да жооптуу экенин эсине чыгарышпаса дейбиз.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg