3 АДАМ СУУ КАПТАГАН ШАХТАДА КАЛДЫ

Баткендин Самаркандек айылында шахтада көмүр казып жаткан 3 адамды суу басып калган. Учурда аларды куткаруу иш-чаралары жүрүп жатат, азырынча көңүл жубатарлык жыйынтык жок.

СУУНУН ТӨРТТӨН БИРИ ГАНА СОРДУРУЛГАН
13-августта Самаркандек айылына жакын жердеги көмүр кенине 5 киши өз алдынча көмүр казууга түшкөн. Алар түшкөндөн көп өтпөй, саат 14:00 чамасында катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, бул көмүр кенин суу басып калган. Шахтанын ичине суу кире баштаганда 5 кишинин экөөсү качып чыгып, айылга кабар берип, куткаруу иштери башталган. Шахтадан айылга чейинки аралык 15 чакырым болгондуктан, кабар жеткирүүгө көп убакыт кеткен. Куткаруу иштери кечки саат тогуздарда башталып, куткарууга тартылган 100дөй киши азырынча шахтага толгон сууну сордуруу менен гана алек. Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы ИСЛАМБЕК МИСИРАЛИЕВ колдон келген аракетти жасап жатышканын билдирди:
– Маалымат түшөрү менен куткаруу иштерин баштадык. Азыр жер алдына топтолгон сууну сордуруп жатабыз. Азырынча натыйжасы кандай болорун айтуу кыйын, анткени суу көп топтолуп калган. Бир сутканын ичинде 20 метрден ашыгыраак тереңдиктеги гана сууну сордуруп алдык. Шахта 80 метр тереңдикте экенин эске алганда, дагы 60 метрдей тереңдиктеги сууну сордуруу керек. Ушу тапта шахта ичиндеги сууну 3 насос менен сыртка сордуруп жатабыз.

«ЖАБЫЛГАН ШАХТАЛАРДЫН БААРЫН КӨЗӨМӨЛДӨЙ АЛБАЙБЫЗ»
Самаркандек айыл аймагынын башчысы КЕҢЕШ САЛИХОВ буга чейин жабылган бардык шахтаны карап туруу мүмкүн эмес экенин айтат.
– Былтыр күздө Самаркандек айыл округунун аймагында коопсуздук талаптарына жооп бербеген 20 чакты шахта жабылган. Ошолордун катарында Сары-Таш коктусундагы ушул шахта да жабылган. Бирок минтип тоо арасындагы биз көзөмөлдөй албаган жайларга адамдар өз алдынча келип иштеп жатышат. Көзөмөлдөгөнгө аракет кылып жатабыз, бирок баарына жетише албайт экенбиз. Биз көбүнчө күз айларынан тарта көзөмөлдөй баштайбыз. Жай мезгилинде эч ким көмүр казганы келчү эмес эле.

«Коопсуздук деп эле отура берсе, биздин үй-бүлөбүздү ким багат?» дейт айыл тургуну САЙИТ ОРОЗАЛИЕВ.
– Айылда иш жок. Көмүр казуу менен көпчүлүк үй-бүлөлөр жан багышат. Өз коопсуздугун ойлоп, «шахтага кирсем болбойт» деп жата берсе, үй–бүлөсүн ким багат? Ачка отура беришпейт да. Көр тирилик деп ушундай иш менен алектенишет да. Суу астында калган балдар үй-бүлөлүү адамдар. Бийлик тараптан «Карапайым эл кантип, эмне кылып жашап жатат?» деген бирөө жок. Жер астында көмүр бар жерлерди таап казып жан багышат.
Суу астында калгандар 36 жана 22 жаштагы бир туугандар Сатар Абдрахманов, Тажыбай Абдрахманов жана Баткен шаарынын 36 жаштагы тургуну Бакыт Айдаров экендиктери аныкталды. Алардын бир туугандары да эл менен кошо алып чыгууга көмөктөшүүдө. Учурда шахтада калгандардын абалы белгисиз.

Бегайым Тажибай кызы
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Azamatnur
2013-08-19 13:50:52
Кандай жыйынтык чыкканын качан жазасынар???
0
Aizat_1991
2013-08-22 14:19:00
Сактыкта кордук жок деген кепти эске ала журсок.
0
kristiano
2013-08-22 15:45:27
Самаркандектен ким бар, табылдыбы калгандары?
0
№ 563, 16-август-22-август, 2013-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан